Хизб ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Руштанын 1447-хижрий жылдын берекелүү Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Бисмиллахир Рахманир Рахим
Хизб ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Руштанын 1447-хижрий жылдын берекелүү Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбызга ﷺ , анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны колдогондорго салават жана салам болсун. Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болгон Ислам үммөтүнө:
﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾
«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер». (Али Имран: 110).
«Биз Аллах алдында эч кимди актабайбыз» дегендерге, Аллахка даъват кылып, жакшы иштерди кылган, сөздөрдүн эң жакшысын айткан Аллах мындай сапаттагы адамдарды мактап айткан таза жана такыба даъват жүгүн көтөргөндөргө:
﴿وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلاً مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحاً وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِين﴾
«(Адамдарды) Алла(нын дини)не үгүттөп үндөгөн жана өзү да жакшы иштер кылып, «Шек-күмөнсүз мен мусулмандарданмын», деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар?» (Фуссилат: 33).
Ошондой эле бул баракчаны чын ыклас жана ак ниет менен күзөтүп, андагы жакшылыкка умтулган урматтуу окурмандарга (Аллах аларга жакшылык берсин) арналат…
Баарыңарды берекелүү Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Аллах орозоңорду жана түнкү ибадаттарыңарды кабыл кылсын, силерге жакшы сыйлыктарды берсин. Аллах улуу фазилат Ээси.
Урматтуу бир туугандар!
Бул айт мусулмандардын абалы доско кубаныч бербей, душманды да каардантпаган шартта келүүдө! Анткени залим Трамп жана анын эрке баласы болгон Нетаньяху 28-февралдан бери Иранга жана Ливанга жырткычтык чабуул жасашууда… Алар кыйратып, жардырып, өлтүрүп жатышат… Муну алар Газага жана бүтүндөй Палестинага да жасап келишкен жана азыр да жасап жатышат.
Бул агрессия уланып жатканына карабастан, Трамп кол салууга дуушар болгон өлкөлөрдүн айланасындагы башкаруучуларды бул агрессияга каршы кандайдыр бир таасирдүү чара көрүүгө тоскоол боло алды. Алар болсо болуп жаткан окуяларды кыймылсыз карап турушат! Кудум бейтарап тургандай, бирок чындыгында алар Трампка жана яхудийлерге жакыныраак!
Мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулардын күчү бири-бирине каршы күчөп жатат. Алардын колонизатор каапырларга, айрыкча Америкага болгон берилгендиги болсо улам көбөйүүдө… Алар бул берилгендик аларды кыйшайган тактыларында сактап калат деп ойлошот! Бирок алар бул берилгендик дүйнөдө кордук жана басынуу, ал эми акыретте катуу азап алып келе турган чоң кылмыш экенин түшүнүшпөйт:
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُون﴾
«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Алла алдында кордук жана катуу азап жетет». (Анъам: 124).
Алар унутушту же унутумуш болуп жатышат, эгер Америка үчүн алардын кызматтары бүткөн болсо, анда Америка аларды ачуу данекти түкүргөндөй түкүрүп таштайт… Мурдагы алардын тарапташтарынын мисалдары буга далил болуп турат, эгер алар акыл жүгүртүшкөндө…
Бул башкаруучулардын колонизатор каапырларга болгон берилгендиги ушунчалык деңгээлге жетти, алардын ар бир өлкөсүнө кол салынса, башкалары жардамга кыймылдабайт. Тескерисинче, алардын эң “мыкты” кылган иши өлгөндөр менен жарадарлардын санын эсептөө гана! Бирок Ислам үммөтү мындай болбошу керек эле. Тескерисинче, анын негизги абалы Пайгамбарыбыз ﷺ айткандай болушу керек. Муслим (12/468) риваят кылган хадисте Нуъман ибн Баширден риваят кылынат, ал мындай деген: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»
«Момундардын бири-бирине болгон сүйүүсү, ырайымы жана боорукердиги кудум бир дене сыяктуу. Эгер анын бир мүчөсү (ооруп) арызданса, бүтүндөй дене уйкусуздук жана ысытма менен азап тартат».
Бирок бул үммөт Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылган, Аллахтын душмандарына каршы жихад кылган жана үммөттү чындап бир денедей кылып бириктирген Халифалыгын жоготту. Эгер дененин бир мүчөсү ооруса, калган бүт дене уйкусуздук жана ысытма менен ага жооп берип тургандай эле.
Оо мусулмандар!
Силердин азиздигиңер силердин мамлекетиңердин, рошид Халифалыктын кайра кайтып келиши менен болот. Чындыгында, өз элине калп айтпаган жетекчи болгон Хизб ут-Тахрир Аллахтын уруксаты менен исламий жашоону кайра баштоо үчүн, рошид Халифалыкты тикелөө жолунда олуттуу жана ыклас менен иштөөгө өзүн арнады. Ал чындап өз элине калп айтпаган жетекчи. Ал тазалыгы менен жаркыраган партия, анын тазалыгына татыксыздар андан алыстайт.
