Фикхий

Эмбриондорду тоңдуруу жана төрөлө турган баланын жынысын аныктоо

Эмбриондорду тоңдуруу жана төрөлө турган баланын жынысын аныктоо

Суроо: Акыркы учурда мурда жашыруун изилденип келген, азыр болсо ачык-айкын жайылып жаткан илимий изилдөөлөр ачыкка чыгууда. Алар «эмбриондорду тоңдуруу» жана «төрөлө турган баланын жынысын аныктоо» маселелери. Бул иштер Батыш өлкөлөрүндө соодага айланып, кийин мусулман өлкөлөрүнө да өттү. Мындан ары алар жөн гана илимий изилдөө болбой, айрым мусулмандар да бул иштерге кайрыла баштады. Ушул эки маселенин шарияттагы өкүмү кандай? Аллах сизге жакшылык берсин.

Жооп: Жоопко өтүүдөн мурда айтабыз: Аллах Таала адамды жаратты жана ага мурда билбеген нерселерди үйрөттү. Адам, аалам жана тирүүлүктө белгилүү касиеттерди, өлчөмдөрдү жана түзүлүштөрдү жаратты. Бул нерселер адамга жашоо илимдеринен пайдаланууга жана аларды адамдарга пайда алып келчү жолдо колдонууга мүмкүнчүлүк ачат. Аллах Таала пайдалуу илимди жана пайдалуу аалымдарды мактады, анткени алар Аллахка ыйман келтирүүгө эң жөндөмдүү жана бул адам, аалам жана тирүүлүктөгү сырларды көрүп, Жаратуучунун улуулугуна, хикматына жана кудуретине далил келтире алышат.

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ﴾

«Алладан пенделери арасындагы аалым – билимдүүлөр гана коркот. Шек-күмөнсүз Алла Кудуреттүү, Кечиримдүү» (Фатир: 28). Ал эми Расулуллах ﷺ мындай деген:

«… إِنَّ الْعُلَمَاءَ هُمْ وَرَثَةُ الْأَنْبِيَاءِ، إِنَّ الْأَنْبِيَاءَ لَمْ يُوَرِّثُوا دِينَارًا وَلَا دِرْهَمًا، إِنَّمَا وَرَّثُوا الْعِلْمَ، فَمَنْ أَخَذَهُ أَخَذَ بِحَظٍّ وافِرٍ»

«…Чындыгында аалымдар — пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар динар да, дирхам да мурас калтырган эмес, алар илимди мурас калтырган. Ким аны алса, мол үлүш алган болот» (Ибн Мажа, Абу Дарда (р.а.) аркылуу риваят кылган).

Бирок шайтан жана аны ээрчигендер, жамандыктын ээлери, илимди зыян келтирүү үчүн, адам жашоосун бузуу жана аны туура, түз абалынан чыгаруу үчүн пайдаланып келишти. Ошентип, илимдер өз ордунда колдонулбай калды: клондоштуруу пайда болду, сперма клеткаларын, жумурткаларды, андан соң эмбриондорду тоңдуруу жана аларды өз ээлеринен башка жерге көчүрүп отургузуу иштери чыкты. Өлгөн адамдын денесин кесүү жана анын органдарын сатуу, жада калса тирүү адамдарды уурдап өлтүрүү жана адам органдары менен соода кылуу, «илимий» деп аталган тажрыйбаларды эмбриондорго жүргүзүү, аларды тоңдуруу, түйүлдүктүн жашоосу менен ойноо, кээде медицинанын, кээде илимдин шылтоосу менен анын органдарын жулуп алуу сыяктуу иштер жайылды. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ﴾

«Чындыгында, Биз Адам балдарын азиз – урматтуу кылдык» (Исра: 70).

Негизинде илим ушул Аллах берген инсаний кадыр-барктан башталышы керек эле. Бул илим адамдарды бактылуу кылууга, алардын дене жана акыл-эсинжакшыртуугакызматкылышы зарыл болчу. Бирок жаманаалымдарадамдыжогорукөтөрүүнүнордуна, аныбурмалап, жаныбардан да төмөнабалгатүшүрүп, ар кандайжамандыкжаназыянүчүнсынооталаасынаайландырыпжиберишти.

