Ысык-Көлдө Су-25 учагынан снаряд жерге түшкөнү кабарланды

Ысык-Көлдө Су-25 учагынан снаряд жерге түшкөнү кабарланды
Орусиянын Су-25 учагынан окуу-машыгуу маалында снаряд жерге түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, 31-мартта болжол менен саат 17:25 чамаларында Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын Су-25 учагы аскердик машыгуу маалында окуу-машыгуу үчүн колдонгон ок-дарылары жерге түшүп кеткен. Снаряд талаага түшүп, андан эч ким жабыркаган эмес. Учурда Аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады.
Комментарий:
Бул окуя Ысык-Көл аймагында чет элдикк аскерий машыгууларды өткөрүүнүн канчалык кооптуу экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Мындан да маанилүүсү, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан согуштар чет элдик аскердик базаны өлкөгө жайгаштыруунун тобокелдиги, анын кесепеттери олуттуу экенин көрсөттү. Перс булуңунда болуп жаткан согуштардын натыйжасында, Америкалык базаларды жайгаштырган өлкөлөр экономикалык оор жоготууларга дуушар болууда. Буга кошумча, аскердик базаны жайгаштырган тарап ал өлкөлөрдүн коопсуздугун эч кандай коргобой тургандыгын да тастыктады.
Андыктан, кыргыз бийлиги «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмологиялык пунктту камтыган бирдиктүү орус базасы боюнча келишимдерди карап чыгуусу керек. Бул биринчи кезекте жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн маанилүү. Экинчиден, сырттан боло турган чабуулдар үчүн бутага айлануу тобокелдигинен арылтат. Мунун ордуна өлкө өзүнүн аскердик өнөр-жайын өнүктүрүп, өз кубатына таянууга аракет алып барууга тийиш.
Нурдин Асаналиев




