Түнкүсүн илим жана насаат айтуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Түнкүсүн илим жана насаат айтуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу “Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Түнкүсүн илим жана насаат айтуу” бөлүмүндө айтылат.
حَدَّثَنَا صَدَقَةُ أَخْبَرَنَا ابْنُ عُيَيْنَةَ عَنْ مَعْمَرٍ عَنْ الزُّهْرِيِّ عَنْ هِنْدٍ عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ وَعَمْرٍو وَيَحْيَى بْنِ سَعِيدٍ عَنْ الزُّهْرِيِّ عَنْ هِنْدٍ عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ قَالَتْ اسْتَيْقَظَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ لَيْلَةٍ فَقَالَ “سُبْحَانَ اللَّهِ مَاذَا أُنْزِلَ اللَّيْلَةَ مِنْ الْفِتَنِ وَمَاذَا فُتِحَ مِنْ الْخَزَائِنِ أَيْقِظُوا صَوَاحِبَاتِ الْحُجَرِ فَرُبَّ كَاسِيَةٍ فِي الدُّنْيَا عَارِيَةٍ فِي الْآخِرَةِ“
Бизге Садака Умм Саламадан риваят кылды. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир түнү ойгонуп, мындай деди: “Аллахка даңк! Бүгүн кечинде кандай сыноолор жөнөтүлдү жана кандай кенчтер ачылды! Аялдарды өз бөлмөлөрүндө ойготкула, анткени бул дүйнөдө кийимчен аялдардын көбү акыретте жылаңач болушат”.
Урматтуу бир туугандар!
Бул биздин сүйүктүү Мухаммад пайгамабарыбыздын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) үй-бүлөсү үчүн кам көрүүсүнүн белгиси. Ал аялдарынан ушул казыналардан, жакшылыктын жана илимдин казыналарынан алууну талап кылды.
{يا أيها الذين آمنوا قُوا أَنفسكم وأهليكم نارا}
Бул Алла Тааланын: “Эй, ыйман келтиргендер, өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон сактагыла”, – деген сөзүн тастыктайт.
Бул кабар ар бир мусулман эркек жана аял үчүн. Оо, үммөт, жашоонун кооздугуна көп алданбагыла, анткени көптөгөн аялдар кооз кийимдерди кийишет, бирок чындыгында алар жылаңач. Анткени бул кийимдер эң баалуу жана эң кооз кийимдердин катарына кирсе да, алардын дене мүчөлөрүн жаппайт, вакый муну далилдеп турат. Эгер алар бул дүйнөдө жылаңач болсо, адамдар аларды кийинген деп эсептешсе да, кыямат күнү жылаңач болушат.
Эй мусулмандар!
Бул доордо аял- кыздардын адепсиз кийинип, эркектерди азгыруу жана эркектер алардын кийиминин астында эмне бар экенин көрүүсү үчүн кийимчен жылаңач болуп сыртка чыгып кетишкендерин көрүп жатабыз. Биз күбө болуп жаткан нерселер эң чыдамдуу адамды да таң калтырат. Батыш чийип, чечим чыгарат, ал эми үммөт сатып алат жана киет. Анда кимде жоопкерчилик?! Жоопкерчилик биринчиден кызда, экинчиден аны колдогон адамда экени талашсыз. Бирок бул жерде кеңири мааниде айтсак, биз коом жана үммөт жөнүндө сөз кылып жатканда, башкаруучуну назарга алабыз. Ошондой эле ал үммөттү адеп-ахлаксыздыктан, уятсыздыктан жана жылаңачтыктан сактоо үчүн биринчи кезекте жооптуу. Анда башкаруучу кайда?! Анын колунан алып коопсуз жерге тартып, бардык жылаңачтыктын, адеп-ахлаксыздыктын жана бузукулуктун алдын ала турган халифа кайда? Үммөттү аруулукта, тазалыкта корголгон ар-намыста жашашы үчүн аракет кылган адам кайда?
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Ааммин аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 15–шаввал.
2026-ж, 2-апрель.