Суроодо айтылган маселеге байланыштуу шарият өкүмү төмөнкүчө:

Биринчиден: эмбриондорду тоңдуруу. Айрым жубайларда оорулуу абалдар кездешет. Алар аялдын жумурткасынын (яйцеклетка) күйөөсүнүн сперма клеткасы менен табигый жол аркылуу уруктануусуна тоскоол болот. Мисалы, жатын моюнчасынын бүтөлүп калышы, сперма клеткаларынын жумурткага жетиши үчүн жетиштүү кыймылга ээ болбошу же адистерге белгилүү болгон башка себептер. Ошондуктан, айрым илимпоздор жумуртканы жатындан тышкары, түтүкчөдө (пробиркада) ылайыктуу шарттарда уруктандыруу ыкмасын иштеп чыгышты. Бул учурда аялга кломид сыяктуу дары-дармектер берилет, алар бир эле учурда бир нече жумуртка бөлүп чыгаруусуна себеп болот. Андан соң адис дарыгер овуляция (жумуртканын чыгуусу) белгиленген убакта лапароскопиялык аспап жана зонд киргизип, жумурткалыктан (яичник) бир топ жумурткаларды сордуруп алат. Андан кийин ар бир жумуртканы атайын суюктукка салынган Петри табагына жайгаштырып, аларды күйөөсүнүн сперма клеткалары менен уруктандырат.

Ушул түтүкчөдө уруктандыруу иши бүткөндөн кийин, уруктанган жумуртка «бирөө же бир нечеси» кайра аялдын жатынына жайгаштырылат. Эгер Аллах Таала ошол уруктанган жумурткадан түйүлдүк жаратууну кааласа, ал жатынга илинип, нутфа (бел суу) болуп, андан кийин мудга (бир кесим эт) болуп өсө баштайт. Ал эми эгер Аллах Таала жаратууну каалабаса, анда уруктанган жумуртка өлүп, жоголуп кетет.

Көптөгөн учурларда бул аракеттер ийгиликсиз болуп калат (ийгиликсиздик пайызы 90%га чейин жетиши мүмкүн). Жубайлардын балалуу болууга болгон умтулуусунан улам, алар бул аракетти кайра-кайра жасашат. Бул болсо аял үчүн оор жүк болот. Анткени аялга адатта жумурткалыкты көп санда жумуртка өндүрүүгө мажбурлоо үчүн ар кандай дары-дармектер жана дарылоолор берилет. Себеби жатындан тышкары (түтүкчөдө) уруктандыруу кепилденген эмес. Ошондуктан жумурткалык эгер бул жумуртка уруктанбаса, тигиниси уруктансын деп көбүрөөк жумуртка өндүрүүгө дуушар болот. Уруктанганын алып, кайра жатынга жайгаштырышат. Кээде жатынга бир нече уруктанган жумуртка жайгаштырылат, анткени бирөөсү өлүп калса, экинчиси ийгиликке жетиши мүмкүн.

Уруктанган жумурткалар атайын аппарат аркылуу аялдын жатынына отургузулат. Калыптанган практика боюнча, алардын ичинен бирөөсү ийгиликке жетиши үчүн жатынга үч уруктанган жумуртка отургузулат. Ошол эле учурда жатынга отургузулбай калган бир топ уруктанган жумурткалар калат. Эгер жатынга отургузулган жумурткалар ийгиликке жетпесе, бул калган уруктанган жумурткалар кийинки этапта колдонулат. Башкача айтканда, эгер отургузулган жумуртка ийгиликсиз болсо, аялды кайрадан дарылоого жана аны чарчатууга муктаждык болбойт. Тескерисинче, ашыкча уруктанган жумурткалардан алып, аларды жатынга кайра отургузушат. Ошентип, ар бир жолу бирөө ийгиликсиз болгондо, экинчисин алып отургузушат да, аялды кайрадан дары-дармектер менен чарчатышпайт.

Бирок жатынга биринчи жолу отургузулган уруктанган жумуртканын ийгиликсиз болгону дароо билинбейт. Тескерисинче, бул бир нече сааттан же бир нече күндөн кийин гана билиниши мүмкүн. Ушул аралыкта, эгер ашыкча уруктанган жумурткалар ылайыктуу температурада жана тиешелүү шарттарда тоңдурулбаса, алар өлүп калышат. Ошондуктан ашыкча уруктанган жумурткалар суюк азот менен тоңдурулуп, биринчи аракет ийгиликсиз болгондо кайра жатынга отургузууга даяр абалда сакталат.

