Макала
Trending

Француздардын Алжирдеги кылмыштары

Француздардын Алжирдеги кылмыштары

Алжирдин Улуттук элдик жыйыны Франциянын 1830–1962-жылдар аралыгында өлкөгө үстөмдүк кылган колониялык доорун мамлекеттик кылмыш жана эл аралык укукту бузуу, анын ичинде адамзатка каршы кылмыштар катары расмий тааныган мыйзамды бир добуштан кабыл алды.

Документте Франция тарабынан жасалган кылмыштар кеңири көрсөтүлгөн: массалык кыргындар, сотсуз аткарылган жазалоолор, системалуу кыйноолор, мажбурлап депортациялоо, Сахарадагы ядролук сыноолор, кен-байлыктарды талап-тоноо жана маданий, диний мурастын жок кылынышы.

Франция Алжирди басып алууну 1830-жылы баштаган, бул 1962-жылга чейин созулуп, өлкө 132 жыл бою колонияга айланган. Колонизаторлук доор болуп көрбөгөндөй ырайымсыздык менен мүнөздөлгөн:

Алжирди басып алуу жана колонизаторлуктун алгачкы жылдары (1830–1870-жылдар):

Француз аскерлери «өрттөлүп күлү сапырылган жер» саясатын жүргүзүшкөн: айылдар тонолуп, эгиндер жок кылынган, массалык жазалоо жана өлүм жазалары орун алган. Тарыхчылардын баалоосуна ылайык, Алжир калкынын жоготуулары болжол менен 3 миллион калктын ичинен 500 миңден 1 миллион адамга чейин жеткен. Айрым изилдөөчүлөр, мисалы Бен Кирнан, бул мезгилди геноцид деп аташат.

Түтүн менен муунтуу (1844–1845-ж):

Француз аскерлери катардагы урууларды үңкүрлөргө кууп кирип, андан кийин от жагышкан. Натыйжада адамдар түтүнгө муунуп каза болушкан. Эң белгилүү окуя 1845-жылдын июнь айында Дахра аймагында болгон, анда полковник Пелиссьенин буйругу менен 500дөн 1 500гө чейин адам набыт болгон.

Сетиф жана Гельмадагы кыргын (1945-ж):

1945-жылдын 8-майында, Германиянын капитуляциясы белгиленип жаткан күнү, көз карандысыздыкты талап кылган желектерди көтөргөн алжирликтердин тынч демонстрациялары француз армиясы, полициясы жана колонисттер тарабынан ырайымсыз бастырылган. Ар түрдүү булактар боюнча курман болгондордун саны 6 миңден 45 миң адамга чейин жетет.

Алжирдин көз карандысыздык үчүн согушу (1954–1962-ж):

Эң кандуу этап, системалуу кыйноолор жана массалык репрессиялар ушул доордо болгон. Бул мезгилде системалуу кыйноолор кеңири колдонулган: электр тогу менен кыйноо, «суу тактасы» (муунтуу ыкмасы), чөктүрүү, ошондой эле массалык өлүм жазалары, айылдар бомбаланып, концлагерлер уюштурулган. 2 миллиондон ашык алжирлик мажбурлап көчүрүлүп, 8 миңден ашуун айыл жок кылынган. Калктын жоготуулары ар түрдүү эсептөөлөр боюнча 400 миңден 1,5 миллион адамга чейин жетет.

Ядролук сыноолор (1960–1966-ж):

Франция Сахарада – атмосфералык жана жер астындагы сыноолорду кошкондо – 17 ядролук жардыруу жүргүзгөн. Биринчи жардыруу («Gerboise Bleue») 1960-жылы болгон жана ал Хиросимага ташталган бомбага караганда төрт эсе күчтүү болгон. Радиация миңдеген адамдардын оорусуна, мутацияларга жана өлүмгө алып келген, ал эми көптөгөн аймактар бүгүнкү күнгө чейин толук тазаланган эмес.

Экономикалык эксплуатация жана маданий жок кылуу:

Миллиондогон гектар жерлер алжирликтерден тартып алынып, колонизаторлорго берилген. Мечиттер бузулган, араб тилине тыюу салынган, мажбурлап ассимиляция жүргүзүлгөн.

Азырынча Париж мыйзамга расмий комментарий бере элек. Бирок Франциянын Тышкы иштер министрлиги бул демилгени «ачык түрдө касташкан мүнөздөгү» деп атап, документ эл аралык юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгиледи. Франциянын президенти Эмманюэль Макрон 2017-жылы колонизацияны «адамзатка каршы кылмыш» деп атаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий кечирим суроо да, компенсация (репарация) төлөө да болгон жок.

Мындай кандуу тарыхка Франция гана эмес, Батыштын башка өлкөлөрү да аралашкан. Бул колонизатор мамлекеттер өздөрүнүн мындай ырайымсыз кылмыштарын жаап жашыруу, эч кандай жоопкерчиликке тартылбоо жана колония астындагы өлкөлөрдө өз таасирин сактап калуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүшкөн. Кандай гана кылмыш же геноцид болбосун, алар жоопкерчиликке эч качан тартылбайт. Себеби бул нерсеге БУУнун мыйзамдары жол берет. Тагырак айтканда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү (АКШ, Россия, Британия, Франция, Кытай) макулдук беришпесе, эч бир резолюция кабыл алынбайт. Анткени аларда вето укугу бар. Ошондуктан аларга каршы резолюция кабыл алуу мүмкүн эмес. Демек, кандай гана сунуш, документ болбосун, бул мамлекеттер макул болбосо – Франциянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей – эл аралык юридикалык күчкө ээ болбойт. Ошон үчүн алар мурун да, азыр да өздөрүнүн кылмыштары үчүн эч качан жоопко тартылышпаган. Британия өз колонияларында кандай гана кылмыштарды жасабады дейсиң, Россиянын Орто Азия жана Кавказдагы кылмыштары, Кытайдын уйгурларга каршы кылмыштары, АКШ жана Батыштын Ирак жана Афганистандагы кылмыштары учурунда миллиондогон мусулмандар кыргын болду. Бирок эч ким жоопкерчилик алган жок. Демек, БУУ жана анын калканына айланган колонизатор мамлекеттер баш болгон учурдагы система кыйратылмайын колонизаторлордун кара мүртөздүктөрү эч качан токтобойт.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button