Умайр ибн Вахб ал-Жумахийдин Исламга кириши

Умайр ибн Вахб ал-Жумахийдин Исламга кириши
Ибн Исхактын Мухаммад ибн Жаъфар ибн Зубайрдан, ал болсо Урва ибн Зубайрдан (Алла экөөсүнөн тең ыраазы болсун) рыбаят кылышынча, ал мындай дейт: Умайр ибн Вахб ал-Жумахий Бадр калкына жеткен кайгылардан бир аз кийин Сафван ибн Умайя менен ал-Хижрда отурган эле. Умайр ибн Вахб Курайш мушриктеринин бири болуп, Меккеде Расулулла (с.а.в)га жана ал кишинин асхабдарына азар берип кыйначу. Анын уулу Вахб ибн Умайр Бадр туткундары арасында эле. Ал Калиб кудугуна ташталгандарды жана аларга жеткен кайгыларды эстегенде, Сафван: «Аллага ант болсун, алардан кийин жашоонун эч кандай кызыгы калбады» деди. Муну угуп Умайр: «Туура айттың, бирок – Аллага ант болсун – эгер үстүмдө үзө албаган карызым болбогондо жана үй-бүлөмдүн менден кийин кароосуз калышынан коркпогонумда, аттанып Мухаммаддын алдына барып, аны өлтүргөн болоор элем. Себеби, менин буга жүйөм бар. Уулум алардын колуна туткунга түшүп калган» деди. Сафван ибн Умайя муну укканда, учурдан пайдаланып ага мындай деди: «Сенин карызың менин мойнума, аны сенин ордуңа мен төлөймүн. Үй-бүлөңү да өзүмүн үй-бүлөм менен бирге карап турамын. Эгер үй-бүлөң тирүү болсо эле, аларды кароосуз таштап койбоймун, алар менин карамагымда болот». Муну уккан Умайр ага: «Бул кеңешиң экөөбүздүн ортобузда сыр болуп калсын. Эч кимге айтпа» деди. Сафван «Мейли» деди. Ошондон кийин Умайр кылычын алып келүүнү буюрду. Аны курчутуп, уу сүрттү. Кийин жолго чыкты. Ал Мадинага жетип келген убакта Умар ибн Хаттаб (р.а) бир канча мусулмандар менен Бадр күнүн сүйлөшүп, Алла өздөрүн эмнелер менен улуулаганын жана душмандар тарабынан өздөрүнө эмнелерди көрсөткөнүн эстеп отурушкан эле. Ошондо капыстан Умардын назары кылыч тагынып мечит эшигине жакындашып калган Умайр ибн Вахбга түшүп калды, ал: «Алланын душманы болгон Умайр ибн Вахб го, ал бул жерге бир жаман ниетте келген. Ал ортобузга фитна салган жана Бадр күнүндө коомду бизге каршы кайраган кимсе», – деди.
Андан кийин Умар Расулулла (с.а.в)дын алдына кирип: «Эй Алланын пайгамбары, Алланнын душманы болгон тиги ибн Вахб кылычын тагынып келиптир», – деди. Муну уккан Пайгамбарыбыз:
«فَأَدْخِلْهُ عَلَيَّ»
«Аны алдыма киргизгин», – деди. Умар чыгып, анын мойнундагы кылычынын кайышынан кармап, жакасынан бууп алды да, өзү менен отурган ансарларга: «Расулулла (с.а.в)дын алдына киргиле, ал кишинин алдында отургула жана мына бул ыпыластын ал кишиге зыян жеткизип коюшунан этият болгула, себеби, ага ишенип болбойт», – деди. Ошондон кийин Умайр ибн Вахб Расулулла (с.а.в)дын алдына кирди. Расулулла (с.а.в) Умар аны мойнундагы кылычынын кайышы менен бууп турганын көрүп:
«أَرْسِلْهُ يَا عُمَرُ. اُدْنُ يَا عُمَيْرُ»
«Эй Умар, аны коё бер. Жакыныраак кел, эй Умайр», – деди. Ошондо Умайр жакыныраак келип: «Кутмандуу күнүңүз менен» деп, жахилият саламын берди. Расулулла (с.а.в) муну угуп:
«قَدْ أَكْرَمَنَا اللهُ بِتَحِيَّةٍ خَيْرٍ مِنْ تَحِيَّتِكَ يَا عُمَيْرُ، بِالسَّلامِ تَحِيَّةُ أَهْلِ الْجَنَّةِ»
«Алла бизди, эй Умайр, сенин саламыңа караганда жакшыраак болгон, бейиш калкы айта турган «салам» деген сөз менен ызат кылып сыйлады», – деди. Умайр: «Эй Мухаммад, мындай саламды биринчи жолу угуп жатамын», – деди. Пайгамбарыбыз ага:
«فَمَا جَاءَ بِكَ يَا عُمَيْرُ؟»
«Эй Умайр, бул жерге эмне максатта келдиң?» – деди. Умайр: «Колуңуздагы тиги туткун үчүн келдим, ага жакшылык кылгыла», – деди. Пайгамбарыбыз:
«فَمَا بَالُ السَّيْفِ فِي عُنُقِكَ؟»
«Анда эмнеге мойнуңа кылыч асынып алдың?» – деди. Умайр: «Алла аны жаман кылычтардын катарына кошсун! – деди. Пайгамбарыбыз:
«اِصْدِقْنِيْ مَا الَّذِيْ جِئْتَ لَهُ؟»
«Мага чынын айт, эмне максатта келдиң», – деди. Умайр: «Ушул үчүн гана келдим» деди. Пайгамбарыбыз:
«بَلْ قَعَدْتَ أَنْتَ وَصَفْوانُ بْنُ أُمَيَّةَ فِي الْحِجْرِ، فَذَكَرْتُمَا أَصْحَابَ الْقَلِيْبِ مِنْ قُرَيْشٍ، ثُمَّ قُلْتَ: لَوْلا دَيْنٌ عَلَيَّ وَعِيَالٌ عِنْدِيْ لَخَرَجْتُ حَتَّى أَقْتُلَ مُحَمَّداً، فَتَحَمَّلَ لَكَ صَفْوَانُ بْنُ أُمَيَّةَ بِدَيْنِكَ وَعِيَالِكَ عَلَى أَنْ تَقْتُلَنِيْ لَهُ، وَاللهُ حِائِلٌ بَيْنَكَ وَبَيْنَ ذَلِكَ»
«Жок, андай эмес, тескерсинче, сен Сафван ибн Умайя менен ал-Хижрде отуруп, Калиб кудугуна ташталган Курайш мушриктерин эстедиңер. Кийин сен «эгер карызым жана үй-бүлөм болбогондо, албетте, жолго чыгып, Мухаммадды өлтүрүп келген болор элем» дедиң. Муну угуп Сафван ибн Умайя мени өлтүрүшүңдүн эсебине карызыңды төлөөнү жана үй-бүлөңү карап турууну өз мойнуна алды. Алла болсо сенин мындай кылышыңа таптакыр жол бербейт», – деди.
