Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Раштанын (Аллах аны сактап-колдосун) Халифалык мамлекети кулатылышынын 105 жылдыгына карата билдирүүсү

Бисмиллахир Рохманир Рохим
Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Раштанын (Аллах аны сактап-колдосун) Халифалык мамлекети кулатылышынын 105 жылдыгына карата билдирүүсү
Аллахка мактоо, Алланын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ага ээрчигендерге салам-салават болсун.
Андан кийин Аллахтын уруксаты менен жихаддын, адилеттүүлүктүн жана ихсандын, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтүнө… Аллах аны нусрат жана күч-кубат менен азиз кылсын. Рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн даават жүгүн көтөргөндөргө кайрылам. ИншаАллах, биз аларды такыбаа, таза, нуру чачыраган, берекелүү адамдар деп эсептейбиз.
Дал ушундай күндөрдө, мындан жүз беш жыл мурда, 1342-хижрий жылдын Ражаб айынын аягында, 1924-жылдын март айынын башына туура келген күнү Британиянын жетекчилигиндеги колонизатор каапырлар араб жана түрк чыккынчылары менен кызматташып, Халифалык мамлекетин жок кылууга жетишкен. Замандын кылмышкери Мустафа Кемал Халифалыкты жоюу менен ачык каапырлыкты жарыялап, халифаны Стамбулда курчоого алып, ошол күндүн таңында аны шаардан чыгарган. Ушундайча мусулман өлкөлөрүндө коркунучтуу жер титирөө болду — алардын азиздигинин булагы жана Раббисинин ыраазычылыгы болгон Халифалык жок кылынды. Үммөткө Алланын Элчисинин ﷺ Убада ибн ас-Самит (Аллах андан ыраазы болсун) аркылуу келген, мутафакун алайх хадисинде айтылгандай, кылыч менен каршы туруусу фарз эле:
«وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ إِلَّا أَنْ تَرَوْا كُفْرًا بَوَاحًا عِنْدَكُمْ مِنَ اللَّهِ فِيهِ بُرْهَانٌ»
«…Ишти ээсинен (бийлик ээсинен) талашпоого байъат берүүбүздү айтып: «Эгер ачык куфрду көрсөңөр жана силерде бул жөнүндө Аллахтан ачык далил болсо гана мүмкүн».
Бирок үммөт бул иште кемчилик кетирди. Ошол кылмышкерди жана анын жардамчыларын түп-тамыры менен солкулдатып, аларды жеңип, шерменде кылуучу аракетти жасабады. Тескерисинче, Халифалыктан ажыроонун жер титирөөсү уланды. Андан соң мусулман өлкөлөрүнө колонизатор каапырлардын үстөмдүгү орноду. Алар өлкөлөрдү бөлүп-жарып, болжол менен 55 бөлүккө чейин майдалады!
Андан соң мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбиза башкаруучулар бул жер титирөөгө дагы бир мүшкүлдү кошту. Алар Аллах берекелүү кылган жерди т.а. Алланын Элчисинин ﷺ Исра жана Мирааж сапары болгон жерди яхудийлердин басып алышына бөгөт коюшкан жок. Андан ары дагы төмөн даражаларга түшүштү… алар эч нерседен баш тартпастан, яхудий түзүмү менен нормалдашууга шашылышты! Айрымдары бул нормалдашуу кылмышын көшөгөнүн артында жасады, айрымдары болсо аны күндүзү жана түн ичинде ачык жасады! Ошентип, алардын баары кылмышка ашыгышты, башынан бутуна чейин каптаган кордукту таптакыр эске алышкан жок.
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾
«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Алла алдында кордук жана катуу азап жетет». (Анъам: 124).
Халифалык силердин маңдайыңардан түшүп кеткенден кийин мусулмандардын абалы ушундай болду. Бүгүн силердин үстүңөрдө Трамп деген тагуттун буйругу менен башкарган рувайбиза башкаруучулар турат. Буйрук жада калса Газа Хашимде да, бардык берекелүү жерде да аткарылууда. Анткени Трамп 2025-жылдын сентябрь айында Сауд Арабиясын, БАЭни, Катарды, Египетти, Иорданияны, Түркияны, Индонезияны жана Пакистанды камтыган жыйынга төрагалык кылды. Бул жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйындарынын алкагында өтүп, аны «эң маанилүү жыйын» деп атады. Андан соң Трамп аларга 20 пункттан турган планын сунуштады же таңуулады. Ал пландын беренелери Газаны Трамп менен яхудий түзүмү ырахат ала турган бакчага айлантуу үчүн, Газанын жоголушун, ага камкордук орнотууну жана аны колониялаштырууну ачык айтып турду!
