Басма сөз

Хусийлерге караштуу коопсуздук органдары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жигиттерин куугунтуктоону жана камакка алууну улантууда

Басма сөз баянаты

Хусийлерге караштуу коопсуздук органдары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жигиттерин куугунтуктоону жана камакка алууну улантууда

Хусийлердин коопсуздук кызматтары 2026-жылдын 24-январында Таиз облусунун Хубан аймагында шабаб Ахмад Самиини камакка алышты. Ошол эле учурда алар 2025-жылдын 26-ноябрынан бери шабаб Саддам аль-Мукардини да камакта кармап келүүдө. Ал эч кандай кылмыш жасаганы үчүн эмес, болгону дүйнө жүзүндөгү «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жигиттери менен бирге Трамптын Газа боюнча келишимин ашкерелөөгө катышканы үчүн камалган!

Бул камакка алуулар «Хизб ут-Тахрир» партиясынын дүйнө жүзүндө Халифалык мамлекети кыйрашынын жылдыгын 1342-хижрий жылдын 28-ражаб айында (03.03.1924-ж.) эскерип жаткан учурга туш келди. Бул иш-чара аркылуу мусулмандарды жер жүзүнүн ар кайсы аймактарында күч-аракеттерин бириктирип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн партия менен бирге аракет кылууга чакырышууда. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз». (Гафир: 51).

Мына ушул нерсе хусийлердин заалим коопсуздук күчтөрүн Халифалыкка чакыруучу дааватчыларды камакка алууга түрттү! Коопсуздук органдарынын мындай зомбулук аракеттеринен алардын шаръий өкүмдү эске албай, өз каалоолоруна жараша иш кылып жатканы түшүнүлөт. Болбосо, каапыр колонизатор мыйзамдары, пикирлери жана агенттеринин таасирин жоюу үчүн аракет кылып жаткан, Исламды колдонгон мамлекеттин көлөкөсүндө исламий жашоону кайра баштоого, адамдардын иштерин караган, мусулмандарды мазхабдарына карабастан бириктирген, аларды бөлбөгөн, зулумга учурагандарга адилеттик кылган, зулум кылгандардан өч алган жана үммөттү каапыр Батыш душманына каршы багыттаган «Хизб ут-Тахрир» жигиттерин камакка алууга кандай айып себеп болушу мүмкүн?! Анда хусий кыймылына таандык акыл-эстүү, активдүү адамдар кайда? Алар «Хизб ут-Тахрир» ким экенин, анын манхажы жана тарикаты кандай экенин билишсин!

Исламды жашоонун бардык тармактарында колдонуу фарз. Бүгүнкү күндө каапыр Батыш менен болгон биздин күрөшүбүз мабдаий күрөш болуп саналат. Бул эң оболу бардык негиздери жана символдору менен капиталисттик түзүмдү четке кагууну талап кылат. Ал бүгүн Йеменде жана башка мусулман өлкөлөрүндө адамдарга колдонулуп жаткан республикалык түзүм жана секулярдык конституция аркылуу көрүнүп турат. Ошондуктан «Хизб ут-Тахрир» үммөт менен бирге жана анын арасында иш алып барып, капиталисттик түзүм пикирлеринин жаңылыштыгын жана бузукулугун ашкерелеп, алар менен күрөшөт. Мисалы, адамдарды жырткычка айланткан секуляризм, чексиз эркиндиктер, бузук жана төмөн байланыштар болгон мекенчилдик жана улутчулдук, ошондой эле рибага негизделген экономикалык түзүм, салыктар жана бажы төлөмдөрү сыяктуу шаръий негизсиз адамдардын мал-мүлкүн алуу жана каапыр Батыш күнү-түнү жайылтып жаткан башка  пикирлер менен күрөшөт.

Ошондуктан, коопсуздук органдары бул камакка алуулар аркылуу адилеттикти орнотуп, акыйкатты коргоп жатабыз деп ойлобосун! Анткени рошид Халифалык мамлекетин тикелөө дааватын көтөргөндөр Аллах аларга фарз кылган милдетти аткарып, Анын сообун үмүт кылышат. Алар Курайш тарабынан зулумга жана кыйноого дуушар болгон Аммар ибн Ясир, Билал ибн Рабах жана башка сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) сабырдуулугун жана туруктуулугун үлгү кылышат. Зомбулук менен жасалган камакка алуулар аларды милдеттен кайтарбайт, тескерисинче адилеттикти орнотуу жана укуктарды сактоо жолунда дагы да бекем кылат. Мындай аракеттер менен Халифалыкка чакыруу токтобойт, тескерисинче бул пикир жайылышын жана адамдар аны таанып-билүүсүн күчөтөт. Демек, коопсуздук органдарынын милдети «Хизб ут-Тахрирге» нусрат берүү, Исламды колдонуу жана жебелерин «Хизб ут-Тахрирге» жана анын жигиттерине каршы эмес, үммөттүн душманы болгон каапыр колонизатор Батышка каршы багыттоо!

Бардык катмардагы эй, Йемен калкы! Аскерлер, уруу башчылары, аалымдар жана жигиттер! Силердин ата-бабаларыңар Авс жана Хазраж ансарлары Мадинада Аллахтын Элчисине ﷺ  нусрат бергендей, силер да Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн «Хизб ут-Тахрир» менен бирге аракет кылчу убакыт келбедиби? Алар жетишкендей силер да Раббиңердин ыраазычылыгына жетпейсиңерби?!

Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).

Хизб ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү

05.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button