Узак согуштан кийин Россия алсыраган мамлекетпи же мурдагыдан да кооптуубу?

Узак согуштан кийин Россия алсыраган мамлекетпи же мурдагыдан да кооптуубу?
Орус-украин согушу эл аралык мамилелерде негизги суроону кайра көтөрдү. Узакка созулган аскерий согуштан кийин Россия мүмкүнчүлүктөрү жеп-жутулуп, алсыраган мамлекетке айландыбы, же эл аралык тартиптин “тыюу салынган” чектерин бузгандан кийин мурдагыдан да кооптуу болуп калдыбы?
Айрымдар Россия бул согуштан чоң жоготуулар менен чыгып, анын эл аралык деңгээлде аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн чектеген түзүмдүк чарчоого дуушар болду деп эсептешет. Башкалары болсо согуш аны мурдагыдан да бекем жана кооптуу күч катары кайра калыптандырды, эл аралык тартиптин эрежелерине азыраак баш ийген, тобокелчиликке жана чыңалууну күчөтүүгө көбүрөөк даяр мамлекетке айлантты деп карашат. Бул талашты түшүнүү үчүн Россиянын күч-кубатына таасир эткен терең өзгөрүүлөрдү карап чыгып, эл аралык күрөштүн таразасында анын жоготуулары менен жетишкендиктерин салыштыруу зарыл.
Биринчиден: Россия бүгүнкү күнгө чейин эмнелерди жоготту?
- Аскерий чарчоо: адамдык жана материалдык чоң жоготуулар, салттуу аскерий запастардын кеңири сарпталышы, ошондой эле ага каршы киргизилген экономикалык санкциялардын басымы астында иштеген аскерий өнөр жайга барган сайын көбүрөөк таянуу.
- Жалпы экономикалык басым: банк системасын жана энергетика секторун бутага алган болуп көрбөгөндөй санкциялардын натыйжасында Батыштын ири инвестициялары чыгып кетти, бул узак мөөнөттүү өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алсыратты.
- Саясий аброюнун салыштырмалуу төмөндөшү: Чыгыш Европадагы таасиринин азайышы, НАТО альянсы кыскарбастан тескерисинче кеңейиши, ошондой эле Европа менен болгон мамилелеринде саясий тартылуу жана “жумшак күч” куралдарынан дээрлик толук түрдө “катуу күчкө” таянууга өтүшү.
Экинчиден: буга карабастан Россия эмне үчүн көбүрөөк тобокелге барууга даярдай көрүнөт?
Чарчоого карабастан, Россияны тобокелчиликке көбүрөөк даяр оюнчу кылган бир катар факторлор бар. Бул төмөнкү себептерге байланыштуу:
- Ахлакый жана укуктук чектөөлөрдөн бошонуу: Россия либералдык тартипке азыраак көңүл бура баштады жана эл аралык жоопкерчилик логикасына азыраак баш ийүүдө. Бул Сириядагы аракеттеринде жана Украина аймагындагы чектен ашууларында көрүнүп, аскерий күчүн кеңейтүүгө жана кибер согуш мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө түрткү берди.
- Узак мөөнөттүү согуштук тажрыйбанын топтолушу: согуш Россиянын аскерий доктринасын кайра калыптандырууга жардам берди жана ага талаа шартындагы тажрыйба берди, мындай тажрыйба көптөгөн европалык армияларда жок.
- Жетекчиликке умтулуудан бузууга өтүү: Россия мындан ары эл аралык тартипти жетектөөгө умтулбай, аны алсыратуу багытында аракет кылууда. Бул – азыркы тартип үстөмдүк кылууга мурдагыдай жөндөмдүү эмес, башаламандыкка көбүрөөк дуушар болушу мүмкүн деген ишенимге байланыштуу. Ал бир уюлдуу дүйнөдөн көп уюлдуулукка же башаламандыкка өтүүгө да ыңгайлашууга даяр.
- Альтернативдүү майдандарда кеңейүү: анын кооптуулугу Европа менен түз эмес түрдө чыңалууну күчөтө алуу мүмкүнчүлүгүндө, ошондой эле Африка, Жакынкы Чыгыш жана Арктика сыяктуу башка аймактарда активдүү катышуусунда көрүнөт.
Үчүнчүдөн: Россия — жарадар, бирок өжөр күч.
Бүгүнкү Россия кулаган Советтер Союзу да эмес, кыйраган мамлекет да эмес. Ал – жарадар, бирок өжөр күч. Көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн бир бөлүгүн жоготту, бирок тобокелчиликке барууга даярдыгы күчөдү. “Уюшкан башаламандыкка” багыт алган дүйнөдө эң кооптуу күч эң күчтүүсү эмес, тескерисинче жогото турган эч нерсеси калбаган күч болушу мүмкүн. Ошондуктан Россияны өсүп келе жаткан күч катары эмес, өзүнүн төмөндөшүн токтотууга аракет кылып жаткан күч катары кароо зарыл. Ал куралга жана токтотуу (deterrence) мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, регионалдык жана эл аралык колдоочулардын макулдугу менен туруксуз аймактарга болгон таасирин кеңейтүүгө умтулууда. Экономикалык жана технологиялык алсыздыгына, ошондой эле санкциялардан улам адамдык өнүгүүнүн төмөндөшүнө карабастан, орус саясий ой жүгүртүүсү кооптуу фактор бойдон калууда, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Бүгүн Россия – тынч алуучу оюнчу, стратегиялык лидер эмес, тактикалык өнөктөш. Анын күчү башкалардын толук жеңишке жетишине жол бербөө жөндөмүндө, бирок өзүнүн жеңишин таңуулоодо эмес. Ал эми анын алсыздыгы кагылышуу логикасынан жогорк глобалдык долбоордун жоктугунда.
