Макала

Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитинин жыйынтыктары

Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитинин жыйынтыктары

2-апрель күнү Баку шаарында, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйыны жыйынтыкталды. Анда, биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ирандын айланасындагы жаңжалдын жана көмүскө тобокелдиктер күчөп жаткан учурда өткөн Бакудагы жолугушуу жаңы геоэкономикалык мейкиндиктин тез форматта калыптанып жатканын көрсөтүүдө. Бул процесс, бир эле учурда коргонуу реакциясы, ошондой эле жаңы туруксуздуктун ыктымалдуу булагы да болуп саналат.

Бул жолугушуу, ТМУнун символикалык биригүүдөн практикалык ишке өтүү аракетин көрсөтүүдө. Эгер мурда бул биригүү маданий жана саясий күн тартиптин алкагында талкууланса, эми күчтүн негизи катары инфраструктура биринчи орунга чыгууда. Габала декларациясында бекитилген практикалык интеграциянын багытына ылайык Кытайды, Борбор Азияны, Каспийди, Кавказды жана Европаны бирдиктүү түзүмгө туташтыра турган конкреттүү долбоорлор ишке ашырылат.

Бул түзүмдүн негизги элементи катары Зангезур коридору каралууда. Ал жөн гана аймактык жол эмес, Транскаспий эл аралык транспорттук каттамына интеграцияланган стратегиялык өтмөк катары кабыл алынууда. Катышуучулардын логикасы боюнча, бул коридор чачыранды транспорттук демилгелерди бирдиктүү евразиялык каттамга бириктирүүчү борборго айланат.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан көрсөтүлгөн колдоо, бул долбоор Азербайжандын гана жергиликтүү демилгеси эмес, жалпы экономикалык мейкиндикти калыптандыруу аракети экенин далилдейт. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун Баку–Тбилиси–Карс багыты менен уланышы, Тынч океандан Европага чейинки үзгүлтүксүз каттамды түзөт. Ошентип, чөлкөмдөгү өлкөлөр, пайдубалы аскердик күч эмес, тескерисинче, логистиканы жана товардык агымдарды көзөмөлдөө негизги курал катары каралган коопсуздуктун жаңы каркасын курууга киришүүдө.

Бирок бул интеграция өзүнөн-өзү эле пайда болуп калган жок. Ал түздөн-түз Ирандын айланасында курчуп жаткан каатчылыктан улам келип чыгууда. АКШ жана сионисттердин катышуусундагы тирешүү калыптанып калган каттамдарды талкалап, Иран багыты аркылуу өткөн ар кандай жеткирүү чынжырларын туруксуз кылып жатат. Мындай шартта Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы түз аскердик коркунучтар бар аймактарды айланып өтүүгө мүмкүндүк берген коопсуз альтернатива катары кабыл алына баштады.

Дал ушул жерде, болуп жаткан окуялардын мазмуну көбүрөөк айкын болууда: ТМУ, иш жүзүндө каатчылык каптаган аймактардан көз карандысыз транспорттук каттамды түзүүгө умтулуп жатат. Бул түзүм, жада калса аймактык масштабдагы чоң согуш учурунда да экономикалык туруктуулукту сактап калууга кепилдик бериши зарыл. Мындай кырдаалда экономикалык интеграция, жамааттык коопсуздуктун бир формасы катары кызмат кылат.

