Роя гезити

 Улуу жеңиштен бир жылдан кийин: Сирия чечими бошондубу же камоо тузагына түшүп калдыбы?

 Улуу жеңиштен бир жылдан кийин: Сирия чечими бошондубу же камоо тузагына түшүп калдыбы?

Ушул күндөрү заманбап Шам тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бирине бир жыл толду. Бул ар бир сириялыктын аң-сезиминде көптөн бери мүмкүн эмес деп эсептелген окуя: Шам залиминин кулатылышы жана качышы, анын аскерлеринин таркашы, сириялыктардын Дамаскка жана Сайдная түрмөсүнө жеңүүчү катары кириши. Аянттар Аллахка шүгүр кылып такбир айтуу, сажда кылуу учурларын кайра эске салган кубанычка толуп турган чакта, Сирия менен Ливандын эли бирдей тарткан мүшкүлдүн жоголушуна шүгүр айтылып жаткан учурда, чын ихластуулар менен байкоочулар көтөргөн терең, негизги суроо пайда болууда. Бул: революция күткөн Куран жеңишине жеттиби же эл аралык сегизаяктын (осьминог) манжалары бул толкунду көзөмөлгө алып, ири державалар белгилеп койгон нукка карай бура алдыбы?

Эң ири жетишкендик үммөттүн көкүрөгүн басып турган ташты, башкача айтканда режимдин башын жок кылуу эчким четке кага албаган чындык болду. Агрессияны токтотуу салгылашында болгон бул кулоо кокустуктан жаралган эмес. Ал он төрт жыл бою топтолгон зор элдик басымдын жана революциялык отундун натыйжасы болуп, акыры он бир күндүн ичинде толкун Дамаскка жетти.

Ошого карабастан, бул аскердик ийгилик шаръий жана саясий жактан өтө кылдат баалоону талап кылат. Анткени Курандык жана Пайгамбардык түшүнүктөгү жеңиш Аллахтын сөзү эң жогору туруусу. Дал ушул жерде ажырым бар: сириялык көчөлөр «Биздин түбөлүк жетекчибиз Мухаммад» жана «Үммөт исламий Халифалыкты каалайт» деген ураандарды жаңыртып турган маалда, Шам элинен жана башка жерлерден болгон намыскөй адамдар жаңы жетекчилик революцияны өз колуна алып, анын исламий өзөгүнөн ажыратууга умтулган америкалык каршы революцияга ооп баратканын көрүшүүдө. Бул берекелүү революциянын алгачкы күндөрүнөн бери эле алардын адатына айланган көрүнүш.

Үч туруктуу принцип: биз алардын кайсынысындабыз?

Бүгүн сириялык революциянын натыйжаларын, козголоңчулар биринчи күндөн тартып көтөрүп чыккан үч туруктуу принцип аркылуу баалоого болот:

  • Режимди бардык түзүмдөрү жана символдору менен кулатуу:

Адилет караган адамдар талап жөн гана башчынын качышы эмес, бүтүндөй системаны тамыры менен жулуп таштоо болгонун айтышат. Бирок бүгүнкү чындык сот, билим берүү жана саясий түзүмдөрдүн көпчүлүгү мурдагы калыбында сакталып калганын, ал тургай эски режимдин «чыныгы мамлекетинин» кулашына жол берилбей, ал ихластуулардын колуна тийбеши үчүн корголуп жатканын көрсөтүүдө. Режимдин саясий түзүлүшү сакталды, өлкө мурдагыдай эле куфр менен башкарылууда. Шамдагы мындай абал, бул фарздын ишке ашышын көрүү үчүн жанын аябаган адамдардын күткөнү эмес эле.

  • Чет өлкөлөрдүн таасирин токтотуу:

Бүгүн Сирия эл аралык жана аймактык таасирлердин талаасына айланды: Америкадан жана Россиядан тартып Иран менен Түркияга чейин. Өз алдынча долбоору жок алсыз тарап сүйлөшпөйт, тескерисинче, багынууларды жасайт. Бул көрүнүш эл аралык системага саясий жагынуу жана 1974-жылдагы ажыратуу келишими сыяктуу эски эл аралык макулдашууларды сактоо аркылуу айкын көрүнүүдө. Батыш жырткычы Шамга жакшылык каалабай турганы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Ал күн-түн дебей исламчылардын бийликке келишинен кооптонуп келген. Баарына маалым болгондой, Батыш Асадды колдоп, анын бир нече жолу кулашына жол бербей койгон. Атүгүл Америка Россияны, Иран партиясын жана башкаларды Шамга киргизип, өз таасирин коргоо жана исламий тараптардын бийликке жетишине бөгөт коюу үчүн шарт түзгөн. Андай болсо, кантип ал жаңы жетекчилик үчүн ишенимдүү союздаш жана таяныч боло алат, ал чындыгында, алардын эң ашынган душманы эмес беле?!