Ушундайча эмбриондорду тоңдуруу идеясы пайда болду. Анын баштапкы максаты биринчи аракет ийгиликсиз болгондо, аялды кайрадан дары-дармектер жана дарылоолор менен чарчатпай туруп, эмбриондорду кайра эненин жатынына отургузуу эле. Кийинчерээк, айрыкча каапыр Батыш өлкөлөрүндө, бул эмбриондор соода буюмуна айланып кетти. Алар узак убакытка, жылдар бою тоңдурулуп сактала турган болду. Кээде алар кайра өз энесине отургузулбастан, башка жубайларга, а түгүл күйөөсү жок аялдарга сатылып кетти. Тоңдурулган эмбриондорду сактоочу банк сыяктуу жайлар пайда болду. Акыркы кабарларда айтылгандай, кээде эмбриондор бири-бири менен аралашып кетип, биринчи аракет ийгиликсиз болгондо аялга «бөтөн» уруктанган жумуртка кайра отургузулган учурлар да кездешти. Ушундайча тукумдар аралашып, адам жашоосу бурмаланууда.

Биз айткандай, тоңдуруу уруктанган жумурткалар менен гана чектелип калган жок. Алар жумурткаларды да тоңдура башташты, сперма клеткаларын да тоңдуруп, каалагандарга сата башташты. Мындан тышкары, «бул жумуртка же тигил сперма өзгөчө, тандалган адамдардан алынган» деген сыяктуу жарнамалар менен аларды соодага чыгарышууда.

Кыскача айтканда, тоңдурулган эмбриондордун абалы ушундай. Бул маселеге байланыштуу алардын изилдөөлөрүндө көптөгөн майда-барат маселелер бар. Бирок жалпы вакыйлык биз баяндап бергендей, ал деталдар да ушул негизги көрүнүштүн алкагынан чыгып кетпейт. Мына ушуга ылайык, шарияттагы өкүм төмөнкүчө:

1. Жубайлардын жатындан тышкары уруктандырууга (пробиркада уруктандырууга) кайрылуусу — табигый жол менен кош бойлуу боло албаган абалын дарылоо максатында болсо уруксат. Анткени бул дарылануу болуп эсептелет. Ал эми Расулуллах ﷺ дарыланууга буйруган.

«تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلَّا وَضَعَ لَهُ دَوَاءً غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ»

«Дарылангыла, анткени Аллах Таала ар бир ооруну дабасы менен кошо жараткан. Бир гана оорудан – харамдан башка», башкача айтканда өлүмдөн башка. (Абу Дауд, Усама ибн Шарик (р.а.) аркылуу). Бирок бул уруксат эки шарт менен гана болот.

Биринчи шарт: Пробиркадагы уруктандыруу шариятка ылайык нике менен никеленген эркек менен аялдын спермаcы жана жумурткасы аркылуу гана болушу керек. Рувайфиъ ибн Сабит ал-Ансари (р.а.) риваят кылат, Расулуллах айткан:

«لَا يَحِلُّ لِامْرِئٍ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أَنْ يَسْقِيَ مَاءَهُ زَرْعَ غَيْرِهِ»

«Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген адамга өз суусун (уругун) башка бирөөнүн эгинине куюшу адал эмес» (Ахмад риваят кылган).

Демек, аялдын жумурткасы күйөөсүнүн уругунан башка урук менен уруктандырылышы жаиз эмес.