Андан кийин Сиси Кинана жеринде Трампты жана анын каргыш тийген планын салтанат менен белгиледи… Бул болсо Газа Хашимди башкара турган «тынчтык кеңеши» деп аталган камкордук же колониялык кеңешти таңуулаган Коопсуздук Кеңешинин 2803-резолюциясына даярдык эле. Андан соң Трамп 2026-жылдын башында Газада өзү төрагалык кылган бул кеңештин мүчөлөрүн жарыялай турганын билдирди.
Мындан тышкары, «Аль-Жазира» анын сөзүн да келтирди: «Трамп сектордо туруктуулук күчтөрүн жетектөө үчүн америкалык генералды дайындашы ыктымал» (Аль-Жазира, 11/12/2025). Демек, Трамп Газадагы башкаруу кеңешин да, коопсуздук күчүн да көзөмөлдөйт!
Андан соң анын атайын өкүлү Виткоф 19/12/2025-жылы Майамиде «ортомчулук» өлкөлөрү болгон Түркия, Египет жана Катар менен жолугуп, экинчи баскычты алдыга жылдыруу үчүн туруктуулук күчтөрүн жайгаштыруу, Хамасты куралсыздандыруу жана мунун иш жүзүндөгү кадамдарын талкуулады!
Кийин Трамп Флоридада Нетаньяху менен жолугуп, мындай деди: «Жыйын абдан жемиштүү болду», — деп журналисттерге кошумчалап: «Сүйлөшүүлөрдө Хамас кыймылын куралсыздандыруу маселеси каралды, бул үчүн аларга кыска мөөнөт берилет, талап аткарылбаса оор кесепеттер болорун эскертти» (BBC, 30/12/2025).
Бул сөздөрдү яхудий түзүмүн Газага каршы адамдарды да, бак-дарактарды да, таш-жерди да жабыркаткан мыкаачы согушта эң оор, оордон да оор куралдар менен камсыздап жаткан Трамп айтып жатат! Трамп мунун баарын мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулардын көз алдында айтып-жасап жатат. Алар берекелүү жерди бошотууга унчукпай, аны бычактап койгондой болушту, тескерисинче, Трамптын жыйырма пунктуна кол чаап беришти!
Андан соң бул башкаруучулар бычак сайган жалгыз гана Палестинаны эмес, алар өздөрү башкарган өлкөлөрдү да каапыр колонизаторлордун, айрыкча Американын кызыкчылыгы үчүн сатышты. Түштүк Судан Түндүгүнөн ажыратылды, эми Дарфур да ошол эле жолдо. Ливия да ушундай кагылышуу артынан эки мамлекетке бөлүнүүдө. Йемен түндүк жана түштүккө, түштүк өзү болсо кайрадан бөлүктөргө бөлүнүп жатат.
Ал эми «жаңы Сирия» Американын койнуна ташталып, мурдагы тагут режиминин шабихаларын жана анын кол алдындагыларын бошотуп жатат, ошол эле учурда Халифалыкка чакырып жүргөн Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин түрмөлөрдө калтырып, аларды он жылга чейин соттоп жатышат.
Муну менен да рувайбизалар токтоп калган жок. Алар Ислам жерлеринин башка аймактарында да багынып беришти же өздөрүн тапшырышты: Кашмирди мушрик индустар басып алды, Россия Чеченстанды жана Борбор Азиядагы башка мусулман жерлерин кошуп алды, Чыгыш Тимор Индонезиядан жулуп алынды, көп жылдар бою мусулмандардын чеби болуп келген Кипрдин басымдуу бөлүгүн бүгүн Греция көзөмөлдөп калды.
Мьянмада рохинжа мусулмандары кыргынга учурап жатышат, алар Бангладешке качып барганда да режим аларды кысып, душманга каршы согушта жардам бербеди. Анан Кытай жырткычтарды да артта калтырган мыкаачылыгы менен Чыгыш Түркстанды эзип жатат. Ал эми мусулман жерлериндеги учурдагы мамлекеттер мүрзөлөрдөй унчукпай турат. Сүйлөп калса, Кытайдын мусулмандарга кылган зулумдугун «ички маселе» деп гана аташат!
