Бейиш бактары

Туфайл ибн Амр ад-Давсий (р.а)

Туфайл ибн Амр ад-Давсий (р.а)

«Роббим, сен ага ниет кылып жаткан жакшы ишинде жардам бере турган бир белги кылып бергин». Расул (с.а.в) бул дубаны ал үчүн кылган.

Туфайл ибн Амр ад-Давсий жахилият доорунда Давс уруусунун саййиди, арабдардын этибарлуу асылзаадаларынан жана таанымал берешен адамдарынын бири эле… Эч качан анын казаны очоктон түшпөгөн жана эшиктери  бирер жолоочу алдында жабылбаган… Ач калганды тойдуруп, кооп-коркунучта калган адамды коркунучтан куткарып, коргоо сурап келгенди коргоосуна алчу. Мындан тышкары, ал зирек адам жана өткүр акын эле. Сөз сыйкырлап коё турган жерде баяндын ачуу-таттуусун айырмалай алат болчу.

Туфайл Тухомадагы өз коому турган жайдан чыгып Мекке тарапка келди. Бул убакта Расулулла (с.а.в) менен Курайш каапырлары ортосунда күрөш уланып жаткан болуп, эки тарап тең өзүнө жардамчыларды тартууну каалайт эле … Расул (с.а.в) өз Роббисине даъват кылып, куралы болсо ыйман жана акыйкат эле. Курайш капырлары болсо анын даъватына бардык түрдөгү куралдар менен каршы күрөшүп жана андан адамдарды ар кандай жол менен тосушат эле. Туфайлдын бул күрөшкө эч кандай даярдыксыз кирип барышына жана ыктыярсыз аралашуусуна туура келип калды… Себеби, ал Меккеге бул максатта келбеген эле. Мындан мурда Мухаммад жана Курайштын иши анын оюна да келбеген.

Туфайл мындай дейт: Мен Меккеге келдим. Курайштын саййиддери мени көрөрү менен эле менин алдыма келишип жакшы саламдашышты жана өздөрүнүн эң сыйлуу жайларына отургузушту. Андан кийин, менин алдыма алардын саййиддери жана чоңдору келишип: «Эй Туфайл, сиз биздин өлкөбүзгө мына бул өзүн пайгамбармын деп дааба кылып жаткан киши ишибизди бузуп, биримдигибизге жарака кетирип, жамаатыбызды таркатып турган бир убакта келип турасыз.  Биз сизге жана коомуңуздагы жетекчилигиңизге бизге жеткен балээ жетип калышынан коркобуз. Ошондуктан, аны менен сүйлөшпөңүз, андан эч нерсе укпаңыз. Себеби, анын сөздөрү сыйкыр болуп, перзент менен атанын, ага менен ининин, эр менен катындын арасын ажыратып жиберет», – дешти.

Туфайл дагы айтат: Аллага ант болсун, алар мага анын укмуштуудай кабарларынан тынымсыз сүйлөй беришти жана анын иштери мага о.э. коомума зыян жеткиришин айтып коркута беришти. Ал тургай, мен ага жакындашпастыкка, ал менен сүйлөшпөстүккө жана андан эч нерсе укпастыкка токтом кылдым. Мен Каъбаны тооп кылып, биз ажылык кыла турган жана улуулай турган бут-санамдарды улуулоо үчүн мечитке барганымда Мухаммаддын сөздөрү кулагыма чалынып калышынан коркуп кулагыма пахта тыгып алдым. Бирок, мен мечитке киргенимде аны Каъба алдында биздин намазыбыздан башкача намаз окуп жаткан, биздин ибадатыбыздан башкача ибадат кылып жаткан абалда көрдүм. Ошондо анын көрүнүшү мени кызыктырып, ибадаты катуу таасирлентти. Мен ыктыярсыз түрдө ага акырындап жакындашып, анын жанына жетип калганымды сезбей калдым… Алланын каалоосу менен ал айтып жаткан сөздөрдүн айрымдары кулагыма чалынды. Мен андан абдан көркөм сөздөрдү уктум. Ошондо мен өзүмө: Эй энең ыйлап калгыр Туфайл… Сен өзүң зирек акын болсоң, көркөмдүүлүк эмне да, жамандык эмне экендиги сага сыр болбосо, бул адамдын айтып жаткан сөздөрүн угуудан сени эмне тыюуда… Эгер ал алып келген нерсе жакшы болсо аласын, жаман болсо таштай бересин да дедим.

