Макала
Trending

УКМК имаратындагы кыйноолор ачыкка чыкты

УКМК имаратындагы кыйноолор ачыкка чыкты

“Freedom for Eurasia” уюму Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган адамдарга карата колдонулган кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө ишенимдүү далилдерди жарыялады. Бул жыйынтыктар акыркы айларда мурда кармалган адамдар менен жүргүзүлгөн бир нече көз карандысыз маектерге негизделген.

Көрсөтмөлөргө ылайык, өкмөттү сынга алган социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн кармалган адамдар Бишкек шаарындагы УКМКнын жаңы курулган башкы имаратынын жер төлөсүнө жеткирилген. Кармалгандар терезеси жок чоң бөлмөгө алып кирилгенин, мурдагы зомбулуктун натыйжасында калган кан жана башка биологиялык суюктуктардын тактары көрүнүп турганын айтып беришкен. Дубалдары жумшак, үн өткөрбөс изоляция менен капталып, ал кыйкырыктар сыртка угулбашы үчүн орнотулган.

Жабыркагандар бөлмөдө төмөнкүдөй кыйноо шаймандары болгонун билдиришкен:

  • электр тогу менен урган шаймандар;
  • пластикалык таяктар;
  • муунтуу үчүн колдонулган желим пакеттер;
  • жарым-жартылай сууга чөктүрүү үчүн колдонулган чоң суу идиштери.

Кармалгандар аларды сабашканын, электр тогу менен урганын, муунтушканын жана сууга чөктүрүшкөнүн ырааттуу түрдө билдиришкен. Көпчүлүгүн катуу психологиялык басым алдында жасалма «күнөөлөрү» үчүн видео түрүндө «кечирим суроого» мажбурлашкан.

УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандардын негизги бөлүгүн жасалма түрдө “экстремизм” менен айыпталган дааватчылар түзөт. Бул мусулмандар уурдап кетүү, убактылуу кармоочу жайда ур-токмокко алуу, жыныстык мүчөлөрүн токко тарттыруу, сууга тумчуктуруу сыяктуу зулумдуктарга дуушар болуп келишет.

Даават жүгүн көтөргөн мусулмандарга карата мындай зулумдуктар Роббим Аллах дегени үчүн гана жасалууда. Өздөрүн мусулман катары эсептеген бул жетекчилер кимдин буйругун аткарууда? Адам чыдагыс кылмыштарды жасаган күч кызматкерлери кимге таянууда?!

Ушул орунда, бийликтин жүгүртөгүнө айланган күч кызматкерлерине айтаарыбыз, 2005, 2010 жана 2020-жылдагы төңкөрүштөрдө кандай кордук менен колдонулганыңарды эстегиле. Калк өзүнө карата адилетсиздик, зулумдукту эч качан кечирбейт! Андыктан, өтмүштөн ибрат алып, мусулмандарга, өз калкыңарга жасап жаткан зулумдугуңарды токтоткула! Тескерисинче, калктын коопсуздугун коргоп, акыретиңердин камын көргүлө!

Мындай зулумдуктар бийликтин калкка камкордук көрүп жатканы тууралуу айткандарын да жокко чыгарат жана аны элдин ишениминен кетирет. Ар бир бийлик өз салтанатында элдин колдоосуна таянат. Элдин колдоосу болсо, элдин ишеними аркылуу болот. Бүгүн бир адамдын ишениминен кетсе, эртең сөзсүз көпчүлүктүн ишенимин жоготот. Бийлик да башка дүйнө маталары сыяктуу эле “бүгүн бар да, эртең жок”. Аллах Таала айтат:

﴿وَتِلۡكَ ٱلۡأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيۡنَ ٱلنَّاسِ﴾

«Бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз» [3:140].

Мусулмандар эч бир заалимдин зулумдугунан, жаманатты кылуучунун жаманатынан коркпостон, Исламды жашоого кайтаруу жолунда аракетин көз ирмемчелик да токтоткон эмес. Буга канкор Каримовдун абактарында зулумдуктан улам шахид болгон, майып болгон миңдеген мусулмандардын окуялары күбө.

Андыктан, зулумдук жана коркутуу саясаты дааватчылардын Исламды жашоого кайтаруу эркин сындыра албайт. Алардын жүрөгүндөгү козголгон жалынын эч качан өчүрө албайт.

Аллах Таала залимдерди зулумдуктан кескин кайтарып, алардын акыбети оор болорун эскертүүдө:

﴿ولاَ تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الأَبْصَار﴾

«Сен «Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз» деп ойлобо! Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу кыямат) күнүнө гана калтырууда» [14:42].

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button