Бейиш бактары

Туфайл ибн Амр Ад-Давсийдин коомуна кылган даъваты

Туфайл ибн Амр Адавсийдин
коомуна кылган даъваты

Абу Наим «ад-Далаилде» жазышынча, Мухаммад ибн Исхак мындай дейт: Расулулла (с.а.в) коомунун абалын көрүп, алардан насаатын аябачу жана аларды мындай абалдан кутулууга даъват кылчу. Алла Расулун Курайштан коргогон учурда, бул Курайш адамдарды жана алдына келген арабдарды Расулулла менен учурашуудан этият болууга чакыра баштады. Туфайл ибн Амр ад-Давсийдин икая кылышынча, ал Расулулла (с.а.в) Меккеде турганда Меккеге келди. Ал кадыр-барктуу жана акын адам эле. Ошондо анын алдына Курайштан бир топ кишилер келип, мындай дешти: «Эй Туфайл, арабыздагы мына бул киши иштерибизди чиелештирип, жамаатыбызды бөлүп таштады. Анын сөздөрү кудум бир сыйкырдай, кишини өз атасынан, ага-инилеринен жана аялынан бөлүп жиберип жатат. Биздин арабызга кирип калган нерсенин сага жана коомуңа да кирип калышынан коркобуз. Ошондуктан, аны менен сүйлөшпө, сөздөрүнө да кулак салба». Туфайл мындай дейт: «Аллага ант болсун, алар тынбай ушундай деп жатышты, натыйжада, ал киши менен сүйлөшпөөнү, бир да сөзүн укпоону чечтим. Жада калса, угууну каалабасам да бирер сөзү кулагыма угулуп калышынан коркуп, эртең менен мечитке киргенимде кулактарыма кебез тыгып алдым.

Бир күнү эртең менен мечитке кирсем, Расулулла (с.а.в) Каъба алдында намазда турган экен. Мен ага жакыныраак турдум. Ошондо Алла анын айрым сөздөрүн угуп калышыма жетиштирди. Мен андан ушундай бир сонун сөздү уктум деп кой, өзүмө өзүм: Ооба, энем өлсүн-ээ, акыры мен жакшы менен жаманды айырмалай ала турган акылман акын болсом, эмнеге эми бул кишинин сөздөрүнө кулак салбашым керек?! Эгер ал алып келген нерсе жакшы болсо кабыл аламын, жаман болсо таштаймын дедим.

Мен Расулулла (с.а.в)ды үйүнө кайтканга чейин күтүп турдум. Кийин артынан ээрчидим, үйүнө кирген соң, мен кирип, мындай дедим: «Эй Мухаммад, коомуңуз мага мындай деди. Аллага ант болсун, алар сиздин ишиңизден мени ушунчалык тынымсыз коркутушту дейсиз, сөздөрүңүздү укпаш үчүн кулактарыма кебез тыгып алдым. Кийин Алла сөздөрүңүздү угууга жетиштирди, мен абдан сонун сөздөрдү уктум. Ошондуктан, ишиңизди мага баяндап бериңиз, – дедим. Ошондо Расулулла (с.а.в) мага Исламды баян кылды жана Куран тилават кылды. Аллага ант болсун, мен мындай сонун сөздөрдү укпаганмын жана мындан туурараак ишти билбегенмин. Ошондо Исламды кабыл алып, чыныгы шахадат менен күбөлүк берип: Эй Алланын Набийи, мен коомум мага баш ийе турган кишимин. Мен алардын алдына кайтып, аларды Исламга даъват кылмакчымын. Коомумду даъват кылып жатканымда мага жардамчы боло турган бир аят-белгини тартуулашын сурап Аллага дуба кылыңыз, – дедим. Расулулла (с.а.в):

«اللَّهُمَّ اجْعَلْ لَهُ آيَةً»

«Аллахым, ага бир аят-белгини билдиргин», – деп дуба кылды.

Мен коомума жөнөдүм жана мени коомума анык көрсөтүп тура турган эки көзүмдүн ортосунда кудум чырактай бир нур пайда болду. Мен: Я Аллахым, бул нурду жүзүмдөн башка жерге өзгөрткүн, себеби, алар бул нурду диндерин таштаганым үчүн менин жүзүмө түшкөн бир жаза деп ойлошунан корком, – дедим. Ошондо нур өзгөрүп, камчымдын учуна түштү жана коомум камчымдын учундагы чырак сыяктуу нурду бири-бирине көрсөтө башташты. Мен тоодон түшүп, алардын арасына кошулуп кеттим. Тоодон түшкөндө, алдыма атам келди. Ал карыя адам эле. Мен атама: Менден нары туруңуз, себеби, сиз менден эмессиз жана мен сизден эмесмин, – дедим. Атам: Эмнеге, уулум? – деди. Мен: Исламды кабыл алдым жана Мухаммад (с.а.в)дын динине ээрчидим, – дедим. Ошондо атам: Сенин диниң – менин диним, – деди жана гусул кылып, кийимин тазалады. Мен ага Исламды баян кылдым, аны кабыл алды. Кийин алдыма аялым келгенде: Менден нары тур, сен менден эмессиң, мен сенден эмесмин, – дедим. Ал: Сизге ата-энем курман болсун, эмнеге? – деди. Мен ага: Ортобузду бөлүп турган нерсе – Ислам, – дедим. Ошондо аялым да Исламды кабыл алды. Давс коомун Исламга даъват кылдым, алар суз кабыл алышты.

Кийин Меккеге Расулулла (с.а.)дын алдына барып: Давс коому менден үстөм келип жатат, алардын акысына дуба кылыңыз, – дедим. Ал зат мындай деди:

«اللَّهُمَّ اهْدِ دَوْساً, اِرْجِعْ إِلىَ قَوْمِكَ فَادْعُهُمْ وَارْفَقْ بِهِمْ»

«Аллахым, Давс коомун хидаятта. Коомуңа барып, аларды даъват кыл жана алар менен жакшы мамиледе бол». Мен Давс жерине кайтып, Расулулла (с.а.в) тээ Мадинага хижрат кылганга чейин жана Бадр, Ухуд, Хандак согуштарын алып барганга чейин аларды Исламга даъват кылууну уланттым. Кийин Расулулла (с.а.в) Хайбарда турган чагында, коомумдагы Исламга кирген кишилер менен бирге бардым. Мадинага барганымда, мени менен Давстын жетимиш же сексен үй-бүлөсү бар эле. (Муну ибн Саид жана Умавий риваят кылган).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button