Сакофий

“Түшүнүктөр” китебиндеги “машъар” жана «шаъаир» сөзүнүн колдонулушу тууралуу 

“Түшүнүктөр” китебиндеги “машъар” жана «шаъаир» сөзүнүн колдонулушу тууралуу 

Cуроо: «Түшүнүктөр» китебинин 31-бетинде мындай деп келген: “Мындан тышкары, Каъбаны тооп кылуу, Хажарул-Асвадды сылоо жана өбүү, Сафа жана Марва аралыгында жүгүрүү сыяктуу ажылык ырасымдарынын көбү Исламдан мурунку жахилият доорунда да болгон”, ошондой эле “ырасымдар -مشاعر ” «шаъаир» сөзү башка жерлерде да ушундай мааниде келген. Туурасы “ажылык ырасымдары” эмес, “ажылык мааракелери ‐ شعائر الحج” деп айтылышы керек эмеспи? Эгер бул туура болсо, анда “مشاعر” сөзү келген жерлерде “شعائر” деп оңдолобу? 

Жооп:

«شعيرة» — «شعائر».1сөзүнүн жекелик формасы, ал эми مشعر» — «مشاعر» « сөзүнүн жекелик формасы. Экөө бир мааниде колдонулат. Бирок кеңири тараган колдонууда ажылык ырасымдарын (мисалы: Сафа, Марва, Мина, Муздалифа, Арафа, жамараттар ж.б.) билдирет.

Ал эми « «شعائر ажылык амалдары жана мааракелери үчүн колдонулат (мисалы: саъй, таваф, Арафада туруу, жамараттарды таштоо ж.б.).

  1. Бирок туурасы — экөө бири-биринин ордуна колдонулушу мүмкүн. Аллах Таала айтат:

{ ۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَاۤىِٕرِ ٱللَّهِۖ}

“Албетте, Сафа менен Марва Алла (буюрган) мааракелерден”. (Бакара: 158).

Бул жерде «шаъаир» Сафа менен Марвадагы саъй амалы жөнүндө эмес, ажылыктын белгилери тууралуу айтылган. Дагы Аллах Таала айтат:

{فَإِذَاۤ أَفَضۡتُم مِّنۡ عَرَفَـٰتࣲ فَٱذۡكُرُوا۟ ٱللَّهَ عِندَ ٱلۡمَشۡعَرِ ٱلۡحَرَامِۖ}

“Эми Арафаттан (Меккеге жакын тоо) түшкөнүңөрдөн кийин Машъар-ул-Харамда Алланы эстегиле”. (Бакара: 198).

Бул жерде «машъар» сөзү Муздалифага карата айтылып, хаждын белгилерин билдирген. Лугат китептеринде мындай келген:

«Камус аль-Мухит», 1-том, 434-бет: «Хаждын шиары — анын ырасымдары жана белгилери. “Шаъира”, “шаъара” жана “машъар” — баары ушул мааниде».

«Аль-Мухит фи аль-лугъа», 1-том, 43-бет: “Ажылык шаъаирлери — анын амалдары жана белгилери, жекелик формасы “шаира”.

«Лисан аль-Араб», 4-том, 410-бет: “Ажылык шиары — анын манасиктери, белгилери, издери жана амалдары; бул “шаиранын” көптүк формасы… “шаъира”, “шаъара” жана “машъар” “шиар” сыяктуу.

Аль-Лихяни айткан: ажылык шаъаирлери – анын манасиктери, жекелиги “шаъира”…

Ал эми “машаъир” — Аллах адамдарды барууга үндөгөн жана аткарууну буюрган белгилер. Ушундан “Машъар аль-Харам” аталышы чыккан.

Аз-Зажжаж “Аллахтын шаъаирлери” деген бардык ибадат кылынуучу нерселерди билдирет, башкача айтканда Аллах аларды биз үчүн белги кылып койгон…

Ал-Азхари айткан: “ажылык машаъирлери” — бул анын белгилери, анткени “ишъар” — билдирүү, ал эми “шиъар” — белги дегенди билдирет».

  1. Мындан көрүнүп тургандай, “شعائر” жана “مشاعر” мааниси жагынан бири-биринин ордуна колдонулат. Бирок башында айтылгандай, кеңири колдонууда “مشاعر” ажылык белгилери (Сафа, Марва, Мина, Муздалифа, Арафа, жамараттар ж.б.) үчүн, ал эми “شعائر” ажылык амалдары жана манасиктери үчүн колдонулуп калган.
  2. Ал эми оңдоо маселесине келсек, эгер мындай колдонуу түшүнбөстүк жаратарын көрүп, өзгөртүү ылайыктуу деп табылса, анда инша Аллах оңдолот.

23.04.2010. 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button