﴿كَبُرَتْ كَلِمَةً تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ إِنْ يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبًا﴾
«Алардын ооздорунан чыккан сөз — оор сөз. Алар жалаң жалган сүйлөшөт». (Кахф: 5).
Эй, мусулман армиясындагы жоокерлер!
Силерден мурда өткөн Ислам аскерлеринин жолун улантып, Күчтүү жана Азиз Аллахтын фарзын аткарууга т.а. Палестинаны жана Газа Хашимди Аллах жолундагы жихад менен, Исламдын туу чокусу болгон амал менен ишке ашырууга кудуретиңер жетпейби?! Андан соң өз түп тамырынан ажыратылган чыгышта да, батышта да каапыр колонизаторлор басып алган мусулмандардын ар бир карыш жерин кайтарып алып, каапырларды өз уюгуна чейин кууп барууга кудуретиңер жетпейби?! Кудуретиңер жетпейби? Жок, чындыгында Аллахтын уруксаты менен силер кудуреттүүсүңөр! Анткени силер Ислам үммөтүнүн уулдарысыңар. Ал үммөт Алланын Элчисинин ﷺ үммөтү, мухажирлер менен ансарлардын үммөтү, рашид халифалардын жана алардан кийинки халифалардын үммөтү!
Силер Византия падышасы келишимди бузуп, мусулмандарга кол салганда: «Жообу укканың эмес, көргөнүң болот» деп жооп берген Рашиддин урпактарысыңар жана дал ошондой болгон. Силер зулумга учураган аял «Оо, Мутасим!» деп кыйкырганда, ага жардам берүү үчүн үлкөн армия алып чыккан Мутасимдин урпактарысыңар.
Андан тышкары, силер 583-хижрий жылдын 27-Ражабында, 1187-жылдын 2-октябрында кресттүүлөрдү жеңген, Акса мечитин алардын ыпыластыгынан тазалаган Насир Салахуддиндин урпактарысыңар. Силер Мухаммад Фатихтин урпактарысыңар, Аллах аны жаш амир катары урматтап, Константинополду фатх кылгандыгы үчүн Алланын Элчиси ﷺ тарабынан мактоого арзыган:
«فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا، وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»
«Анын амири кандай гана сонун амир, анын кошууну кандай гана сонун кошуун!».
Ал шаардын ачылышы анын колу менен болду, Аллах ага ырайым кылып, береке берди. Бул 857-хижрий жылы — 1453-жыл болчу.
Силер халифа Селим IIIнүн урпактарысыңар. Анын доорунда Америка Кошмо Штаттары Алжирде кармалган туткундарын бошотуу жана Атлантика океаны менен Жер Ортолук деңизде осмондук флот тарабынан тоскоолдукка учурабастан жүрүүгө уруксат алуу үчүн, Алжирдеги анын валиине жыл сайын 642 миң доллардык алтын, мындан тышкары 12 миң осмондук алтын лира төлөп турган. Ошол учурда Америка тарыхында биринчи жолу өз тилинен башка тилде — Осмон мамлекетинин тилинде — келишимге кол коюуга мажбур болду. Бул 1210-хижрий жылдын Сафар айынын 21де, башкача айтканда, 1795-жылдын 5-сентябрында болгон.
Силер халифа Абдулхамиддин урпактарысыңар. Ал Стамбулга Франциянын элчисин чакырып, аны атайылап аскердик кийимде кабыл алган. Андан соң Алланын Элчиси ﷺ тууралуу жалаа жабылган спектаклди токтотпосо, дүйнөнү төңкөрүп салаарын айтып, мындай деп коркуткан:
«Мен — мусулмандардын халифасымын… Эгер ал спектакль токтотулбаса, силердин дүйнөңөрдү үстүңөргө оодарып салам!».
Франция буга моюн сунуп, спектаклди токтоткон. Бул 1307-хижрий — 1890-жыл эле.