Туфайл айтат: Андан кийин, Расулулла (с.а.в) өз үйүнө кайтканга чейин турдум да артынан ээрчидим. Ал үйүнө киргенде мен да анын артынан кирип бардым. Ага: Эй Мухаммад, коомуңуз мага сиз тууралуу ушундай бир сөздөрдү айтышты. Аллага ант болсун, алар мени сиздин ишиңизден коркута беришкендиктен мен сиздин сөзүңүздү угуп калбастык үчүн кулагыма пахта тыгып алдым. Андан кийин, Алла ал сөздөрдүн айрымдарын угушумду каалады. Мен аны жакшы деп билдим.  Мага ишиңизди тааныштырыңыз, – дедим. Мени иши менен тааныштырды. Ихлас жана Фалак сүрөлөрүн окуп берди. Аллага ант болсун, анын сөзүнөн чырайлуураак сөздү уккан эмесмин, анын ишинен адилеттүүрөөк ишти көрбөгөн элем. Ошондо мен ага колумду создум жана «Алладан башка илах жок, Мухаммад анын элчиси» деп күбөлүк берип Исламга кирдим.

Туфайл айтат: Андан соң, Меккеде бир канча убакыт туруп Исламдан таалим алдым. Бул убакыт аралыгында мага насип эткенинче Куран жаттадым. Мен өз коомума кайтмакчы болгонумда: Эй Расулулла, мен өз коомунда итаат кылына турган адаммын. Мен алардын алдына кайтып барып, аларды Исламга даъват кыламын. Сиз Аллага дуба кылыңыз, мен аларды даъват кылып жаткан нерседе мага жардамчы боло турган бир белги берсин, – дедим. Ошондо Расулулла: «اَللَّهُمَّ اجْعَلْ لَهُ آيَةً»

«Роббим, сен ага бир белги бергин», – деп дуба кылды. Мен коомумду көздөй жол алдым. Коомумдун мекени болгон бир дөңсөөгө жетип барганымда эки көзүмдүн ортосуна чыракка окшогон бир нур келип түштү. Ошондо мен: Эй Роббим, Сен аны жүзүмдөн башка жерге кылгын. Себеби, мен алардын диндерин таштаганым үчүн жүзүмө түшкөн жаза деп күмөн кылышынан коркомун дедим… Нур турган жайынан көчүп, камчымдын учуна келип түштү. Мен дөңсөөдөн алар тарапка түшүп бара жатканымда, адамдар менин камчымдын учундагы чырак сыяктуу нурду бири-бирине көрсөтө башташты. Мен түшкөндөн кийин, алдыма атам келди. Атам карыган чал болчу, мен ага: Менден нары туруңуз эй ата,  мен сизден эмесмин, сиз болсо менден эмессиз, – дедим. Атам: Эмне үчүн, эй балам? – деди. Мен Исламга кирдим жана Мухаммад (с.а.в)дын динине ээрчидим, – дедим. Атам: Менин диним сенин диниң, – деди. Мен: Барыңыз гусул кылып, кийимдериңизди тазалаңыз, андан кийин алдыма келиңиз, мен өзүм үйрөнгөн нерселерди сизге үйрөтөйүн, – дедим. Атам барып, гусул кылып, кийимдерин тазалап келди. Мен ага Исламды түшүндүрдүм. Ал Исламга кирди. Кийин алдыма аялым келди. Мен ага да: Менден ары тур. Мен сенден эмесмин, сен да менден эмессин, – дедим. Ал болсо: Ата-энем сага курман болсун, эмне үчүн? – деди. Мен ага: Экөөбүздүн ортобузду Ислам ажыратты. Мен Исламга кирдим жана Мухаммад (с.а.в)дын динине ээрчидим, – дедим. Ал: Сенин диниң менин диним, – деди. Мен: Бар Зушшаронун суусуна барып тазаланып кел, – дедим. (Зушшаро Давс уруусунун бут-санамы болуп, анын айланасында тоодон түшүп келе турган суу агат эле). Аялым: Ата-энем сага курман болсун, Зушшародон бирер мусибат жетип калышынан коркпой жатасыңбы? – деди.  Ошондо мен: Сени да Зушшарону да жер жутсун, мен сага барып «адамдардан алысыраак жерде гусул кылып кел» деп айтып жатам. Мен сага бул таш эч нерсе кыла албастыгына кепилмин, – дедим. Ал барып гусул кылып келди. Мен ага Исламды түшүндүрдүм эле, ал Исламга кирди. Андан кийин, Давсты даъват кылдым. Алар суздук кылышты. Абу Хурайра гана алардын арасынан Исламга эң тез кирди.