Бирок тереңирээк назар салганда, бул стратегия өзүнө олуттуу көмүскө тобокелдиктерди камтыганы айкын болот. Биринчиси, интеграциянын өтө тездиги жана анын аргасыздыктан  жасалышы. Бул нерсе, кырдаалга жараша тез чара көрүлүп жаткандыгынан кабар берет. Өлкөлөр Иран жана жарым-жартылай Орусия аркылуу өткөн каттамдардын ыктымалдуу кыйроосун алдын алууга аракет кылып жатышат, бирок ошол эле учурда, алар кайрадан кооптуу жагдайга туш келишүүдө. Каспийдеги ирандын инфраструктурасына жасалган соккулар, кооптуу аймак кеңейип жатканын көрсөтүүдө. Эгер жаңжал андан ары жайыла турган болсо, ал бүгүнкү күндө коопсуз деп эсептелген каттамдарга да кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Мындан тышкары, Зангезур коридорунун өзү ыктымалдуу чыңалуунун себепчиси болуп саналат. Анын ишке ашырылышы Ирандын транзиттик ролун объективдүү түрдө төмөндөтөт жана Түштүк Кавказдагы күчтөрдүн тең салмактуулугун жарым-жартылай өзгөртөт. Тегеран үчүн бул жөн гана экономикалык долбоор эмес, согуш шартында кастык кадам катары кабыл алынышы мүмкүн болгон геосаясий айлампанын элементи болуп саналат. Бул экономикалык атаандаштыктын саясий, ал тургай аскердик каршылашууга айланып кетүү ыктымалдыгын жогорулатат.

Дагы бир тобокелдик, бул альтернативдүү каттамдардын туруктуулук иллюзиясы. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы коопсуз альтернатива катары каралууда, бирок жаңжал кеңейип кетсе, ал ашыкча жүктөм болуп же жарым-жартылай туруксуздукка учурашы мүмкүн. Бул жагынан алганда, ТМУ өлкөлөрү кемчиликтерди жоюп койбостон, аларды болгону башка багыттарга кайра бөлүштүрүп жатышат.

Бул окуялардын өңүтүндө, Түркмөнстандын аракеттери өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Түркмөнстан формалдуу түрдө бейтараптуулукту сактаганы менен, акырындап логистикалык долбоорлорго тартылып, «Global Gateway» демилгелерине кызыгуусун билдирүүдө. Бул, жада калса саясий блоктордон оолак болууга аракет кылган мамлекеттер да, жаңы транспорттук реалдуулукка көнүүгө мажбур экенин ачыктайт.

Эгер кызыкдар тараптар жөнүндө айта турган болсок, анда эң чоң пайдага Түркия ээ болууда. Ал, Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик түйүн катары өзүнүн ролун жогорулатуу менен бирге, түрк дүйнөсүнүн ичиндеги саясий таасирин да бекемдөөдө. Ошону менен бир катар, Азербайжан да бүтүндөй түзүмдүн борбордук логистикалык хабына айланып, өз позициясын олуттуу түрдө чыңдоодо.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тышкы байланыштарын диверсификациялоого жана көнүмүш каттамдарга болгон көз карандылыкты азайтууга бир аз мүмкүнчүлүк алышууда. Бирок бүтүндөй системанын кемчилик жана тобокелдиктери дагы деле сакталып тургандыктан, алардын бул долбоорлордон тапкан пайдасы кепилдиксиз бойдон калууда.

Европа Биримдиги да кошумча артыкчылыктарга ээ болуп жатат. Ал «Global Gateway» сыяктуу демилгелер аркылуу туруксуз аймактарды айланып өткөн альтернативдүү логистикалык багыттардын калыптанышын иш жүзүндө колдоодо.

Бул жагдайдан эң чоң жоготууга учураган тарап Иран болууда. Ал негизги транзиттик чынжыр катары өзүнүн ролун акырындык менен жоготуп, стратегиялык изоляцияда калуу коркунучуна туш болууда. Ирандын позициясынын, анын ичинде Каспийдеги таасиринин алсызданышы, анын аймактык долбоорлорго таасир этүү жөндөмүн төмөндөтүп жатат.

ТМУ өлкөлөрү, Иранды айланып өткөн каттамды канчалык тез курууга урунушса, ошончолук алар Иранды катаал жооп кайтарууга үндөшөт. Парадокс мына ушунда. АКШ менен болгон тирешүү шартында, бул жагдай жаңжалдын андан ары чыңалуусунун ыктымалдыгын жогорулатат.

Жыйынтыгында, Евразиянын калыптанып жаткан транспорттук архитектурасы, чоң согуштан коргонуу аракети сыяктуу көрүнүнгөнү менен, ал согушту күчөтүүчү факторго айланып, экономикалык интеграцияны геосаясий каршылашуунун бир элементине айландырышы да мүмкүн.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button