Силер яхудийлер мамлекеттик казынага сунуштаган миллиондогон алтындарга азгырылбаган, ошондой эле Палестинага отурукташууга уруксат берүү үчүн ага каршы уюштурулган эл аралык кысымдардан коркпогон ошол халифанын урпактарысыңар. Ал өзүнүн белгилүү сөзүн мындай деп айткан: «Денемдин кескилениши — Палестинанын Халифалык мамлекетинен кесилип алынганын көргөндөн көрө жеңилирээк». Ал алысты көрө билгендигин көрсөтүп, дагы мындай деген: «Яхудийлер миллиондорун өздөрүндө калтыра беришсин… Эгер бир күнү Халифалык мамлекети кулап калса, анда алар Палестинаны акысыз эле алып коюшат». Дал ошондой болду!
Эй мусулмандар! Эй мусулман жерлериндеги аскерлер!
Эгер Халифалык кайра орносо, ата-бабаларыңар кандай азиз болсо, силер да ошондой азиз болуп кайтып келесиңер. Анткени алардын иш-аракеттери алардын азиздигин жана Аллахтын эң улуу ыраазычылыгын айкын көрсөтүп турат. Алар Халифалыкты тикелеп, аны сактап калышты, ошондуктан азиз болушту, үстөмдүк кылышты жана Раббисинин ыраазычылыгына жетишти. Силер алардын урпактарысыңар. Анда алар ээрчиген акыйкатка келгиле да, аны ээрчигиле. Аълар жасаган азиздикти кайрадан жараткыла! Халифатты кайра орноткула жана аны сактагыла!
Мына, Хизб ут-Тахрир силердин араңарда, ага жардам бергиле. Анткени ал күнү-түнү рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо үчүн иш алып барууда. Бул улуу иште үммөттүн алдына чыгып, аны жетектеп жатат. Халифалыкка болгон дааваты менен каапыр колонизаторлордун уйкусун бузуп жатат. Анда Халифалык тикеленгенде кандай болот?! Каапыр колонизаторлор Тынч океандын четинен — Индонезия менен Малайзиядан тартып, Атлантика жээктерине — Марокко менен Андалуска чейин чийип кеткен чек араларды жана тосмолорду жойсо кандай болот?! Ошондо мусулмандар мурдагыдай эле бир үммөт, бир мамлекет болуп кайтып келишет. Исламды жана мусулмандарды азиз кылган, каапырлыкты жана каапырларды кор кылган рошид Халифалык менен кайтышат. Ал Исламдын жана мусулмандардын жерлерин каапыр колонизаторлордун колунан кайра кайтарып алып, аларды өз өлкөлөрүнүн уюгуна чейин кууп барат. Дүйнөнү кайрадан нурга бөлөйт. Ошол күнү акыйкат өз ордун табат, жалган жок болот.
﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقاً﴾
«Дагы (минтип) айткын: «Акыйкат келди (тактап айтканда Ислам келди) жана батыл (күпүр – каапырдык) өчүп – жоголду. Себеби батыл—жоголуучу нерсе». (Исра: 81).
Айтылышы мүмкүн, Халифадык мунун баарын кыла алабы? Жеңишти жаратып, жеңилүүнү кайтара алабы? Мусулман жерлерин каапыр колонизаторлордон бошотуп гана тим болбостон, аларды өз уюгуна чейин кууп бара алабы? Ооба! Бул тууралуу Раббибиз, Аллах Таала айтат:
﴿إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).
Аллахтын акыйкат нусраты Анын өкүмдөрүн турмушка ашырган Ислам мамлекетин тикелөө менен гана болот. Ал тикеленсе, Аллах ага нусратын бекемдейт жана азиз кылат, достору урматтайт, душмандары коркот. Муну Алланын Элчиси ﷺ да айткан:
«الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында, Имам — калкан; анын артында туруп согушулат жана аны менен корголот».
Демек, халифа жана Халифалык — калкан, башкача айтканда, коргонуу. Кимде коргонуу болсо, ал иншаАллах акырында жеңишке жетет. Анын жери жоголбойт, душмандары ага жакындай албайт.
Муну Халифалыктын тарыхы да айтып турат: Византия кайда, анын асасы кайда? Мадаиндер кайда, Кисралар кайда? Анан чыгыштан батышка, океандан океанга чейин созулган ошол аймактарда «Аллаху Акбар» деп үн салган ким эле? Ислам мамлекети, Исламдын аскерлери жана Исламдын адилеттиги эмес беле! Эгер ал кезде Халифалык чыгышта да, батышта да эки океандын ары жагында да жер бар экенин билгенде, Аллахка даават кылуу үчүн алардын толкундарына да сүңгүп кирмек.
