Шариатка негизделген саясат

Басма сөз баянаты
Шариатка негизделген саясат
чек араларды жабууну эмес, таңууланган чек араларды бузуп өтүүнү талап кылат!
Октябрдын ортосунан бери, чек арадагы катуу кагылышуулардан, Пакистандын Афганистан ичиндеги аба соккуларынан жана афган күчтөрүнүн жооп чараларынан кийин, Дюранд сызыгы боюнча жайгашкан негизги өткөрмө пункттар жабык бойдон калууда. Мунун натыйжасында эки тараптуу соода толугу менен токтоп, үй-бүлөлүк зыяраттар жана дарылануу үчүн сапарлар үзгүлтүккө учурады. Чек аранын эки тарабындагы мусулмандар ай сайын жүз миллиондогон долларлар менен бааланган олуттуу экономикалык жоготууларга дуушар болууда.
Биз, Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятынын маалымат бөлүмү, дээрлик үч жарым айга жакын убакыттан бери чек араларды жабык кармап келген эки өлкөнүн саясатын кескин айыптайбыз. Бул саясат эки тараптагы мусулмандарга зыян жана жоготууларды алып келди. Ошондой эле, бул исламий баалуулуктарга жана өкүмдөргө каршы келет деп баса белгилейбиз. Мындай саясат бөлүнүүнү тереңдетип, мусулман бир туугандарыбызга карата терс сезимдерди күчөттү.
Пакистан чек арасын Афганистандан Пакистан Талибан кыймылына каршы ишенимдүү жана практикалык коопсуздук кепилдиктерин алуу үчүн жапты. Пакистандын ырастоосуна ылайык, бул кыймыл Афганистан аймагында туруп Пакистанга каршы чабуулдарды уюштурат. Пакистандагы башкаруучулардын негизги көрүнүшү төмөнкүчө:
Биринчиден: Пакистан армиясынын ичинде айрым офицерлер тобу өздөрүнүн кожоюну Америкага кызмат кылуу жана ички саясий таасирин сактап калуу максатында аймакта Америка саясатын ишке ашырууга умтулууда. Бул “терроризмге каршы күрөш” деген ураан менен жайылтылууда, бирок иш жүзүндө негизги жүктү Пакистандагы (айрыкча уруулар жашаган аймактардагы) мусулмандар жана Афганистандагы мусулмандар тартып жатат. Чындыгында, Пакистан армиясынын жетекчилиги Американын коопсуздук долбоорлорунда жөө аскердин ролун аткарып, аймакта анын буйруктарын аткарууда. Алла Таалага, Анын Расулуна ﷺ жана момундарга байъат берүүнүн ордуна, Пакистандын аскерий жана саясий жетекчилиги бул замандын фараондоруна байъат берүүнү тандады. Бүгүн болсо, Ислам өлкөлөрүндөгү эң ири армия зулумга кабылган Газа элин коргоонун ордуна Газа мужахиддерин куралсыздандыруу жана Америка менен яхудий түзүмүнө кызмат кылуу үчүн түзүлгөн “Газа тынчтык кеңешине” кошулду.
Экинчиден: ички деңгээлде да армия жетекчилигинин ичиндеги белгилүү бир чөйрө “Афганистандан келип жаткан коопсуздук коркунучу” темасын алдыга чыгаруу аркылуу пакистандык элге каршы катаал аскерий жана коопсуздук саясатын актоого, ошондой эле бийликтин аскерий институттардын колунда топтолушун бекемдөөгө умтулууда. Афганистан жана Индия менен кайталанып турган жаңжалдар жана чыңалуулар шартында Асим Мунир армиянын ичинде өз таасирин кеңейтип, бийликти мурда болуп көрбөгөн деңгээлде өз колуна топтой алды. Бул жыйынтык “тынч төңкөрүш” деп мүнөздөлдү. Пакистан армиясынын жетекчилиги Афганистанга карата чагымчыл билдирүүлөр аркылуу маселени чечүүнү эмес, кризисти башкарууну көздөйт. Анткени алар өз кызыкчылыгын кризистин уланышы менен күчөшүнөн көрүшөт.
Башка жагынан алганда, аймактагы Американын саясатына вакыйлык жана стратегиялык түшүнүк менен мамиле кылуунун ордуна, Афганистандын башкаруучулары саясий эмес кадамдарды жасашууда. Бир жагынан алар Пакистанга каршы улутчул сезимдерди козутуп, күчөтүүгө аракет кылышууда; экинчи жагынан Афганистан тышкы саясатында Индия менен ыкчам жакындашууга багыт алууда. Мунун коопсуздук жана саясий кесепеттери бааланбай, ошондой эле Индиянын мусулмандарга карата жүргүзүп жаткан кастык саясатына шарият көз карашынан көңүл бурулбай жатат. Натыйжада, Афганистан башкаруучулары мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон, шариятка негизделген саясат алкагында турум кабыл алуунун ордуна, пайдасы Америка менен Индияга тийген, ал эми зыяны аймактагы мусулмандардын мойнуна түшкөн атаандаштык талаасына кирип кетишти. Ал эми мусулман өлкө саясий маселелерге улуттук кызыкчылыктын көз карашынан эмес, Ислам акыйдасынын көз карашынан карашы керек.
Шариатка негизделген Ислам саясаты чек араларды жабуунун ордуна, аймактагы бөлүнүүнүн булагы болгон, Британиянын Индиядагы колониялык башкаруусунун мурасы эсептелген Дюранд сызыгын жоюуну талап кылат. Афганистан жана Пакистандагы бийлик ээлеринин ичиндеги чын ыкластуу, Исламды жана анын өкүмдөрүн өз аракеттерине өлчөө кылган адамдарга болгон кайрылуубуз мындай: чыңалуулардын уланышына жол бербөө жана рашид Халифалыкты тикелөөгө карай кадамдарды жасоо зарыл. Ошондо Түштүк Азия, Афганистан жана Борбор Азия үммөт үчүн биримдиктин жана ар-намыстын жүрөгү жана өзөгүнө айланып, жихад жана динди ачык көрсөтүү аркылуу бул максат ишке ашат.
﴿وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلاَ تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ وَاصْبِرُواْ إِنَّ اللّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ﴾
“Дагы Алла жана Анын пайгамбарларына моюн сунгула жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет. Сабыр кылгыла! Албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге”. (Анфал: 46).
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
02.02.26




