Экскурсиянын саясий белгиси: колонизаторлуктун уланып жатканын көрсөтөт

Экскурсиянын саясий белгиси: колонизаторлуктун уланып жатканын көрсөтөт
Владимир Путиндин КМШ мамлекет башчылары үчүн Эрмитажда өткөргөн экскурсиясы, бир караганда, протоколдук сылыктык же, маданий белги катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок, постколониялык логикада, мындай көрүнүштөр эч качан бейтараптуу болбойт. Тескерисинче, дал ушундай учурларда, бийлик түз мажбурлоо аркылуу эмес, символдор, ырым-жырымдар жана унчукпай макул болуу аркылуу натыйжалуу иштейт.
Санкт-Петербургдагы Эрмитаж – жөн гана музей эмес. Бул Россия империясынын архитектуралык жана айтып берүүчү жүзү жана империянын өткөн тарыхы «маданият» катары, саясий карама-каршылыктан ажыратылган мейкиндик. Бул жагынан алганда, ал маданий аянтча катары эмес, өзүнүн тарыхый улуулугун көрсөткөн баскынчылыктын (метрополиянын) жарнамасы катары кызмат кылат. XIX кылымда басып алуулар аркылуу империянын курамына киргизилген Борбор Азия лидерлерин, ушул залдардан экскурсиялык топ форматында алып өтүү, курч постколониялык карама-каршылыкты жаратат.
Формалдуу түрдө “эгемендүү” болгон мамлекеттердин өкүлдөрү, өздөрүнүн жеке тарыхынан ажыратылган же, таптакыр империянын тарыхына ылайык оңдолгон абалда берилген мейкиндикте конок болуп жатышканы – абалдын шылдың көрүнүшүн ачыктоодо. Ошол эле учурда, алардын тарыхында болуп өткөн чуулгандуу согуштар, ислам негизиндеги башкаруунун жок кылынышы, көтөрүлүштөрдүн басылышы жана мажбурлоо аркылуу, элдердин империянын сабына киргизилүүсү тууралуу эч нерсе айтылган жок.
Ошондой эле, Путиндин гид ролунда чыгуусу, ал эми Борбор Азия башчыларынын угуучу тарап катары болуусу – эрмитаждагы сейилдөөнүн форматын өзгөчө кылууда. Постколониялык түшүнүктө, бул малайлык иерархиясына жөнөкөй мисал болуп бере алат. Тагыраагы, бир тарап сүйлөйт жана түшүндүрөт, калгандары аны кабыл алып, баш ийүүгө аргасыз. Бул жерде, ачык кемсинтүү байкалбайт, бирок башка көрүнүштөгү – алдын ала ойлоштурулган «структуралык кордоону» сезсе болот. Башчылардын жок дегенде символикалык деңгээлде, таңууланган тарыхка каршылык көрсөтүүгө кудуретсиздиги – буга ачык далил.
Мунун баарын көрүп туруп, эч ким тандалган аянт тууралуу каршылык билдирбестен, кемсинүү форматына башка альтернативаны сунуштаган жок. Эч ким тең укуктуу мамлекеттердин жолугушуусунун мейкиндиги катары, империялык сарайдын символикасын маселе катары көтөрбөдү. Андыктан, алардын унчукпай тургандары, бул саясий кордукту кабыл алгандарына чоң далил болууда.
Алар (башчылар) өздөрүнө тыюу салынгандыгы үчүн эмес, сүйлөө шарттары алар тарабынан түзүлбөгөндүгү үчүн унчукпай жатышат. Ошентип, Борбор Азиянын элитасы формалдуу түрдө эгемендүү болгону менен, бирок символикалык саясатта, алар сунушталган иерархияны кабыл алган постколониалдык субъекттер катары иш алып барууну улантууда.
Баса белгилей кетсек, кеп конкреттүү лидерлердин жеке сапаттары жөнүндө эмес, аймактын тереңинде жаткан алсыздыгы жөнүндө болуп жатат. Экономикалык көз карандылык, миграциялык рычагдар жана коопсуздук маселелери мындай ырымдардан баш тартуу үчүн оор кырдаалды жаратууда. Дал ушундан улам, жогорудагы кемсинтүү мыскылдуу мүнөзгө ээ болууда. Тактап айтканда, кемсинтүү мажбурлоо аркылуу эмес, ага ыктыярдуу түрдө катышуу менен болууда.
Борбор Азия, жада калса протоколдук ишарат деңгээлинде да, өзүнүн жеке символикалык алкагын таңуулай албаган мейкиндик бойдон калууда. Андыктан, эрмитаж бул жерде жөн гана музейдин ролун аткарган жок. Тагыраагы, ал кайсы бир заманда, ким кожоюн болгондугун жана азыркыга чейин ким оюндун эрежесин белгилеп келээрин эстетүүдө.
Хужжат Жамиа




