Эгоизм коомдун илдети

Эгоизм коомдун илдети
Дүйнөнү камтып алган капитализм доорунда, саясий жоопкерчиликтин төмөндөшүнүн белгиси болгон эгоизм барган сайын күчөп барууда. Биз ар кандай психологдордон «жеке мейкиндикти коргоо» сыяктуу терминдерди тез-тезден угуп жатабыз. Алар бул позицияны, адамдын өзүнө жана өз кызыкчылыктарына кам көрүүгө болгон табигый умтулуу катары акташат.
Негизи, өзүнө кам көрүү сыпаты, адам жашоосунун кадимки бир бөлүгү. Бирок, бул камкордук ач көздүккө, тагыраагы, көбүрөөк ресурстарга, көбүрөөк көңүл бурууга, көбүрөөк артыкчылыктарга ээ болуу умтулуусуна айланганда көйгөй жаралат. Бул умтулуу башкалардын эле эсебинен эмес, майда эгоисттик максаттарды кубаттоо аркылуу ишке ашууда. Мындай эгоизм бара-бара коомдук чөйрөнүн ачык байкалган мүнөздүү белгисине айланып барууда.
Индивидуализм деген түшүнүк бар – ал өз алдынчалыкты, жеке чек араларды сыйлоону жана өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти алууну түшүндүрөт. Адам эркин болуп, өз алдынча чечим кабыл алып, ошол эле учурда башкалардын кызыкчылыктарын да эске ала алат.
Ал эми эгоизм таптакыр башкача көрүнүшкө ээ. Ал, жеке пайданы бардык башка ой-пикирлерден жогору коёт. Мындай учурда, башка адамдардын кызыкчылыгы тоскоолдук катары же тек гана колдоно турган ресурс катары кабыл алына баштайт. Капиталисттик пайдапарастык хазаратка ылайык, бул түшүнүктөр көп учурда аралашып кетет: жеке ийгиликке жана көз карандысыздыкка умтулуу чоң баалуулук катары берилгени менен, иш жүзүндө ал ар дайым айланадагы адамдарга жана жалпы коомго болгон кайдыгерликти актоо үчүн колдонулат.
Эгоисттик көз караштардын күчөшүнүн негизги себептеринин бири – бул капиталисттик керектөө хазараты. Капиталисттик саясат жана экономика, секулярдык акыйда менен өз ара тыгыз байланышкан. Алар жеке материалдык кызыкчылыктар аркылуу адамдын ой жүгүртүү деңгээлин төмөндөтүп, мамлекеттик саясаттын көмүскө пландарынан алаксытуу менен бири-бирине көмөктөшүүгө багытталган.
Ошентип, капитализмдин экономикасы, адамдын өзү үчүн гана сатып алуу жана колдон келген нерсенин баарына ээ болуу каалоосун тынымсыз күчөтүп турууга негизделген. Жарнама, маркетинг жана массалык маданият, дайыма «жетишсиздик» сезимин калыптандырып турат: адамга телефондун жаңы модели, айбаттуу унаа же кымбатыраак кийим сыяктуу кандайдыр бир «маанилүү» нерселер, дагы деле жок экени тынымсыз көрсөтүлүп турат.
Убакыттын өтүшү менен ийгилик, буюмдардын саны жана керектөөнүн деңгээли менен ченеле баштайт. Коомдук аң-сезимде, адамдын баалуулугу анын ээлик кылганына байланыштуу деген пикир жайыла баштайт.
Бул көрүнүш күнүмдүк турмушта кандай жүз берип жатканын да, ачык көрүүгө болот. Мисалы, жаңы техника сатып алуу көбүнчө чыныгы муктаждыктан эмес, тек гана башкалардан артта калбоо каалоосунан улам келип чыгат. Эң сонун иштеп жаткан, өзгөчө Америкада чыгарылган телефон, жаңы модели чыкканы үчүн эле «эски» катары кабыл алынышы мүмкүн. Мындай логика бара-бара керектөөнү, өзүнчө бир жарышка айлантат.
Адамдар, өзүнүн байлык деңгээлин, жашоо таризин жана ийгиликтин сырткы белгилерин салыштыра башташат. Мындай чөйрөдө, көрө албастык жана башкалардан көбүрөөк нерсеге ээ болуу каалоосу тез эле тамыр жаят. Ошондуктан, биз iPhone телефонунун жаңы версияларынын сатуу боюнча рекорддорун жана презентация күндөрү, дүкөндөрдүн алдындагы эбегейсиз узун кезектерди көрүп жатабыз.
Экономикалык атаандаштык да өзгөчө мааниге ээ. Азыркы коомдор, көбүнчө туруктуу мелдеш идеясына, тагыраагы, жумуш орундары, карьералык өсүш жана финансылык мүмкүнчүлүктөр үчүн болгон жарышка айланган. Мындай шартта, адам айланасындагыларды ыктымал болгон атаандаш катары кабыл алууга көнүп калат. Натыйжада, ресурстар чектелүү жана «бирөөнүн ийгилиги сөзсүз түрдө экинчисинин жеңилүүсүн билдирет» деген сезимдер калыптанат. Мындай түшүнүк, бара-бара жүрүм турумду калыптандыруучу жеке кызыкчылыктарга кам көрүү ишенимин бекемдейт.
Социалдык тармактардын өнүгүшү менен күчөгөн керектөөчүлүк жана өзүн-өзү көрсөтүү маданияты кошумча таасирин тийгизүүдө. Санариптик платформалар, адам өзүнүн бир караганда суктанаарлык жашоосун, тактап айтканда, жетишкендиктерин, сатып алган буюмдарын, саякаттарын жана жеке ийгиликтерин тынымсыз көрсөтүп тура турган мейкиндикти тартуулап жатат.
