Трамп «Тынчтык кеңеши» түзүлгөнүн жарыялады

Трамп «Тынчтык кеңеши» түзүлгөнүн жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда «Тынчтык кеңеши» аттуу жаңы уюм түзүлгөнүн расмий түрдө жарыялап, башка өлкөлөрдү бул демилгеге кошулууга чакырды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитттин айтымында, 22-январда Трамп уюмдун негиздөөчү документине кол койгон. «Устав расмий күчүнө кирди жана “Тынчтык кеңеши” эл аралык уюм катары түзүлдү», – деди ал. Айрым сынчылар бул жаңы уюм Бириккен Улуттар Уюмунун аброюна доо кетириши мүмкүн деп эсептешет.
Форумдагы сөзүндө Трамп «Тынчтык кеңеши» алектене турган негизги тышкы саясий багыттарды атап, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурду. Башкы артыкчылыктардын бири катары Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү маселеси белгиленди.
АКШ президенти ондогон дүйнөлүк лидерлерди жаңы уюмга кошулууга чакырып, анын келечекте эң маанилүү эл аралык институттардын бири болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. «Тынчтык кеңеши»н Дональд Трамп өзү жетектейт.
Катышуу шарттарына ылайык, 1 миллиард доллар өлчөмүндө салым кошкон мамлекеттер кеңештин туруктуу мүчөлүгүнө ээ боло алышат, ал эми башка өлкөлөр кеңешке чектелген мөөнөткө кирет. АКШнын Батыштагы союздаштарынын көбү бул демилгени колдобой, Евробиримдиктин ичинен Венгрия гана катышууга макул болду. Трамптын чакыруусун кабыл алган өлкөлөрдүн катарына Албания, Аргентина, Беларусь, Египет, «Израил», Марокко, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Вьетнам кирди.




