Фикхий

Уурдалган мал-мүлктү сарптоо

Уурдалган мал-мүлктү сарптоо
Суроо: Эгер ууру жазага тартылса, уурдалган мал-мүлк ал үчүн адал болуп, аны сатууга же белек кылууга же хадия кылууга жарайбы?
Жооп:
Уурдалган мал-мүлк өз ээсине таандык, ага кайтарып берүү керек. А түгүл, уурунун колу кесилген болсо да. Демек, уурдалган мал-мүлктү сактап калуу жаиз эмес, тескерисинче ал сөзсүз түрдө өз ээсине кайтарылышы керек. Ууру аны сатып жиберсе да, ал өз ээси үчүн кайтарылат, андан кийин уурдалган малды сатып алган киши аны саткан уурудан (төлөгөн акчасын) кайтарып алат.
Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«من وجد عين ماله فهو أحق به، ويتبع البيع من باعه»,
«Кимде-ким өз мал-мүлкүн тапкан болсо, ага башкалардан көрө акылуураак болот. Ал эми сатып алуучу сатуучу адамды (төлөгөн акчасын кайтарып алуу үчүн) күзөтөт».
жана башка бир риваятта:
ويرجع المشتري على البائع بالثمن
«жана сатып алуучу сатуучуга төлөгөн баасы үчүн кайтат (аны талап кылат)».
Эгер уурдалган буюм жок болуп кеткен же сарпталып кеткен болсо, анда ууру кепил болот жана анын наркын төлөйт.
Ошондуктан ууру уурдалган мал-мүлктү белек кылууга да, ал нерсеге той берүүгө да укуктуу эмес. Кимде-ким той уурдалган мал-мүлктөн берилип жатканын билсе, же белектин уурдалган малдан экенин билсе, же сатылып жаткан нерсенин уурдалган экенин билсе, анда бул уурдалган нерсени белек катары да, той катары да, сатып алуу катары да кабыл алууга болбойт. Эгер кабыл алса, анда күнөөгө батып, шариат өкүмдөрүнө ылайык жазага тартылат.
17/11/2006-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button