Макала
Trending

Түркмөнстан: «Тынчтык жана ишеним» форумунун көмүскө саясаты

Түркмөнстан: «Тынчтык жана ишеним» форумунун көмүскө саясаты

12-декабрда Ашхабадда Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптык эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форум болуп өттү. Форумга Армения, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин президенттери, өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Бирок форумдун чыныгы саясий мазмуну, жарыяланган билдирүүлөр менен эмес, катышуучулардын курамы жана алардын кызыкчылыктарынан аныкталат. Аймактык чоң оюнчулар үчүн бул форум бейтараптыкты талкуулочу аянтча катары колдонулган жок. Тескерисинче, бул форум өз ара бейрасмий байланыштарды түзүү үчүн катышуучуларга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жаратып берүүдө кызмат кылды.

Бейтараптык кооздук катары

Түркмөнстандын бейтараптыгы, өз алдынча идея катары эмес, дипломатиялык кооздук катары колдонулду. Өлкөнүн ар кандай союздардан, блоктордон жана катуу милдеттенмелерден баш тарткандыгы, аны маселелерди ачык келишимдерсиз чечүүнү каалаган өлкөлөр үчүн ыңгайлуу аянтчага айлантууда.  Бул жерде, саясий жоопкерчилик албай туруп, катышууга жана сезимтал темаларды расмий документтерде бекитпестен талкуулоого мүмкүн. Ошол себептен, Түркмөнстан субъект катары эмес, «кадырын» жоготпоо үчүн ортомчу катары ролун аткарууда.

Аймактын теңсиздик менен башкарылуусу

Россиянын форумга катышуусу, ал кичи мамлекеттердин бейтараптыгын аймактын негизги тартиби катары көрүп жаткандыгын түшүндүрбөйт. Россиянын саясий логикасына ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгы өз көзөмөлү чегинде гана болуусу тийиш жана учурдагы тең салмактуулуктун таасирин бузбай турган деңгээлде болуусу зарыл. Ашхабаддагы форум, Москвага аймактагы өз таасирин ырастоого жана ошол эле учурда Батыштын катышуусусуз башка негизги оюнчулар менен диалог жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул жерде кеп тынчтык же ишеним тууралуу эмес, коопсуздук, транзит жана энергетикага байланыштуу процесстерди көзөмөлдөө тууралуу жүрүп жатат.

Иран жана анын тымызын дипломатиясы

Иран мындай аянтчаларды расмий союздарга кирбестен, эл аралык изоляциядан чыгуу үчүн сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүк катары көрөт. Бейтарап күн тартибинин шылтоосу менен Каспий аймагы, логистика, энергетикалык кызматташтык жана Афганистан сыяктуу маселелерди талкуулоого жол ачылат. Бул жердеги «Ишеним» урааны универсалдуу кызматты аткарууда. Тактап айтканда, бул риторика санкциялык басымсыз жана саясий милдеттенмелерсиз аймактык байланышты сактоого шарт түзөт.

Түркиянын тоскоолдуксуз кеңейүүсү

Ал эми, Түркия форумдун форматын Борбор Азияда өз таасирин кылдаттык менен кеңейтүү үчүн пайдаланууда. Түркмөнстан менен маданий жана тилдик жакындыгын колдонуу менен бирге, Түркия Россия менен түз кагылышууга барбоо саясатын жүргүзүүдө. Демек Ашхабад, символикалык катышуу жана жеке байланыштар аркылуу таасир күчөтүлүүчү, институтционалдык механизмдерге таянбаган жумшак атаандаштык мейкиндигине айланууда.

Чыныгы күн тартиби

Форумдун расмий риторикасын алып сала турган болсок, анын чыныгы күн тартиби универсалдуу ураандардан алыс экени айкын болот. Форумдан көздөлгөн максат, кызыкчылыктарды бири бирине ылайыкташтыруу, туруксуздукту колго алуу жана тышкы кийлигишүүлөрдү азайтуу болду. Бул жерде, «тынчтык» жана «ишеним» көздөлгөн максат катары эмес, глобалдык бөлүнүү шартында жолугушууларды жана диалогду мыйзамдаштыруучу курал катары колдонулууда.

Жабык эшиктердин аркасында эмнелер айтылды?

Ашхабаддагы форумдун алкагында Россия, Иран жана Түркиянын жабык жолугушууларынын жыйынтыктары боюнча так маалыматтын жоктугу, бул чечим атыйын кылынгандыгын ырастайт. Мындай жымжырттык, коомчулукка жарыяланбоого тийиш болгон, сезимтал маселелер талкууланган маектешүүлөргө мүнөздүү. Жабык эшиктердин аркасында, аймактык коопсуздук, Афганистандагы кырдаал, энергетика жана транзиттик маршруттар, ошондой эле санкциялык басым шартында позицияларды белгилөө маселелери көтөрүлгөн болушу мүмкүн.

Жыйынтык

Натыйжада «Тынчтык жана ишеним» форуму баалуулуктардын салтанатын эмес, аймактык саясаттагы эски логиканын туруктуулугун көрсөттү. Борбор Азия мурдагыдай эле тең укуктуу оюнчулардын жыйындысы катары эмес, башкарылуучу мейкиндик катары кабыл алынууда. Ал эми, эл аралык форумдун форматы жана Түркмөнстандын бейтарап аянтчасы, тараптарга милдеттенмелерсиз жана сырткы таасирсиз бири-бирине ишарат алмашууга мүмкүнчүлүк жаратып берди. Андыктан “тынчтык жана ишеним” жөнүндө жарыяланган күн тартиби, жолугушууларды мыйзамдаштыруучу дипломатиялык парданын ролун гана аткарып, алардын чыныгы мазмунун ачыктап берген жок.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button