Муну уккан Умайр: «Чын жүрөгүмдөн күбөлүк беремин, албетте, сиз Алланын элчиси экенсиз. Чындыгында, биз сиз алып келген асман кабарын жана сизге түшүрүлгөн вахийди жалганга чыгарган элек. Бул иштен болсо бир гана мен жана Сафван кабардар элек. Мен эми билемин, сизге муну Алла маалым кылган. Мени хидаяттаган жана мени бул жерге алып келген Аллага мактоолор болсун» деди. Ошондон кийин чыныгы шахадат келмесин айтып, ыйман келтирди. Расулулла (с.а.в):
«فَقِّهُوْا أَخَاكُمْ فِيْ دِيْنِهِ، وَعَلِّمُوْهُ الْقُرْآنَ، وَأَطْلِقُوْا أَسِيْرَهُ»
«Боордошуңарды дини менен тааныштыргыла, ага Курандан таалим бергиле жана туткунда жаткан уулун коё бергиле», – деди. Сахабалар пайгамбарыбыздын буйругун аткарышты. Ошондон кийин Умайр: «Я Расулулла, мен Алланын нурун өчүрүүгө болгон күчүм менен урунуп, Алланын дининдеги кишилерге катуу азаптарды жеткирген элем. Мен эми мындай нерсени каалаймын, мага уруксат берсеңиз, Меккеге барып аларды Аллага, Расулуна жана Исламга даъват кылсам, ажеп эмес, Алла аларды да Туура Жолго баштаса. Болбосо, кудум асхабдарыңызга дини жаатында азар жеткиргенимдей, аларга да дини жаатында азар жеткиремин» деди. Расулулла (с.а.в) ага уруксат берди. Ошондон кийин Умайр Меккеге жөнөп кетти. Умайр ибн Вахб жолго чыкканда Сафван: «Азыр силерге келе турган күтүлбөгөн кабардан ушундай кубанасыңар деп кой, ал силерге Бадр согушун унуттурат» деп жатты. Сафван келе жаткан жолоочулардан Умайр жөнүндө сурап турду. Бир жолоочу келип анын Исламга киргенин кабарлаганда, Сафван ага таптакыр сүйлөбөөгө жана ага эч качан жардам бербөөгө ант ичти.
Табароний мындай рыбаят кылат: Умайр (р.а) Меккеге келгенден кийин, Исламга даъват кыла баштады жана өзүнө каршы чыккан кишилерге катуу азар жеткире баштады. Анын колунда көп адамдар Исламга кирди. Алла аны хидаяттаган убакта мусулмандар абдан кубанышты. Умар ибн Хаттаб (р.а): «Мен аны менен таанышкан убакта, мен үчүн андан көрө доңуз жакшыраак эле. Бүгүн болсо ал мага кээ бир перзенттеримден да сүйүктүүрөөк», – деди.
Вакидий рыбаят кылып мындай дейт: Умайр ибн Вахб (р.а) Исламга кирип Меккеге келгенден кийин, Сафван ибн Умайя менен учурашпастан, түз эле өз үй-бүлөсүнө келип, өзүнүн Исламга киргенин маалым кылды жана ага даъват кылды. Бул кабар Сафванга жеткенден кийин, ал: «Менин алдыма кирбей түз үйүнө барып түшкөндө, анын динден кайтканын билген элем. Эми, ага эч качан сүйлөбөймүн, ага да, үй-бүлөсүнө да эч кандай жардам бербеймин», – деди. Ошондон кийин Сафван ал-Хижрде отурган чагында, Умайр анын алдына келип, аны чакырды. Ал болсо тескери карап алды. Ошондо Умайр ага: «Сен алдыңкыларыбыздын бирисиң. Акыры биз сыйынган таштардын жана аларга атап сойгон курмандыктарыбыздын эмне экендигин көрбөй жатасыңбы, ушул да динби? Алладан башка кудай жок жана Мухаммад Анын пендеси жана Расулу деп чын жүрөгүмдөн күбөлүк беремин», – деди. Сафван болсо эч кандай жооп кайтарбады.