Төртүнчүдөн: Көп уюлдуу дүйнөдөгү Россия.
Алдыдагы ири кризистерден кийинки дүйнөдө Россия келечекти жетектеген күч болбошу мүмкүн, бирок ал, шексиз, келечектеги ар кандай эл аралык келишимдерге салым кошо турган күчтөрдүн бири болуп калат.
Эгер эл аралык тартип бир уюлдуулуктан көп уюлдуулукка, же башаламан формага өтсө, анда бир борбордун үстөмдүгүнө эмес, күчтөрдүн тең салмагына негизделген көп уюлдуулук — Советтер Союзу кулагандан бери Россия карманган көз карашка туура келет.
Көп уюлдуулук Батыштын Россияны обочолонтуу же ага катуу санкцияларды таңуулоо мүмкүнчүлүгүн азайтат, ал эми өзөктүк курал кайрадан эл аралык ордун камсыздоодо негизги куралга айланат. Ошондой эле Россия Кытай, Иран, Индия жана Африка өлкөлөрү менен бир принципке негизделбеген альянстар аркылуу иш алып барууда чебер. Мындай тартипте ортомчу боло алган же тоскоолдук жарата алган күчтөргө болгон муктаждык күчөйт, ал эми Россия бул эки багытта тең тажрыйбалуу. Ошондуктан көп уюлдуу тартипте Россия эң күчтүү уюл болбосо да, четке кагылгыс зарыл уюл болуп саналат. Анын мүмкүнчүлүгү эл аралык тартипти жетектөөдө эмес, өзүнө каршы туруктуу жана душмандык тартиптин калыптанышына жол бербөөдө, ошондой эле дүйнө толук калыптана элек көп уюлдуулукка же башкарылган башаламандыкка бет алып жаткан шартта таасир, аброй жана тоскоолдук жаратуу үчүн атаандашууда жатат.
Бешинчиден: Россиянын аң-сезиминдеги исламий мамлекет коркунучу
Россия үчүн чыныгы коркунуч салттуу аскерий күчтө эмес, чек арадан ашкан мабдага негизделген исламий мамлекеттин түзүлүү мүмкүнчүлүгүндө жатат. Анткени Россиянын ичинде 20–25 миллионго жакын мусулман жашайт (Чеченстанда, Дагестанда, Ингушетияда, Татарстанда жана башка аймактарда). Мындай мамлекеттин түзүлүшү жаңы саясий түзүлүшкө кошулууну талап кылган исламий кыймылдарга символдук легитимдүүлүк бериши мүмкүн.
Россия өз түшүнүгүндөгү улуттук мамлекеттин чек араларын тааныбаган мамлекеттин коңшу болушунан да чочулайт. Анткени ал мындай мамлекетти жөн гана жаңы саясий түзүлүш катары эмес, өзүнүн улуттук чек араларын бузуп өтө ала турган жана анын ички туруксуз мейкиндигинде иденттүүлүк жана берилгендик маселелерин кайра жандандыра турган альтернативдүү легитимдүүлүк модели катары көрөт.
Ушундан улам Россия азыркы улуттук тартиптен тышкары булактан легитимдүүлүк алган мамлекеттин түзүлүү коркунучуна баргандан көрө, көзөмөлдөөгө боло турган авторитардык режимдерди колдоону артык көрөт. Москва мындай мамлекеттин тышкы аракеттеринен көрө, өз түзүлүшүнүн ички кесепеттеринен көбүрөөк чочуйт.
Демек, анын чыныгы күрөшү Ислам дининин өзү менен эмес, көзөмөлдөөгө же баш ийдирүүгө мүмкүн болбогон саясий түзүлүштүн пайда болуу ыктымалдыгы менен байланыштуу. Чек аралар барган сайын алсырап жаткан дүйнөдө дал ушул мүмкүнчүлүк Россия аң-сезиминдеги эң чоң стратегиялык коркунуч бойдон калууда.
Ошондуктан Россиянын ар кайсы аймактарында «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жигиттерине каршы эркек-аял деп айырмалабастан жүргүзүлүп жаткан кеңири камакка алуулар ушундайча түшүндүрүлөт. Бул жерде каршылык коопсуздук чарасы гана эмес, фикрий күрөш да болуп саналат. Ал үммөт түшүнүгүн алып жүргөн, чек араларды же учурдагы эл аралык мыйзамды кабыл албаган жана исламий улуулукту мурдагыдай же Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөндөй кайра жандандырууга умтулган мамлекет идеясын бутага алат.
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




