Роя гезити

Трамп жана анын үстөмдүк саясаты теория менен практика ортосунда

Трамп жана анын үстөмдүк саясаты теория менен практика ортосунда

Эл аралык мамилелердеги үстөмдүктүн туруктуулугу теориясы саясий илим, экономика жана тарых тармактарында тамыр жайган теория болуп эсептелет. Бул теорияга ылайык, белгилүү бир мамлекет дүйнөлүк үстөм күч болгондо, эл аралык система туруктуулукка жакын болот. Бул теорияны биринчи болуп Чарльз Пирс өзүнүн «Дүйнө кризисте» (1929–1939) аттуу китебинде сунуштаган.

2004-жылы белгилүү саясат таануучулар Жеймс Фирон жана Дэвид Лейтин мындай деп жазышкан: «АКШ азыр дүйнөлүк башкаруунун белгилүү бир формасына карай жылууда».

Алар мурда көңүл сыртында калган тиешелүү келишимдерди кайра карап чыгып, камкорчулуктун жаңы формасын кабыл алуу керек деген жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле Стивен Краснер мындай деп жазган: «Эгер биз кыйраган мамлекеттерди жана жаман башкарууга ээ өкмөттөрдү өз эркине койсок, алар өздөрүн оңдой алышпайт, анткени алардын административдик мүмкүнчүлүктөрү чектелүү».

Саясий деңгээлде болсо, Иракка каршы согуштан кийин Жорж Буш АКШнын үстөмдүгүн көрүп, Конгресстеги белгилүү сөзүндө жаңы дүйнөлүк тартипти жарыялаган. Бул сөз эл аралык аренадагы америкалык үстөмдүктүн белгилерин көрсөттү. Айрымдар үстөмдүк саясатынын башталышын президент Рейгандын стратегиялык коргонуу демилгесин жарыялашы менен да байланыштырышат. Бул демилге «Жылдыздар согушу» деген ат менен белгилүү болгон.

Өткөн кылымдын 1990-жылдарынын аягында «Жаңы америкалык кылым долбоору» деп аталган концепция пайда болду. Анда: «Эгер америкалык күч туура колдонулса, ал эл аралык системаны демократия үлгүсүндө кайра түзө алат», — деп айтылган.

Бул долбоорго Жорж Буш кичүү өзүнүн тышкы саясатында таянган. Ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин белгилүү сөзүн айткан: «Биз менен болбогондор — бизге каршы».

Ал эми Трамп президенттикке келгенден кийин, үстөмдүк саясатынын толук көрүнүшүн ачыктады. Ал бир басма сөз жыйынында төмөнкүлөрдү айтып коркуткан:

— Панама каналын күч колдонуп өзүнө кошуп алуу;

— Гренландия аралын аннексиялоо;

— Мексика булуңунун атын өзгөртүү;

— Канадага каршы экономикалык күч колдонуу;

— Жакынкы Чыгышты тозокко айлантуу.

Мындан тышкары, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сенаттагы угуусунда Трамп мурунку президенттер түзгөн дүйнөлүк тартиптен кантип баш тартканын ачык түшүндүрдү. Ал мындай деди: «Согуштан кийинки дүйнөлүк тартип эскирип гана калган жок, бүгүн ал бизге каршы колдонулуп жаткан куралга айланды». Ал ошондой эле эрежелерге негизделген эл аралык система жалган божомолдорго негизделгенин айтып, ошондуктан андан баш тартуу зарыл болгонун билдирди.

Мына ушул өңүттө Германия канцлери, Франция президенти жана Канада премьер-министри да Трамп эл аралык системаны кыйратууга аракет кылып жатканын тастыкташты. А түгүл саясатчылар менен талдоочулардын көпчүлүгү жаңы эл аралык тартип АКШнын абсолюттук үстөмдүгүнө негизделген система болуп калыптанып баратканын белгилешет.

Трамп көп күттүрбөстөн үстөмдүк саясатын бардык тармактарда ишке ашыра баштады. Экономикалык жактан ал Булуң өлкөлөрүнөн триллиондогон долларларды тартып алды, бардык өлкөлөргө, анын ичинде өз союздаштарына да бажы салыктарын киргизди. Ошондой эле Украинадан, Тайвандан жана башка өлкөлөрдөн сейрек кездешүүчү минералдарды алууну талап кылды.

