Роя гезити

Шамдын тиранын кулаткан күндү эскерүүдө: жеңишиңер эл аралык кызыкчылыктардын курмандыгына айланып кетишинен сак болгула

Шамдын тиранын кулаткан күндү эскерүүдө: жеңишиңер эл аралык кызыкчылыктардын курмандыгына айланып кетишинен сак болгула

Учурда биз Аллахтын күндөрүнүн бирин эскерип турабыз. Ал күнү замандын буттарынын бири кулап, мусулмандарды эң жаман азапка салган, Исламга, анын элине жана өкүмдөрүнө каршы ырайымсыз согуш жарыялаган тиран залим жыгылган. Ал өз кожоюндары менен жардамчылары аны Аллахтын буйругунан сактайт деп ойлогон. Анын кожоюну болгон Америка аны Шам жериндеги үммөттүн каарына жана чын ыкластуу эр-азаматтарынан коргоо үчүн жер жүзүндөгү душмандарды жана кылмышкерлерди кызматка салды. Акыры Аллах бизди Өзүнүн нусраты менен урматтады. Бул нусрат бизди чоң жоопкерчиликке жана улуу сыноого туш кылды: курмандыктарга Ислам өкүмү, анын мамлекети жана шариятын колдонуу менен таажы кийгизип, чыныгы шүгүр кылуучулардан болобузбу, ошондо нусраттын нематы бизге туруктуу болот же шариятынан жүз буруп, артыбызды салып, Аллах сактасын, күчтөн кийин жибин кайра чачкан аял сыяктуу болуп калабызбы?

Төгүлгөн таза кандар, берилген улуу курмандыктар, улуу салгылашуулардын ээлери жазган эрдиктер, эркектер, карыялар, аялдар жана балдар татып көргөн азаптар — мунун баарына татыктуу акы бир гана Исламды өкүм кылуу. Аллахка таянгандан кийин бизди ар дайым колдогон элдик таянычка ишенүү зарыл. Анткени чыныгы тирек ошол, ал эми биз менен ойноп-тамаша кылган мамлекеттерге таянуу көз боёмочулук. Бул Аллах бизге насип кылган этаптык нусрат. Ал революциянын туруктуу негиздери ишке ашмайынча толук болбойт. Алардын ичинде каапыр колонизатордун тамырын кыркып, анын жерибиздеги таасирин токтотуу бар, ошондо үммөттүн тартып алынган бийлиги кайра кайтып келет.

Тирандын кулашы бизди кубандырганы менен, каапыр Батыш, анын башында турган Америка бардык оорулардын түпкү себеби экенин унуттуруп койбошу керек. Алардын аймактагы куралдары бизге каршы зор кутум уюштуруп жатышат. Американын жалган ыраазычылыгы үчүн аракет кылуу бизге тек гана кордук менен басынууну алып келет. Аллах Таала чындыкты айтты:

﴿مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾

«Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз Жакшылыгын каалаган кишисине берет. Алла улуу ырайымдуулуктун Ээси» (Бакара: 105).

Америка Иракта, Афганистанда, Сомалиде жана бардык жерлерде жасаган кылмыштуулугу менен белгилүү. Керек болсо, биз башыбыздан өткөргөн нерселердин баары тирандык режимдин кучагына кайра түртүп, анын зомбулугуна кайтуу үчүн Америка тарабынан берилген «жашыл жарык» менен болду. Мындан тышкары, ыйык жер Палестинада биздин элибиз чексиз америкалык колдоо жана америкалык куралдар менен өлтүрүлүп жатат. Яхудий түзүмү тарабынан биринчи кыбылабыз жана үчүнчү ыйык жайыбыз тартып алынууда.

Бул «терроризмге каршы согуш» деген ураанды көтөрүп, Исламга жана мусулмандарга болгон өчүн алып, алардын канын төгүп келе жаткан Американын чыныгы жүзү. Алар үчүн Ислам терроризм. Ошондуктан алар күнү-түнү Исламды турмуштук вакыйлыкта мамлекет аркылуу жүзөгө ашырып, аны дүйнөгө хидаят жана нур катары алып чыгууга багытталган ар бир олуттуу, чыныгы аракетти муунтуп салууга умтулушат.

Американы ыраазы кылууга умтулуу бүгүн бизди чоң коркунучка такап турат: режимди жаңы жүздөр менен кайра айлантуу же мурунку конституцияга окшош башка секулярдык конституция менен алмаштыруу. Бул «жарандык мамлекет» же «демократия» деген аталыштар алдында жүргүзүлүп, динди турмуштан жана мамлекеттен ажыратып, мыйзам чыгарууну адамдардын Раббисине эмес, адамдарга ыйгарат. Ал тургай «коомдук тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу» деген жүйө менен ири кылмышкерлерди кечирип, чечим кабыл алуу борборуна коюуга чейин барат.