Мындай шартта, адам өзүн башкалар менен салыштырбай коё албайт. Адамдар башкалардын жашоосунан кылдаттык менен тандалып алынган көз ирмемдерди көргөн соң, ошол идеалдуу жашоого ылайык келүү үчүн өзүндө бир муктаждыкты сезе баштайт. Бул кээде адамдар ортосундагы мамилелердин «инструменталдык» мүнөзгө өтүп кетишине алып келет: башкалардын көңүл буруусу, кубаттоосу (лайктар) жана сырттан «ийгиликтүү көрүнүү» өзүнчө бир социалдык капиталга айланат.
Ошону менен бирге, азыркы заманда, карама-кыршы мүнөзгө ээ болгон бир көрүнүш келип чыгууда. Технологиялык жактан алганда, адамдар мурда эч качан азыркыдай тыгыз байланышта болгон эмес: каттар-билдирүүлөр көз ирмемде өзүнүн дарегине жетип барат жана баарлашуу каалаган аралыкта мүмкүн.
Бирок, технологиялардын өсүшүнө жана техникалык өнүгүүгө карабастан, биз ошол эле учурда жалгыздык жана социалдык обочолонуу көйгөйүн барган сайын көп байкап жатабыз. Байланыштар үстүртөн болуп, адамдар ортосундагы ишеним барган сайын алсыроодо. Качан жеке кызыкчылык менен өзүн көрсөтүү адамдын көңүлүндө эң жогорку орунду ээлесе, чын ыкластуу мамилелер экинчи даражалуу макамга өтүп калат.
Бара-бара бул көрүнүш, коомдук турмушка болгон мамиледен да байкала баштайт. Эгерде ар бир жасаган иш-аракеттин башкы ченеми жеке пайда болуп калса, анда көптөгөн жамааттык маселелер «жат» же экинчи даражадагы нерсе катары кабыл алына баштайт.
Коомдук демилгелерге катышуу, шаардын же өлкөнүн көйгөйлөрүнө кызыгуу, бейтааныш адамдарга жардам берүүгө даяр болуу – мунун баары белгилүү бир деңгээлдеги тилектештикти жана жалпы жоопкерчилик сезимин талап кылат. Ал эми ой жүгүртүү деңгээлин тарыткан жеке ийгилик пикири үстөмдүк кылган учурда, мындай туйгу алсырайт. Адамда: «Эгер бир нерсе мага түз пайда алып келбесе, анда аны менен алектенүүнүн кереги жок» деген жөнөкөй жана тар түшүнүк пайда болот.
Убакыттын өтүшү менен, бул көрүнүш коомдук мамилелердин түзүмүнө таасирин тийгизет. Кандай гана коом болбосун, ал тек гана расмий институттарга (мыйзамдарга, мамлекеттик органдарга) эмес, биринчи кезекте адамдар ортосундагы ишенимге, өз ара жардамдашууга жана кызматташууга болгон даярдыкка таянат.
Мындай баалуулуктар алсыраганда, адамдар бири-биринен мурдагыдан да көбүрөөк бөтөнсүрөп, обочолонууну сезе башташат. Ар бир инсан өзүнчө эле жашап жаткандай, ал эми айланадагылар, же атаандаштар, же болбосо байкоочулар деген сезим пайда болот.
Кызыгы, капиталисттик керектөө хазараты, өзү көп учурда мунун тескерисин убада кылат. Ал жаңы сатып алуулар, жогорку киреше жана жеке ийгилик адамга канааттануу менен эркиндик сезимин алып келе турган жашоо образын сунуштайт.
Бирок, иш жүзүндө статус жана ийгиликтин материалдык символдору үчүн болгон тынымсыз жарыш, таптакыр карама-каршы натыйжаны жаратат. Күтүүлөр канчалык жогорулаган сайын, жетишпестик сезими ошончолук күчтүү сезилет. Адам жетишкен нерсесине бат эле көнүп калат жана эч кандай канааттанууну сезбестен, инстинктивдүү түрдө кийинки тепкичке умтула баштайт.
Ошондуктан, капиталисттик коомдогу эгоизмди талкуулоодо, аны айрым адамдардын жүрүм-турумуна берилген моралдык баа менен гана чектеп коюуга болбойт. Бул жерде көп жагынан ийгилик жана ченем катары эмне эсептелээри тууралуу белгилүү бир ишенимдерди жана түшүнүктөрдү калыптандыруучу кеңири маданий жана экономикалык механизмдер жөнүндө сөз болуп жатат.
Коом байлык топтоого, статуска жана үстөмдүккө умтулууну тынымсыз кубаттап жаткан учурда, мындай баалуулуктар адамдар ортосундагы мамилелерге да таасирин тийгизе баштаганы таң калыштуу эмес.
Бул процесстерди түшүнүү, кандай гана коом болбосун, анын туруктуулугу тек гана экономикалык көрсөткүчтөрдөн эмес, адамдар ортосундагы ишенимдин жана тилектештиктин деңгээлинен көз каранды болгондугу үчүн маанилүү. Жалпы көйгөйлөргө болгон кызыгуу жана кызматташууга даярдык сакталган жерде гана ижтимаий байланыштар бекем болот.
Ал эми тескерисинче, обочолонгон жеке ийгилик пикири үстөмдүк кылганда, коом бара-бара бири-биринен жатыркоо жана жиктешүү илдетине туш болот.
Уландысы бар…
Латыфул Расых