Саясий жактан ал ондогон эл аралык уюмдардан, анын ичинде БУУга караштуу уюмдардан чыгып кетти. Ошондой эле «Тынчтык кеңеши» түзүлгөнүн жарыялап, муну менен Бириккен Улуттар Уюмун айланып өтүүгө аракет кылды. Ачык кийлигишип, Иракта Нури ал-Маликинин премьер-министр болуп дайындалышына каршы чыкты жана Сирия президенти Ахмад аш-Шараны өзү дайындаганын ачык билдирди.

Аскердик жактан ал 1948-жылдан бери өчпөй келген жихад отун өчүрүүгө аракет кылып, Газа секторун кыйратууга катышты. Тарыхта биринчи жолу Венесуэла президентин уктоочу бөлмөсүнөн уурдап кетишти. Ал Гренландияны күч менен болсо да ала турганын жарыялады жана Колумбия менен Мексиканы басып кирүү менен коркутту. Андан кийин кайрадан Жакынкы Чыгышка кайтып келип, Иранга сокку урууда.

Иранга сокку уруунун түздөн-түз максаты аны алсыратуу болсо да, үстөмдүк теориясы менен салыштырганда, чыныгы максат Жакынкы Чыгышты толугу менен көзөмөлдөө экени көрүнөт. Бул болсо Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин кайра бөлүштүрүү теориясынын «атасы» деп эсептелген Бернард Льюистин сөзүнө таянат. Ал мындай деген: «Ким дүйнөнү көзөмөлдөөнү кааласа, ал Жакынкы Чыгышты көзөмөлдөшү керек».

Жакынкы Чыгыш геосаясий жактан дүйнөнүн жүрөгү болуп эсептелет. Ошол эле учурда ал акыйда жагынан Ислам үммөтүнүн соккон жүрөгү болуп саналат. Анткени аны жерге бекем тамыр жайган, бутактары асманга жеткен бекем акыйда бириктирип турат. Мына ушунун өзү Батыш саясатчылары үчүн коркунуч жана тынчсыздануу булагына айланган. Бул тууралуу айтылган изилдөөлөр, макалалар жана билдирүүлөр абдан көп. Мисал катары айрымдарын гана келтирсек болот.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр британ изилдөө борборунда өткөн конференцияда мындай деген: «Саясий Ислам, мейли акыйда жагынан болсун, же зомбулук жагынан болсун биринчи даражадагы коопсуздук коркунучу болуп саналат. Эгер аны көзөмөлгө албасак, ал бизге келип жетет».

Америкалык талдоочу Стивен болсо мындай дейт: «АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарын ишке ашыруунун эң жакшы жолу — аймакты майда мамлекетчелерге бөлүп, аларды Вашингтон менен тыгыз коопсуздук байланыштарына жана кызыкчылыктарга байлоо».

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да мындай деген: «Бүгүн биз туш болгон эң чоң коркунуч Исламды жашоо тарикаты жана турмуш манхажы катары кабыл алган адамдар».

Ал эми Жорж Буш кичүү мындай деп айткан: «Мусулмандардын максаты — бир мамлекетти куруу. Бул мамлекет адамдарды өзүнө тартып, аймактагы бардык режимдерди кулатып, Испаниядан Индонезияга чейин созулган исламий негиздеги империяны түзөт».

Батыш үммөт биримдигинин коркунучун илгертен эле түшүнгөн. Ошондуктан ал үммөттү майда мамлекеттерге бөлүп, аны чачыратуу үчүн аракет кылып келген жана азыр да алардын ортосуна фитнанын уруктарын сээп жатат. Бирок Аллах Таала бизди биримдикке чакырып, мындай деген:

﴿إِنَّ هَٰذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾

«(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!» (Анбия: 92).

Ал эми бөлүнүп-жарылуудан жана талаш-тартыштан мындай деп кайтарды:

﴿وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Анык далилдер келгенден кийин бөлүнүп кеткен жана бир-бири менен талашып- тартышкан кишилер сыяктуу болбогула! Андайлар үчүн улуу азап бар». (Али Имран: 105).

Саясий биримдик жөн гана тандоо эмес, парз болуп эсептелет. Бул тууралуу Расулуллах ﷺ  Муслим риваят кылган хадисте мындай деген:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الآخَرَ مِنْهُمَا

«Эгер эки халифага байъат берилсе, алардын экинчисин өлтүргүлө».

Андыктан, ушул америкалык үстөмдүккө каршы туруу үчүн бир имамга байъат кылбайбызбы? Расулуллах ﷺ  мындай деген:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ».

«Чындыгында, имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Бухари жана Муслим).

Роя гезити

Хасбуллах ан-Нур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button