  • Шариатты өкүм кылуу жана Халифалыкты орнотуу:

Бул — Батыш үчүн эң коркунучтуу туруктуу принцип. Батыш, Лавров жана анын жетекчилеринин тили менен, «туура эмес колдордун» (исламчылардын) бийликке келишинен кооптонорун кайра-кайра ачык айткан. Бүгүн болсо окуу программаларын өзгөртүү, Ислам тарбиясынын сааттарын кыскартуу, даъватчыларды жана мужахиддерди түрмөлөрдө куугунтуктоо боюнча олуттуу тынчсыздануу жаралууда. Бул — мурдагы режим кылган иштердин дал өзү.

Даанышмандык менен мабдаийликтин карама-каршылыгы:

Айрымдар бул кооптонууларга «түлкүнүн саясатын» же баскычтуу жүрүштү кармануу зарылдыгы менен жооп берип, Пайгамбарыбыз ﷺдын сирасына таянып, алсыздык баскычтарында сабыр кылууну мисал келтиришет. Бирок бул логика катуу сынга кабылууда: Пайгамбарыбыз ﷺ  Меккеде курал көтөрбөсө да, кошоматчылыкка баруудан баш тарткан, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарбаган Дар ан-Надва менен саясий өнөктөштүккө кирүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле ал шарттуу же кемтик бийликти кабыл алуудан кескин баш тарткан, өзүнө тапшырылуучу мамлекет толук эгемендүү болуп, башка эч кимге эмес, жалгыз Аллахтын шариятына баш ийишин гана талап кылган. Андан соң Исламдын системасын дароо, түп-тамырынан жана толук түрдө ишке ашырып, жахилияттын буттарын талкалап, анын доорун түбөлүккө жойгон.

Саясий акылмандык Батыш шайтандын кучагына кирүү же «зарылдык» деген жүйөлөр менен жаңы секуляризмди кабыл алуу дегенди билдирбейт. Чыныгы коркунуч жаңы жетекчилик Батыш үчүн иштерди жүргүзгөн убактылуу өкмөткө айланып, эл аралык системанын чечимдерин аткарып, өз ордун сактап калуу үчүн яхудий түзүмү менен жылуу мамиле кылууга өтүп кетишинде. Бул болсо жүз миңдеген шахиддердин канына жасалган чыккынчылык болуп саналат.

Шамдын өздүгү өзгөрдүбү?

Саясий күчтөр жана сатылган маалымат каражаттары жүргүзүп жаткан бурмалоо жана адаштыруу аракеттерине карабастан, Шамдын өздүгү сынбай келет. Дараа, Хомс, Гутадан, атүгүл Дамасктын жүрөгүнөн чыккан ураандар көчөнүн чыныгы кыймылдаткычы ар дайым жана бүгүн да мечит экенин тастыктап турат.

Өткөн жылдын окуялары үммөт бомбалоо, ачарчылык жана жер которуунун ачуу сыноолору аркылуу өз жүзүн таанып-билгенин көрсөттү. Кан менен мөөр басылган бул өздүктү бир калем шилтөө же жабык эшик артындагы коопсуздук келишими менен өчүрүү мүмкүн эмес. Бүгүн сириялдагы көчөлөр байкап турат жана анын аң-сезими жетишерлик: ал чыныгы ихластууларды өз кызыкчылыгы үчүн аны «нормалдашуу» жана моюн сунуу короосуна айдагысы келген адамдардан  ажырата билет.

Шам элине кайрылуу: диниңерди сактап калгыла!

Акырында, элине калп айтпаган чыныгы жол башчынын эскертүүчү кыйкырыгы:

Бүгүнкү чыныгы салгылаш аң-сезим салгылашы. Бул улуу курмандыктардын акыры кылмышкер, зулум эл аралык системанын кучагына кайра кайтуу болбошу керек, тескерисинче, уурдалып кеткен чечимди кайра алуу үчүн революция улантылышы шарт.

Бүгүн Шам элинен, шейхтерден жана даъватчылардан талап кылынганы — Батыштын бардык сунуштарын ачык четке кагуу, Исламдын байрагына бекем кармануу жана Аллах түшүрбөгөн өкүмдөр менен башкарууну жалган жүйөлөр менен актаган «исламий жүздөргө» алданбоо. Шам момундардын мекени, ал үммөт уул-кыздарынын мойнундагы аманат. Анын азаттыгы талаада жеңиш берген дини менен гана болот жана Аллахтын уруксаты менен башкаруу менен саясат аянтында да ошол дин аны жеңишке жеткирет.

Залимдин кулатылышынын жылдыгы өткөн окуяны гана майрамдоо эмес, революцияны уурдап кетүүгө аракет кылган жаңы эл аралык зулумдукка каршы туруштун башталыш чекити. Эми Шам эли өз Шамын сактап калып, аны алгачкы тазалыгына кайтара алабы?

Устаз Ахмад ас-Суфий (Абу Низар аш-Шами)

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button