Басма сөз

Трамп Ислам өлкөлөрүнө каршы согушун каржылоо үчүн үммөттүн каражаттарына үчүнчү жолу кол салууга даярданууда!

Басма сөз баянаты

Трамп Ислам өлкөлөрүнө каршы согушун каржылоо үчүн үммөттүн каражаттарына үчүнчү жолу кол салууга даярданууда!

Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт дүйшөмбү, 30-март күнү президент Трамп араб мамлекеттерин Американын Иранга каршы жүргүзүп жаткан аскердик операцияларынын чыгымдарын көтөртүүгө абдан кызыкдар экенин айтты. Ал басма сөз жыйынында: «Президенттин атынан айтпайм, бирок бул пикир анын көңүлүндө бар экенин так билем», – деп кошумчалады. Бул болсо 2025-жылы бийликке келгенден бери мусулман башкаруучуларынан жүздөгөн миллиарддарды алып келген текебер Трамптан күтүлө турган, адаттагы көрүнүш болуп калды.

Бардык болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга карабастан, Трамптын Ислам үммөтүнүн каражаттарына кол салуу аракети дагы эле уланууда. Мусулмандар биринчи жана экинчи кол салууну али унута элек, алардын башкаруучулары Трампка беребиз деп убада кылган жалган экономикалык келишимдер түрүндөгү астрономиялык суммалар эки триллиондон ашкан! Эми болсо ал Ислам үммөтүнүн каражаттарын талап-тоноо үчүн үчүнчү кол салуусун даярдап жатат. Ал мусулман башкаруучуларынан Американын Ислам өлкөлөрүнө баштаган согушунун чыгымдарын алардын өз каражаттарынан каржылоо вазыйпасын мойнуна алуусун каалап жаткандыгын ачык билдирүүдөн да тартынган жок.

Ошол эле учурда Трамп мусулман башкаруучуларына эч кандай урмат-сый көрсөтпөстөн, өзүнө кызмат кылып, анын ыраазылыгынан үмүт кылган, тактыларын сактап калуу үчүн ага таянган балдардай эле мамиле кылууда. Мисалы, бир нече күн мурун ал АКШнын Майами шаарындагы инвестициялык форумда сүйлөгөн сөзүндө аларды кемсинткен, текебер тилде сүйлөп, одоно сөздөрдү колдонуп, мусулман башкаруучуларына болгон жек көрүүсүн жана кемсинтүүсүн ачык көрсөткөн.

Мусулман башкаруучулары кордук, жоопкерчиликсиздик жана кыянаттык кылууда өтө төмөндүккө түшүштү. Алар үммөттүн аброюн да, ар-намысын да, байлыгын да, жерин да сактай алышкан жок. Алар кандай жаман башкаруучулар! Үммөт алардан кутулууга канчалык муктаж! Анткени алар Ислам үммөтү жашап жаткан балээнин, алсыздыктын жана кордуктун негизги себептери болуп эсептелет. Бул абалдан кутулуу үчүн мусулмандардын армиялары пайгамбарлык минхажы негизиндеги үммөттү жетектей турган халифага байъат бериши керек. Ал халифа  Пайгамбарыздын  ﷺ сахабалары болгон Абу Бакр, Умар, Усман жана Али разияллаху анхум сыяктуу жетекчилик кылат. Ошондо гана Халифалыктын кайтышы менен мусулмандардын иззаты кайра орнойт. Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте, Пайгамбар   ﷺ айтты:

إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ، وَيُتَّقَى بِهِ

“Чындыгында, Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”.

 

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button