Биз аны жана аны менен бирге иштеп жаткан бардык жигиттерди да олуттуу, аракетчил, ыкластуу аракет кылган адамдар деп эсептейбиз. Алар Аллахтын уруксаты менен дүйнөгө караганда акыретке көбүрөөк үмүт артып жашашат. Алар күнү-түнү аракет кылышат. Аллахтын Өзүнүн убадасын жана Пайгамбары ﷺ берген сүйүнчүсүн алардын колу менен ишке ашырсын деп Анын ырайымына үмүт кылышат. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.
Мына ушул нерсе үммөттү куткарат, ага кайра улуулук кайтарат, анын күчүн бекемдейт жана душмандарын ага кол салуудан мурун миң жолу ойлонууга мажбур кылат. Бул — Халифалык кайра кайтып келип, жер жүзү анын жакшылыгы жана адилеттиги менен нурданганда гана ишке ашат. Мурда Халифалык кайсарлар менен кисралардын текеберлигин жок кылгандай эле, алардын жолун жолдогон залимдер, мисалы, залим Трамп жана ага окшогон колонизатор каапырлардын текеберлигин да жок кылат. Ал эми яхудий түзүмү болсо, ага көңүл бурууга да арзый турган күч эмес. Ал тууралуу Аллах Таала мындай деген:
{ لَن یَضُرُّوكُمۡ إِلَّاۤ أَذࣰىۖ وَإِن یُقَـٰتِلُوكُمۡ یُوَلُّوكُمُ ٱلۡأَدۡبَارَ ثُمَّ لَا یُنصَرُونَ }
«Алар силерге азар берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер силер менен согушса, аркаларына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт».
(Али Имран: 111).
Ал өз күчү менен туруштук бере албайт. Анткени Кудуреттүү жана Азиз Аллах мындай деген:
{ ضُرِبَتۡ عَلَیۡهِمُ ٱلذِّلَّةُ أَیۡنَ مَا ثُقِفُوۤا۟ إِلَّا بِحَبۡلࣲ مِّنَ ٱللَّهِ وَحَبۡلࣲ مِّنَ ٱلنَّاسِ}
«Эгер алар Алланын жана адамдардын (мусулмандардын) коргоосунда болушпаса, албетте аларга каерде болушпасын, кор-зарлык жазылып коюлду». (Али Имран: 112).
Алар Аллахтын жибин (коргоосун) үзүштү, эми аларда адамдардын гана т.а. Америка, Европа жана мусулман өлкөлөрүндөгү алардын чыккынчы башкаруучулардын гана жиби калды. Бул башкаруучулар яхудий түзүмүнүн жырткыч агрессиясына каршы эч кандай аракет кылышпайт… Болбосо яхудий түзүмүнүн иши эбак эле бүткөн болмок жана ал изи да калбаган нерсеге айланмак.
Демек, маселе бүгүн мусулман өлкөлөрүндө турган мамлекеттерде. Алардын башкаруучулары Исламга жана мусулмандарга душман болгон колонизатор каапырларга берилген. Ошондуктан мусулмандардын балээси алардын башкаруучуларында. Алар колонизатор каапырларга баш ийип, алардын буйругу менен иш кылып, алардын тыюусуна баш ийишет. Бирок алардын берилгендиги Аллах Таалага болушу керек эле. Анын өкүмдөрүн орнотуп, Анын жолунда жихад кылып, Пайгамбарыбызды ﷺ үлгү кылып ээрчишсе, анда Ислам жана мусулмандар азиз болуп, куфр жана каапырлар кор болот эле.
{وَیَوۡمَىِٕذࣲ یَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ یَنصُرُ مَن یَشَاۤءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِیزُ ٱلرَّحِیمُ}
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси».
(Рум: 4–5).
Акырында, урматтуу бир туугандар, сөз башына кайрылып айтайын… Силерди Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Аллах Тааладан бул берекелүү айдын орозосун жана түнкү ибадаттарын Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ жаккан түрдө аткарылуусун сурайм. Ошондой эле Аллах Тааладан бул айт ислам жана мусулмандар үчүн жакшылыктын, берекенин жана азиздиктин башталышы болуусун сурайм.
{وَٱللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰۤ أَمۡرِهِۦ وَلَـٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا یَعۡلَمُونَ}
«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт».
(Юсуф: 21).
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
Бир тууганыңар Ата ибн Халил Абу ар-Рушта
1-Шавваль 1447-хижрий
19.03.2026 ж.




