
Финансылык тыңчылык
Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар үчүн жаңы эрежелерди бекитти. 14-январдан тартып ири же стандарттан тышкаркы операциялар жүргүзүлгөн учурда акча алмаштыруучу жайлар Кыргызстандын жарандарынын да, чет өлкөлүк жарандардын да документтерин жана акчанын келип чыгуу булагын текшерүүгө укуктуу болот.
Улуттук банктын токтомундагы негизги талаптар: 100 миң сомдон 1 млн сомго чейинки операцияларда кардардын өздүгүн аныктаган документтер талап кылынат; 100 миң сомдон жогору операциялар сөзсүз катталат; айрым категориядагы кардарлар каражаттын кайдан келип чыкканын тастыкташы керек; акча алмаштыруу жайларынын кызматкерлери кардарды Кыргызстандын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесине кирген-кирбегенин текшерүүгө милдеттүү; тобокелдүү делген операцияларга кошумча документтер суралып, аны жүргүзүүгө акча алмаштыруу жайынын жетекчиси уруксат бериши зарыл; эгерде нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларда шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери камтылган болсо банк, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери жана алмашуу бюролорунда ишке ашырылган операциялар суммасына карабастан, шектүү операция экендиги таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
14-январдан тартып Кыргызстанда акча алмаштыруу жайлары кардарлардын документтерин текшерүүгө жана акчанын келип чыгуу булагын ачыктоону талап кылууга укук алат. Формалдуу түрдө бул токтом акчаны адалдоого жана каржылык кылмыштарга каршы күрөшүүнү көздөйт делген. Бирок, чындыгында кимдер текшерилет? Реалдуулук көрсөтүп тургандай, татаал схемалар аркылуу миллиондорду чыгарып кеткендер эмес, акча алмаштыруучу жайларда накталай акча кармап турган жөнөкөй адамдар текшерилет.
Негизи жашоодо көпчүлүк адамдар финансылык эрежелер менен жашабайт. Маселен, акча жылдар бою чогулат, туугандардан берилет, чет өлкөдөн алып келинет, кошумча иштерден табылат жана көп учурда справка, келишим же мөөр менен коштолбойт. Бул акчалар толугу менен мыйзамдуу болушу мүмкүн, бирок жаңы кабыл алынган токтомго ылайык алар автоматтык түрдө «шектүү» болуп калат.
Натыйжада адам оңтойсуз абалга туш болот: ал эч нерсени бузган эмес, бирок өзүн актоого мажбур. Анан да соттун алдында эмес, акча алмаштыруу жайында актанууга өтөт же болбосо «пара» берүүгө мажбур.
Жаңы талаптар кардарлар жана алардын финансылык операциялары тууралуу маалыматты көп жылдар бою чогултууну жана сактоону билдирет. Ким, качан жана канча акча алмаштырды, акча кайдан келген, кандай документтер көрсөтүлдү – мунун баары катталат. Мындай чаралар менен мамлекет жарандардын финансылык ишмердигин толук көзөмөлгө алууга жол табууда.
Андан тышкары, маалымат ачыкка чыгып кетиши да мүмкүн, өзгөчө биздин өлкөдө. Бул абдан кооптондурат. Финансылык маалымат — эң маанилүү маалыматтардын бири. Учурда адамдар өздөрүнүн финансылык маалыматы ишенимдүү корголот дегенден алыс.
Жалпысынан алганда, бул токтом катардагы жарандардын финансылык ишмердиги үстүнөн толук көзөмөл орнотууга алып келет. Мындан улам, адамдар кылмышка шектүү болбосо да валюта алмаштырууда өздүгүн тастыктаган документтерди, акчанын келип чыгуу булагын ачыктоого мажбур.
Бул Ислам шариятына тескери келет. Албетте кылмышка шектүү адам болсо, ал башка маселе. Бирок бул жерде жарандар жапырт көзөмөлгө алынып жатат. Бул адамдар үстүнөн тыңчылык кылууга жана толук көзөмөл орнотууга барабар. Хужурат сүрөсүнүн 12-аятында айтылат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اجْتَنِبُوا كَثِيرًا مِنَ الظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ الظَّنِّ إِثْمٌ وَلَا تَجَسَّسُوا
“Оо, ыйман келтиргендер! Шектенүүдөн сактангыла! Чынында, кээ бир күмөндөр күнөө жана бири-бириңерди аңдыбагыла”.
Ал эми, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат:
« إِيَّاكُمْ وَالظَّنَّ ، فَإِنَّ الظَّنَّ أَكْذَبُ الْحَدِيثِ ، وَلاَ تَحَسَّسُوا ، وَلاَ تَجَسَّسُوا ، وَلاَ تَحَاسَدُوا ، وَلاَ تَدَابَرُوا ، وَلاَ تَبَاغَضُوا ، وَكُونُوا عِبَادَ اللَّهِ إِخْوَانًا »
«Адамдар жөнүндө жаман ойлордон алыс болгула, анткени, чынында эң жаман ойлор — бул эң жалган сөздөр! Бир-бириңердин жашооңорду билүүгө аракет кылбагыла, тыңчылык кылбагыла, бири-бириңерге көрө албастык кылбагыла, бири-бириңерге далыңарды салбагыла, бири-бириңеди жек көрүүнү токтоткула жана бир туугандардай болгула, о Аллахтын кулдары!». (Бухари).
إِنَّ الأَمِيرَ إِذَا ابْتَغَى الرِّيبَةَ فِي النَّاسِ أَفْسَدَهُمْ «Шек себүүчү башкаруучу элди бузат». (Абу Дауд).
Харун Абдулхак