Туфайл айтат: Мен Абу Хурайра менен бирге Расулулла (с.а.в)дын алдына Меккеге келдим. Ошондо Набий (с.а.в) мага: «Артыңда кандай кабарлар бар, эй Туфайл», – деди. Мен: Үстүн парда жана катуу куфр баскан калбдар бар. Давс уруусуна фасыктык жана күнөөкөрдүк үстөм келди, – деп жооп бердим. Расулулла (с.а.в) ордунан туруп даарат алды, андан кийин намаз окуду жана колдорун асманга көтөрдү. Абу Хурайра айтат: Мен ал заттын мындай кылып жатканын көрүп коомумдун кыйроого учурашынан коркуп кетип: Кайран гана шордуу коомум, – деп жибердим. Бирок, Расулулла:

«اَللَّهُمَّ اهْدِ دَوْساً… اَللَّهُمَّ اهْدِ دَوْساً… اَللَّهُمَّ اهْدِ دَوْساً…»

«Роббим, Давсты хидаят кыл… Роббим, Давсты хидаят кыл… Роббим, Давсты хидаят кыл…», – деп дуба кыла баштады. Андан соң, Туфайлга жүздөнүп: «Коомуңузга кайтыңыз, аларга жумшак болуңуз жана аларды Исламга даъват кылыңыз», – деди.

Туфайл айтат: Расулулла (с.а.в) Мединага хижрат кылып, Бадр, Ухуд, Хандак согуштары болуп өткөнгө чейин мен Давс жеринде болуп, аларды Исламга даъват кылууну уланттым. Ошондон кийин, Пайгамбардын алдына келдим. Мени менен бирге Давс уруусунан Исламга кирген жана исламы чырайлуу болгон сексен үй-бүлө да бар эле. Расулулла биздин келгенибизге катуу курсант болду. Мусулмандар менен бирге Хайбар олжолорунан бизге да үлүш берди. Биз ал затка: Я Расулулла, алып бара турган бардык казаттарыңызда бизди ар дайым оң канатыңызга коюңуз жана бизге «мабрур» деген атты бериңиз, – деп айттык.

Туфайл айтат: Тээ Алла Расулулла (с.а.в)га Меккени фатх кылганга чейин ал заттын жанынан жылбадым. Мекке фатхынан кийин: Я Расулулла (с.а.в), мени Амр ибн Хамаманын бут-санамы болгон «Зул каффайн»га жибериңиз. Мен аны жагып жиберейин, – дедим. Набий (с.а.в) ага уруксат берди. Туфайл өз коомунан турган сарийя (отряд) менен санамды көздөй жол алды. Санамдын алдына жетип барып аны өрттөмөкчү болгондо анын айланасына аялдар, эркектер, жаш балдар чогулуп алышып ага бир жамандык жетишин, эгер ал «Зул каффайн»га бирер жамандык кылса аны чагылган уруп кетишин күтүп турушат эле. Бирок, Туфайл ибадат кылуучулардын көз алдында бут-санамдын алдында төмөнкү сөздөрдү айткан абалда ага от жага баштады: Эй Зул каффайн, мен сенин ибадат кылуучуларыңдан эмесмин, Менин туулган күнүм сенин туулган күнүңдөн мурдараак. Мен сенин вужудуңа от коюп жатамын. Бул от бут-санамды жок кылуу менен бирге Давс уруусундагы калган-каткан ширкти да жок кылды. Коомдун баары Исламга кирди жана алардын исламдары чырайлуу болду.