Дагы айтылышы мүмкүн, Хизб ут-Тахрирдин Халифалыктан башка «товары» жок, кайсы жерге барбасын, кайсы жерден кетпесин Халифалыктан башкасын сүйлөбөйт, андан башканы билбейт, андан башкага ынанбайт… Биз айтабыз: ооба, Халифалык — бул товар да, иш дагы. Ал азиздик жана коргонуу, ал дин менен дүйнөнүн сакчысы, ал негиз жана чечим, аны менен өкүмдөр жүргүзүлөт, жазалар колдонулат, фатхтар ишке ашат жана баштан акыйкат менен көтөрүлөт. Дал Халифалык үчүн мусулмандар Алланын Элчисин ﷺ даярдап, жерге коюу ишинин улуулугуна жана маанилүүлүгүнө карабай, ага киришүүдөн мурда аракет кылышкан. Мунун баары Халифалыктын улуулугу жана мааниси үчүн болду. Улуу сахабалар Халифалык менен алектенүүнү ошол чоң фарздан т.а. Алланын Элчисин ﷺ жерге берүүнү даярдоодон да артык көрүшкөн.
Эй мусулмандар! Эй мусулман жерлериндеги аскерлер! Халифалыкты тикелөө — мусулмандардын тагдыр чечүүчү маселеси. Биз Аллахтын нусратына, Исламдын жана мусулмандардын азиздигине, жихад кылуучу рошид Халифалыктын кайра кайтышына, Палестинаны басып алган яхудий түзүмүн жок кылууга жана Константинопол фатх кылынып, Истанбул деген даруль Ислам болгондой эле, Римдин фатх болушуна да ишенебиз. Каапырлар менен мунафыктар:
﴿إِذْ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ غَرَّ هَؤُلَاءِ دِينُهُمْ﴾
«Ошондо мунафыктар жана дилдеринде оору-мараз болгон кишилер: «Аларды (мусулмандарды) диндери алдап жиберди (тактап айтканда аз гана адам менен ушундай чоң кошуунга каршы согушмакчы болуп жатышат») дешти.» (Анфал: 49),
— деп айтышса да, биз ишенебиз. Анткени мусулмандарга боло турган бул нусрат Аллах Тааланын убадасында:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну убада кылды». (Нур: 55).
Жана биз жашап жаткан жабыр көрсөтүүчү падышалык доорунан кийин Алланын Элчисинин ﷺ сүйүнчүсү бар:
«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَت»
«Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Ушуну айтып бүтүп унчукпай калды». (Ахмаддын Муснады).
Демек, Халифалык иншаАллах сөзсүз кайтып келет. Бирок анын орношу үчүн олуттуу, тынымсыз эмгек керек. Анткени Азиз жана Даанышман Аллахтын сүннөттүнө ылайык асмандан периштелер түшүп, биз кыймылсыз олтуруп турганда бизге Халифалыкты орнотуп бербейт. Аллах Тааланын убадасын жана Алланын Элчисинин ﷺ сүйүнчүсүн ишке ашырбайт. Тескерисинче, биз чын ниет, ыклас, аракет жана тырышчаактык менен иш кылганда периштелер жардамга түшөт… Андан соң Аллах бизге нусратты, эки дүйнөдөгү жеңишти, улуу жеңишти берет.
Хизб ут-Тахрир бул үчүн жан үрөп иштеп жатат жана анын жакын арада орношуна сүйүнүп турат. Андыктан шашылгыла, эй мусулмандар! Шашылгыла, эй күч ээлери! Дааватка жана нусратка кошулгула! Партия менен бирге Халифалыкты тикелөөгө шашкыла, аны сырттан гана көрүү менен чектелбегиле! Анткени нусрат иншаАллах жакын:
﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾
«Албетте Алла өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон (тактап айтканда, турмушта көрүнө турган ар-бир жакшы-жаман окуя же кубулуш Жалгыз Алла каалаган-белгилеген убакыт жана өлчөөдө пайда болот)». (Талак: 3).
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5-).
Акыркы дубабыз: ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо болсун. Силерге тынчтык, Аллахтын ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, Ражаб айы
2-январь, 2026-ж.
Силерди сүйгөн бир тууганыңар Ата ибн Халил Абу Рашта