Экинчи шарт: Пробиркада уруктандыруу жана аны аялдын жатынына жайгаштыруу күйөөсү тирүү кезде гана жүргүзүлүшү керек. Батышта кездешкендей, күйөөсү каза болгондон кийин тоңдурулган уруктанган жумуртканы аялдын жатынына жайгаштыруу Исламда адал эмес. Анткени кош бойлуулук башталган учурдан тартып тирүү күйөөсү жок аялдын кош бойлуу болушу — арам, жана бул үчүн жаза бар. Зынанын ачык белгилеринин бири — күйөөсү жок аялдын кош бойлуу болушу. Ошондуктан күйөөсү жок абалда кош бойлуу болгон ар бир аял арам иш кылган, чоң күнөө жасаган болуп эсептелет. Бул өкүм Умар жана Али (р.а.)дан келген риваяттарга таянат. Бул сөздөрүнө сахабалардан каршы чыккан эч ким болбогон. Эгерде бул туура эмес болгондо, сөзсүз каршы чыгышмак. Ошондуктан бул ижмаъ болуп эсептелет. Демек, күйөөсүз кош бойлуулук зынанын белгилеринин бири. Эгер кош бойлуулук жыныстык катнаш аркылуу болсо хад жазасы бар. Эгер жыныстык катнашсыз, башкача айтканда, күйөөсү каза болгондон кийин уруктанган жумуртканы жатынына жайгаштыруу аркылуу болсо, катуу таъзир жазасы колдонулат.

Жатындан тышкары уруктандыруу жана андан кийин уруктанган жумуртканы эненин жатынына жайгаштыруу эгерде урук күйөөдөн аялга гана болсо жана күйөөсү тирүү кезде жасалса,

анда бул жаиз. Ошондуктан айтылган шарттар менен «пробирка түйүлдүгү» طفل الأنابيب) ) шарият боюнча жаиз.

2. Ал эми ашыкча уруктанган жумуртканы (же уруктанган жумурткаларды) биринчи аракеттин ийгиликтүү же ийгиликсиз болору билингенче тоңдуруп коюу маселесине келсек: эгер биринчи аракет ийгиликсиз болсо, анда тоңдурулган уруктанган жумуртканы алып, кайра эненин жатынына отургузушат, эгер ал да ийгиликсиз болсо, кийинкисин алышат… ушундай уланат.

Эгерде бул тоңдурулган уруктанган жумурткалар («тоңдурулган эмбриондор») так ошол энеге таандык экени анык болуп, башка эмбриондор менен аралашпаганына толук ишеним болсо, анда жогоруда айтылган эки шарт менен аларды кайра эненин жатынына отургузууга болот.Бирок акыркыкабарлардатоңдурулганэмбриондордунаралашыпкеткениайтылгандыктан, биринчиаракетийгиликсизболгондоэмбриондордутоңдуруп, кайра энегеотургузуужаизэмесболупкалат. Мунунсебептеритөмөнкүлөр:

1. Адатта негизги көңүл пробиркада уруктандырылып, ийгиликтүү болгон биринчи уруктанган жумурткага бурулат. Ал жатынга отургузулуп, ага туруктуу көзөмөл жана кам көрүү жүргүзүлөт.

 2. Ал эми тоңдурулуп калган башка ашыкча уруктанган жумурткаларга жетиштүү көңүл бурулбайт. Аларга биринчи аракет ийгиликсиз болгондон кийин гана кайрылышат. Биз айткандай, биринчи аракеттин ийгиликсиз болгону дароо билинбейт, аныктоо үчүн кыска же узак убакыт талап кылынат. Ушул аралыкта ашыкча уруктанган жумуртка же жумурткалар тоңдурулган абалда турат.

 3. Тоңдурулган эмбриондордун (урктанган жумурткалардын) аралашып кеткени тууралуу кабарлар бар. Бул кабарлар эмбриондорду тоңдуруу аркылуу тукумдардын аралашып кетишине жол ачышы мүмкүн экенин көрсөтөт.

 4. Эгер биринчи аракет ийгиликтүү болсо, анда ашыкча тоңдурулган эмбриондорду жок кылуу (жоготуу) талап кылынат. Бирок бул жок кылуунун иш жүзүндө аткарылары так эмес. Айрыкча тоңдурулган эмбриондор менен соода жүрүп жатканы тууралуу кабарлар бар экенин эске алганда, аларды жок кылбай коюу ыктымалы жогору.

Шарияттагы «арамга алып баруучу каражат да арам» деген коидага ылайык жана бул коидада күчтүү божомол غلبة الظن) ) жетиштүү болгондуктан, ошондой эле тоңдурулган эмбриондордун аралашуусу — катачылыктанбы же атайын соода максатындабы — тукумдардын аралашуусуна алып келери анык болгондуктан, бул иш арам. Анткени Ислам тукумдарды сактоону жана коргоону милдет кылган.

