Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Дамра Мустариха аймагына басып кириши Дарфурду бөлүп алуунун бир бөлүгү

Басма сөз баянаты
Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Дамра Мустариха аймагына басып кириши Дарфурду бөлүп алуунун бир бөлүгү
Дүйшөмбү күнү, 23-февралда Ыкчам колдоо күчтөрү Дамра Мустариха аймагын көзөмөлгө алды. Бул аймак уруулук лидер, Армия менен уялаш болгон Ойгонуу революциялык кеңешинин төрагасы Муса Хилалдын таяныч жайы эле. Маалыматтарга караганда, Муса Хилал Чадга чыгып кеткен, анын бир уулу каза болуп, дагы бири жаракат алган.
Түндүк Дарфурда жайгашкан бул аймак Дарфурдагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүнөн тышкаркы жалгыз аймак болчу. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн кол башчысы Мухаммад Хамдан Дагало «Хамидти» буга чейин Уганданын борбору Кампала шаарында өткөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мустарихага чабуул коюп, аны көзөмөлгө алуу жана толук Дарфурду өз күчтөрүнүн пайдасына баш ийдирүү ниетин билдирген эле.
Мустариха аймагына болгон бул басып кирүү акыркы эки күн ичинде Түндүк Дарфурдагы Чад чек арасындагы ат-Тина шаарчасында Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда чыккан катуу салгылашуулар менен дал келип жатат. Бул шаарча Дарфур аймагындагы Армиянын акыркы таяныч жайы болуп эсептелет.
Бул бардык кыймыл-аракеттер АКШ президентинин Африка жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Массад Булостун билдирүүлөрү менен дал келип жатат. Ал ок атышууну токтотуу келишимдерине жакында кол коюлары тууралуу улам кайталап айтып келген. Өткөн жума күнү Булос Судандагы жаңжал тараптарын дароо жана эч кандай алдын ала шартсыз гуманитардык элдешүүгө макул болууга чакырыгын кайрадан жаңылады.
Бул аскерий жана саясий кыймылдардын максаты Дарфурду бөлүп алуу сериалын толуктоо үчүн сахнаны даярдоо. Бул сериалды Америка башкарып, аны Судандагы өз кызыкчылыктарына ылайык багыттап жатат.
Дал ушундай учурда, бул кутумду токтотуу үчүн бардык аракеттерди бириктирүү талап кылынган маалда, Судан өкмөтү коопсуздук жана сот органдары аркылуу ал-Убайид шаарындагы Хизб ут-Тахрир жигиттерине каршы кыянаттык мүнөздөгү кылмыш иштерин козгоп жатат. Алар Америка тарабынан Дарфурду бөлүп алуу планына каршы фикрий жана саясий иш алып барууну, ошондой эле күч-кубат ээлерин жана таасирдүү адамдарды өздөрүнүн шаръий милдетин аткарууга үндөп, өлкөнү бөлүүгө жол бербөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүгө чакырууну өз моюндарына алышкан. Бул партия Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалыкты тикелеп, исламий жашоону кайра баштоого умтулууда.
Ибрахим Усман (Абу Халил)
25.02.26