Жыйынтыктап айтканда, кылмышкер Башардын качып кетиши жана анын коопсуздук-аскердик түзүмүнүн кыйрашы канчалык улуу жана чечүүчү этап болсо да, күрөштүн аяктаганын билдирбейт. Биз, чыныгы күрөш адамдар менен гана эмес, фикрат, саясат жана манхаж менен экендигин түшүнүшүбүз керек. Бул — Аллахтын өкүмү менен адамдардын өкүмүнүн ортосундагы, Рахмандын шарияты менен Батыш мыйзамдарынын ортосундагы, үммөттүн эгемендиги менен каапыр колонизатордун үстөмдүгүнүн ортосундагы күрөш. Бул секулярдык системаны түп-тамыры менен жулуп салуу жана кутумчул, ач көз мамлекеттердин жана алардын куралдары болгон Бириккен Улуттар Уюму менен анын Коопсуздук Кеңешинин коридорлорунда бышып жетилген бардык багынып берүүчү «чечимдерин» четке кагуу күрөшү. Анткени алар оорунун башаты жана жамандыктын булагы.

Алсыратып, көңүлдү чөктүргөндөрдүн жана дүрбөлөң салгандардын «биз алсызбыз, колубуздан эч нерсе келбейт, айла жок» деген дооматтарына алданбагыла. Анткени биздин акыйда жашообуздун өзөгү, күчүбүздүн сыры. Андыктан жеңишиңер эл аралык кызыкчылыктардын курмандыгы болуп калуусунан сак болгула. Аллах Тааланын сөзүндө биз үчүн чоң сабак бар:

﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰ أَن تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللَّهُ أَن يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِّنْ عِندِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا أَسَرُّوا فِي أَنفُسِهِمْ نَادِمِينَ﴾

«Сен, дилдеринде мараз-оорусу бар адамдар: «Бизге бирер балээ жетишинен коркобуз», деген абалдарында алар (каапырлар) тарапка ташып жатышкандарын көрөсүң. Мүмкүн Алла мусулмандарга жеңиш берер, же өз алдынан (бул мунаафык кишилерди шерменде кыла турган)бир ишти келтирип, алар ичтеринде жашырган нерселерине бушайман кылуучуларга айланып калышаар» (Маида: 52).

Биз мусулмандардын чатыры, курмандык менен фидаа ээлери болгон Шамдагы боордошторубузду эскертебиз: оо, сабыр кылгандар, сабырда жарышкандар, чек араларды күзөткөндөр жана курмандыкка баргандар! Силердин революцияңар Аллах үчүн жана Аллахтын үйлөрүнөн чыкты. Өзүнүн иззаты менен кадыр-баркын талап кылуу, өздүгүн жана хазаратынын көркүн кайра кайтаруу үчүн динине жана Раббисине берилгендигин жарыялап, Ислам мамлекетинин көлөкөсүндө шариятын өкүм кылуу үчүн күрөшүп чыкты. Өзүнө таңууланган бардык адам ойлоп тапкан системалардан баш тартуу үчүн чыкты. Бул болсо ата-бабаларыбыз көтөргөн улуу хазарий долбоор аркылуу гана ишке ашат. Ошондуктан Ислам өкүмүнөн башка альтернативага ыраазы болбогула. Ошол гана Раббибиздин ыраазылыгын камсыз кылат, маселелерибизди чечет, коопсуздугубузду сактайт, ар-намысыбызды коргойт, иззатыбызды кайтарып, курмандыктарыбызды таажылайт.

Бул Батышка көз каранды республика, монархия же демократиялык система менен болгон мамлекет аркылуу ишке ашпайт. Ошондой эле бир үммөттүн денесин дагы да бөлүп-жарган улуттук мамлекет аркылуу да болбойт. Тескерисинче, бул пайгамбарлык нурунан чыккан система, экинчи рошид Халифалык системасын орнотуу менен болот. Бул Раббибиздин убадасы жана Пайгамбарыбыздын ﷺ  сүйүнчүсү. Ал мамлекетте улутчулдукка, мазхабчылыкка же улуттук бөлүнүүгө орун жок. Ал адилеттүүлүк, камкордук жана иззат мамлекети. Ал чек араларды коргойт, Палестина жана Кашмир сыяктуу басып алынган жерлерди бошотот, жана Исламдын хидаятын дүйнөгө нур жана ырайым катары алып чыгат.

Ошондуктан жолуңарды бекем уланткыла, кадамыңарды ылдамдаткыла. Жол менен багытты туураласаңар, Аллахтын убадасына жана нусратына бекем ишенип, Анын шариятын колдонуу менен амалий шүгүр кылгыла. Анткени чыныгы нусрат Аллахтын уруксаты менен абдан жакын:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси» (Рум: 4-5).

Устаз Насир Шейх Абдулхай

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button