Францияда НАТОдон чыгуу сунушталууда

Францияда НАТОдон чыгуу сунушталууда
Франциянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Клеманс Гете өлкөнү НАТОдон чыгаруу демилгесин көтөрдү. Ал X социалдык тармагындагы баракчасында бул маселе боюнча резолюцияны парламенттин төмөнкү палатасынын кароосуна алып чыгууну көздөп жатканын билдирди.
«Франция — АКШ башында турган жана алардын кызыкчылыгына кызмат кылган аскердик альянстагы катышуусу мурдагыдан да курч турат. Мен Францияны Түндүк Атлантикалык альянстан, эң оболу биргелешкен аскердик командачылыктан чыгууга чакырган резолюцияны кароону сунуштайм», – деп жазды Гете.
Гете өзүнүн позициясына Вашингтондун акыркы тышкы саясий кадамдары таасир эткенин белгиледи. Тактап айтканда, ал АКШ аскерлери тарабынан Венесуэланын президенти Николас Мадуронун уурдалышы тууралуу окуяны, АКШнын «Палестинадагы геноцидге» аскердик колдоо көрсөткөнүн, ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландияны куралдуу жол менен аннексиялоо мүмкүнчүлүгүн да камтыган коркутууларын эске салды.
Эске салсак, Франция — НАТОнун негиздөөчү мамлекеттеринин бири. Ал 1949-жылы уюм түзүлгөндө эле анын курамына кирген жана Европа коопсуздугунда маанилүү роль ойноп келген.
1966-жылы президент Шарль де Голль Францияны НАТОнун бириккен аскердик командачылыгынан чыгарган. Бул чечим өлкөнүн аскердик жана саясий эгемендүүлүгүн сактоого багытталган. Ошол мезгилде Франция НАТОдон толук чыккан эмес, бирок өз армиясын өз алдынча башкарган.
2009-жылы президент Николя Саркозинин учурунда Франция НАТОнун бириккен аскердик түзүмүнө кайра кошулган. Бүгүнкү күндө Франция альянстын эң таасирдүү мүчөлөрүнүн бири болуп саналат.
Ошол эле учурда Париж АКШнын НАТО ичиндеги үстөмдүгүн сынга алып, Европанын стратегиялык автономиясын колдойт. Бул Франциянын НАТОдогу ордун союздаштык менен көз карандысыздыкты айкалыштырган өзгөчө позициясы катары көрсөтөт.




