
Эл аралык мыйзамдын кыйрашы жана өзгөрүүлөр
Бүгүнкү күндөгү эл аралык мыйзамдын башаты XVII кылымдын ортолоруна барып такалат. Европа мамлекеттери өз ара мамилелерди тартипке салууга киришип, 1648-жылы Вестфалия келишимине кол коюшкан. Бул келишим Европага гана эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге таасир кылган эл аралык укукту мыйзамдаштырууга башат болгон. Муну менен Европадагы христиан падышалыктар өз-ара ондогон жылга созулган согуштарды токтотуп, жалпы күчтү Усманий халифалыкка каршы бурууга аракет кылышкан.
1815-жылы өткөн Вена жыйынында Франциядагы революциялык согуштардан келип чыккан көптөгөн маселелер талкууланып, ал Европа континентинде чек араны белгилөө менен аяктады. А бирок, колонизаторлор бөлүнгөн чек арасына ыраазы болбой, биринчи дүйнөлүк согуш келип чыкты. Согушта Германия айланасына бириккен өлкөлөр жеңилип, жеңген тарап Британия, Франция жана Россия үлкөн үлүшкө ээ болду. 1919-жылы Париж жыйыны өттү жана анын артынан Улуттар Лигасы түзүлдү.
Ошентип, эл аралык жалпы укук түзүлүп, ал мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди тынчтык жана согуш абалында тартипке салган мыйзамга айланды. Улуттар Лигасына мамлекеттер үстүнөн бийлик берилди. Ал ошол учурдагы дүйнөлүк биринчи мамлекет болгон Британияга кызмат кылчу. Буга карабастан, биринчи дүйнөлүк согушта жеңилген тарап кайрадан согуш отун тутантып, 1939-жылы экинчи дүйнөлүк согуш келип чыкты. Экинчи дүйнөлүк согушка жаңы державага айланган Америка Кошмо Штаттары аралашып, Японияга өзөктүк курал таштады. Натыйжада Үчтүк союзу жеңилип, эл аралык мыйзам кайрадан түзүлдү. Башкача айтканда, БУУ түзүлүп, аны согушта жеңип чыккан Америка, Британия, Франция, Россия жана Кытай Коопсуздук Кеңеши аркылуу башкарып калды.
Мындан айкын болгондой, эл аралык мыйзамды коюучу тарап – бул согуштарда жеңишке жеткен ири мамлекеттер же күчү тең болуп, бири-бирин жеңе албасын түшүнгөндө өз ара мамилелерин жөнгө салуу үчүн келишим түзүп, ага кол коюп, аны эл аралык мыйзамга айландырган ири державалар. Ошондуктан, бул державалар тарабынан эл аралык мыйзамдар бузулса, ага карата чара көрүүчү тарап жок. Бирок, эл аралык коомчулуктун катуу каршылыгына кабылат.
Мисалы, Америка 2003-жылы Иракка согуш менен кириши эл аралык мыйзамга чоң жарака кетирди. Буга Британия баштаган бир катар ири державалардын коомдук пикирди Америкага каршы күчөтүүсү да салым кошту. Натыйжада, Америка дүйнөлүк коомдук пикирдин таасирин азайтууга аракет кылды. Ал эми, 2014-жылы Россия Крымды басып алышы, андан соң, Американын шыкагы менен Путиндин 2022-жылы Украинага кол салышы эла аралык мыйзамды тебелеген кезектеги ири окуя болуп калды.
Ал эми, АКШнын эрке баласына айланган яхудий түзүмү Газага карата согуштун, эл аралык мыйзамдын баарын бузганына карабастан ага карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул эл аралык мыйзам деп аталган нерсенин толугу менен кыйраганын ачык көрсөттү. Айрыкча, Трамптын АКШ президенттигине экинчи мөөнөткө келиши менен эл аралык мыйзам деген нерсе калбаганы анык болду. Ал Венесуэла президенти Мадурону аскерий операция аркылуу уурдап кетти. Мында дүйнөлүк коомчулуктун пикири менен да, ири мамлекеттер менен да эсептешпеди. Муну менен эле чектелбей, Гренландия, Канаданы АКШга кошуп алуу чакырыгын жасады. Түндүк Америкадагы бир катар өлкөлөрдү, анын жетекчилерин эл аралык кылмыштарга айыптады.
Андан соң Трамп “Тынчтык Кеңеши” түзүлгөнүн жарыялап, өткөн жумада анын биринчи жыйынын өткөрдү. Бул Америка БУУга караштуу 66 уюмдан чыгып кеткен учурга туш келди. Трамп өзүн бул Кеңештин туруктуу төрагасы кылып дайындап, анын чечимдерин бекитүү укугун жалгыз өзү ээледи. Ал буга чейин бар болгон эл аралык түзүмгө да, АКШдан башка негизги дүйнөлүк державаларга да көңүл бурган жок.
Бул Кеңеш Коопсуздук кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун ордуна түзүлгөн альтернативдүү орган катары долбоорлонгон. Анын жаңы түзүмү, жаңы добуш берүү системасы бар жана азыркы дүйнөлүк тартиптин жолуна толук параллелдүү багытты түзөт. Ошол эле учурда ал жаңы Кеңешке 10 миллиард доллар бөлүп, өзүнө баш ийген мамлекеттерди дагы 10 миллиард доллар төлөөгө мажбурлап жатат. Мунун баары АКШнын азыркы эл аралык тартипти жоюп, өзү буйрук берүүчү жана чечим кабыл алуучу жалгыз күч болгон жаңы бир уюлдуу тартипти түзүүгө болгон каалоосун көрсөтөт. Ал муну менен эл аралык көп уюлдуулукту кабыл албай турганын жана дүйнөлүк системада үстөмдүк кылууда ага атаандаш боло турган эч бир эл аралык күчтү каалабашын ачык көрсөттү.
Мына ушул менменсинген текеберлиги Трамптын Иранды кайрадан бомбалоосуна жол ачты. Ал муну менен эле чектелбей, кол баласы яхудий түзүмүнүн аймактагы таасирин кеңейтүү үчүн Ирандагы режимди дагы өзгөртүүгө умтулууда. Тагыраагы, Ирандын регионалдык ролун кыскартып, яхудий вужудуна коркунуч келтире албаган көз каранды мамлекетке айлантууну көздөп жатат.
Демек, бүгүнкү эл аралык абалдагы өзгөрүүлөр эл аралык мыйзамдын кулашы менен коштолуп, ири мамлекеттер арасындагы таасир талаш мындан ары дагы да күчөшү күтүлөт. Айрыкча, эл аралык келишимдердин мааниси жоголуп, ар бир держава өз аймагындагы таасирин сактап калууга умтулат.
Ушундай учурда бүткүл адамзатка хидаят жана нур катары берилген Ислам жана аны жашоого колдонуучу Халифалык мамлекетине болгон муктаждык дагы да өсүп жатат. Ал бүгүнкү дүйнө кептелген туңгуюкка натыйжалуу чечимдерди сунуштай алат жана жер жүзүндөгү бардык адамдар үчүн кабыл алына турган цивилизациялык жана укуктук таяныч боло алат.
Аллах Таала айткан:
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси.» (Рум: 4–5).
Мумтаз Маверанахрий