Ошондон кийин, тээ Расулулла Роббисинин алдына кайтканга чейин Туфайл ибн Амр ад-Давсий ал заттан ажырабады. Ал заттан кийин халифалык анын досу Абу Бакр Сыддык (р.а)га өткөндө Туфайл өзүн, кылычын жана колун Расулулла (с.а.в)дын халифасынын итаатына койду. Муртаддар согушу башталганда Мусайлама каззабга каршы согушуу үчүн чыккан мусулман кошуунунун алдыңкы сабында болду. Мында анын уулу Амр да ал менен бирге эле. Ямамага бара жаткан жолдо ал бир түш көрдү. Ошондо асхабдарына: Мен бир түш көрдүм, мага анын таъбирин айтып бергиле, – деди. Эмне түш көрдүң, – деп сурашты. Түшүмдө чачымдын кырдырылганын, оозумдан бир куш учуп чыгып кеткенин, бир аялдын мени өз ичине киргизип алганын, уулум Амр шашып мени издей баштаганын, бирок, экөөбүздүн ортобуз тосуп коюлганын көрдүм, – деп жооп берди. Асхабдары: жакшылык болсун, – дешти. Туфайл: Ал эми мен – Аллага ант болсун – бул түштү жоруп болдум, чачымдын кырылышы – башымдын кесилиши. Оозумдан учуп чыккан куш болсо – менин жаным. Мени өз ичине киргизип алган аял – жер, мен үчүн казылып, анын ичине көмүлөмүн. Мен шейит абалда өлтүрүлүүнү үмүт кыламын. Эми уулумдун мени издешине келсек, анын – Алланын уруксаты менен – тез күндө мага насип эте турган шейиттикти издешин түшүндүрөт. Бирок уулум шейиттикти кийинчерээк табат.

Ямама согушунда улуу сахаба Туфайл ибн Амр ад-Давсий баатырларча согушуп согуш майданында шейит болду. Уулу болсо тээ жарааттар алдан тайдырганга чейин согуша берди. Анын оң алаканы кесилип кетти. Ямама жерлеринде атасы жана колун калтырган абалда Мединага кайтты.

Умар ибн Хаттаб (р.а)нун халифалыгы доорунда Умардын алдына Амр ибн Туфайл кирди. Ошол маалда Фарукка (Умарга) даам алып келинди. Анын алдында адамдар отурушкан болчу. Умар алардын баарын тамакка чакырды. Амр болсо алардан өзүн четке алды. Фарук ага: Сага эмне болду? Ыктымал сен колуңан кыжалат болуп тамактан өзүңдү алып качып жаткандырсын, – деди. Ооба, эй момундар амири, – деп жооп берди Амр. Ошондо Умар: Аллага ант болсун, тээ сен ошол кесилген колуң менен бул тамакты аралаштырып бермейинче андан ооз тийбеймин… Аллага ант болсун, бул отурган коом ичинде сенден башка, бир мүчөсү бейиште болгон бирер кимсе жок, – деди. Муну менен ал кесилген колун назарда туткан эле.

Атасынан айрылгандан бери Амрга тынымсыз шейиттик түштөрү көрүнө баштаган эле. Ярмук согушу күнү Амр ага биринчилерден болуп шашылды. Ал согушууну улантты жана атасы жетишкен шейиттикке ал да жетишти. Алла Туфайл ибн Амр ад-Давсийди өз рахматына алсын. Анткени, анын өзү шейит жана шейиттин атасы болду.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button