Роя гезити

Хафтардын Египетке сапары

Хафтардын Египетке сапары

Дүйшөмбү күнү, 8-декабрда, Халифа Хафтар Египетке кыска мөөнөттүү сапар менен барды. Бул сапар Сиси тарабынан чакыруу аркылуу болгондой көрүнөт. Египеттик маалымат каражаттарынын айтымында, анда Ливиядагы туруктуулук маселеси талкууланган. Бирок Сисинин өзү Ливиядагы туруксуздуктун эң негизги себептеринин бири экени жакын-алыстагынын баарына белгилүү.

Ошондуктан Хафтар Египеттин чакыруусу менен баргандай көрүнөт. Бул чакыруунун артында Сиси аркылуу Хафтарга бир катар буйруктарды жеткирүү үчүн, Трамп башындагы Америка турган. Айрыкча жолугушууга Египеттин чалгын кызматынын жетекчиси, генерал Хасан Рашад катышканы муну бекемдейт.

Бул сапар Америка Судандагы агенттеринен согушту токтотууну талап кылгандан кийин болду. «Хафтардын Судандагы согушка кандай тиешеси бар?» деп суроо берилиши мүмкүн. Чындыгында, Хафтар ал жактагы согуштун кызытылышына салым кошуп келет, анткени ал Суданга курал-жарак соодасы үчүн коридор түзүп берген. Ал Бириккен Араб Эмираттары тарабынан акысы төлөнгөн орус куралдарын ташууну көзөмөлдөйт. Хафтар жана анын уулдары бул куралдарды Хамидтиге жеткиргени үчүн накталай акча алышат. Акыры бул куралдар Судан элин кырууда колдонулсун деп, Дарфурда «кичинекей мамлекет» түзүү убадасы берилгени Хамидтиге жеткен.

Учурда Триполиде БУУнун миссиясы колдогон кыймыл жүрүп жатат, ал парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдык деген ат менен жүргүзүлүүдө. Хафтар бул процесстин натыйжасында өзү жана уулдары саясий сахнадан четтетилип калышынан чочулайт. Менимче, болуп жаткан нерсе Американын батыш Ливиядагы коомчулукту алдоо аракети. Анткени ал кризисти чындап бүтүрүүнү да, шайлоолорду өткөрүүнү да каалабайт, болгону элди алаксытуу үчүн ушундай кадамдарга барат. Ошондуктан шайлоолорго түртүп жаткандай көрүнүп, ошол эле учурда аларды ишке ашпай калтырууга аракет кылууда.

Газадагы яхудий түзүмүнүн согушунан кийин Америка коомдук пикирдин козголо баштаганын, өзүнүн ал жактагы катышуусуна нааразылык күчөгөнүн сезди. Ошондуктан ал алаксытуу ыкмаларын жаратууну жана элдерди пайдаланууну улантып, үммөткө оор жүк болуп отуруп, анын ресурстарын көзөмөлдөөнү көздөйт. Ушул максатта жыл ортосунда америкалык кеңешчи Массад Булос жөнөтүлүп, өлкөдөгү америкалык экономикалык катышууну бекемдөө аракети жасалды.

Демек, бул сапарды жасоого олуттуу себеп болгон жок, ошондуктан ал «сапар» эмес, «чакыртып келүү» болгон деген тыянакка келүүгө болот. Эгер чакыртып келүү десек, анда алар Хафтарга кандай билдирүү жеткиргиси келишти?

Бир аз ой жүгүртсөк, Трамп Судандагы согушту токтотууну каалап жатат. Демек, Хамидтинин пайдасына Суданга курал жеткирүүчү коридор жабылышы керек. Анткени орус куралдарын акысын алып Хамидтиге жеткирип жаткан дал ушул Хафтар.

Эми Америка өз агенттерине согушту токтотуу тууралуу буйрук берип, Суданды бөлүү маселесин талкуулоо башталгандан кийин, Америка көз карашында бул идея бышып жетилип, аны белгилүү бир формада ишке ашыруу зарылдыгы пайда болгондой көрүнөт. Анткени сапар тууралуу айтылгандар сөздөр, айрыкча Ливиядагы туруктуулукту изилдөө маселеси, чыныгы максат эмес экени айкын. Баарына белгилүү болгондой, Египет Ливиянын туруктуулугуна кызыкдар эмес, тескерисинче, элдин көзүндө Ливиядагы туруксуздукту күчөткөн эң негизги тарап катары кабыл алынат.

Ал эми Хафтардын ички маселелердеги иштери, өлкөдөгү акча-кредит туруктуулугуна кам көрүп жаткандай көрүнүшү, накталай акчанын жетишсиздигин жана валютанын инфляциясын чечүү аракети — мунун баары элди кедейлетип, алардын топтогон каражаттарын жок кылууга багытталган америкалык эрктин натыйжасы. Бул иштерде Хафтар жана анын уулдары эң чоң рол ойноп келишти. Анткени ал жергиликтүү рыноктон алынган күйүүчү майды Суданга, Хамидтиге жөнөтүп турган. Натыйжада чыгыш аймактарында эл күйүүчү май таба албай, кырдаал оорлоп кетти. Ал эми күйүүчү май борбордук банк тарабынан субсидияланган, дээрлик бекер товарлардан болчу.

Кыскасы, Хафтар маалымат каражаттары аркылуу өзүн кандай көрсөтүүгө аракет кылбасын, анын колунда эч нерсе жок. Ал кырдаалды курчутууга гана жарайт, бирок кризистерге чечим табууга жарабайт.

Ошондой эле Батыш Ливиядагы кризистерди жаратууга катышып жаткан күчтөрдүн да окуялардын алдыңкы сабында турушу абалды, айрыкча экономикалык жагдайды, андан ары курчутууга гана алып келет.

Азыр Сисиден талап кылынган нерсе – Хафтарга өлкөнүн Египет жана Судан менен чектешкен чыгыш бөлүгүндө үстөмдүгүн сактап калууга жардам берүү. Хафтар Египетке барганда, алдыдагы этапта өзүнүн абалы жана ролу кандай болорун билип, тынчтанды.

Андай болсо, босогодо турган Судандын бөлүнүшүнөн кийин Ливиянын бөлүнүшү да болобу? Андай учурда Хафтардын орду кайсы жерде болот? Америка аны өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө пайдаланабы? Анткени байкоочулардын баарына айкын болду: Америка өз агенттери Бурханга да, Хамидтиге да, эки тараптагы согушуп жаткан тараптардын ичиндеги бардык кызыкдарларга Судандагы согушту токтотуп, алдыдагы сүйлөшүү этабына даярданууну талап кылды. Бул — Алланын шариятын таштап, шайтанга ишенип, анын убадасына алданып, буйруктарын аткарган адамдын тагдыры:

﴿وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُوراً﴾

«Акыр-акыбетте шайтан берген убадалар бүт бойдон жалган-азгырык болуп чыгат». (Ниса: 120).

Устаз Ахмад аль-Мухаззаб

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button