Ибн Мажа өзүнүн «Сунан» китебинде Ибн Аббас (р.а.) аркылуу риваят кылат, Расулуллах айткан:

«مَنِ انْتَسَبَ إِلَى غَيْرِ أَبِيهِ، أَوْ تَوَلَّى غَيْرَ مَوَالِيهِ، فَعَلَيْهِ لَعْنَةُ اللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ»

«Ким өз атасынан башкасына таандыкмын десе же өзүнүн кожоюндарынан башкасын кожоюн тутса, ага Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышы болсун».

Ошондой эле, Абу Хурайра (р.а.) аркылуу риваят кылат: ал Расулуллах ﷺдын лиъан аяттары түшүрүлгөндө айтканын уккан:

«أَيُّمَا امْرَأَةٍ أَدْخَلَتْ عَلَى قَوْمٍ نَسَبًا لَيْسَ مِنْهُمْ فَلَيْسَتْ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ، وَلَمْ يُدْخِلْهَا اللَّهُ جَنَّتَهُ»

«Кайсы бир аял өзүнө тиешеси жок урук-тукумду бир элге кошуп киргизсе, ал Аллах тарабынан эч нерсе эмес (эч нерсеге жетпейт), жана Аллах аны Өзүнүн бейишине киргизбейт».

Ошондуктан бул ыкма, башкача айтканда ашыкча эмбриондорду тоңдуруу арам. Жатынга биринчи жолу кайра отургузулганынан ашып калган уруктанган жумурткалар дароо жок кылынышы керек, биринчи аракет ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн деген эсеп менен аларды тоңдуруп коюуга болбойт. Эгер биринчи аракет ийгиликсиз болсо, анда аял кайрадан дарыланып, биринчи жолкудай эле жаңы уруктанган жумуртка пайда кылынат.

Аялга жеткен чарчоо жана оорчулук тукумдардын аралашуусуна алып баруучу эмбриондорду тоңдурууга себеп боло албайт. Эмбриондорду тоңдуруу болсо арам.

Айрымдар мындай деши мүмкүн: шарияттагы коида «арамга алып баруучу каражат да арам» болушу үчүн күчтүү божомол (галабатуз зонн) талап кылынат. Ал эми бул жерде болгону жөн гана божомол бар, күчтүү божомол жок. Айрыкча, эгер дарылоону жүргүзгөн мекеме ишенимдүү болуп, эмбриондорду коопсуз ыкма менен тоңдурса, ошондой эле биринчи аракет ийгиликтүү болгондо ашыкча тоңдурулган эмбриондорду жок кылса, анда эмне үчүн аялды кайра чарчатпоочу бул ыкманы арам дейбиз?

Мунун жообу мындай: чындыгында, коида үчүн күчтүү божомол талап кылынат. Бирок дарылоону жүргүзгөн мекеме ишенимдүү болгондо да, бул жерде мындай күчтүү божомол болбой калат. Ооба, эгер эмбриондор аралашпай турганына толук тынчтык طمأنينة تامة) ) пайда болсо, анда биринчи аракет ийгиликтүү болгондо калган эмбриондор дароо жок кылынуу шарты менен уруксат берилмек. Бирок бул маселе өтө сезимтал. Жаңылыктарда айтылып жаткан маалыматтар тынчтыкты эки этапта солгундатып жатат:

Биринчи этап: биринчи аракеттин ийгиликтүү болуп-болбогонун аныктоо үчүн кеткен убакыт. Ушул мезгилде ашыкча эмбриондор тоңдурулган абалда калат да, аларга жетиштүү көңүл бурулбайт, анткени негизги көзөмөл биринчи аракетке жасалат.

Экинчи этап: биринчи же экинчи аракет ийгиликтүү болгондо, ашыкча тоңдурулган эмбриондорду жок кылуу зарыл. Бирок бул жок кылуу да жетиштүү көзөмөлдө болбойт. Анткени аял кош бойлуу болгондон кийин, ага да, күйөөсүнө да ашыкча эмбриондордун тагдыры кызык болбой калат. Алар жөн гана сурап коюшу мүмкүн, ал эми жооп катары: «жок кылынды» деп айтылышы мүмкүн. Эми, тоңдурулган эмбриондор менен соода жүрүп жатканы тууралуу кабарлар таралып жатканда, кантип толук тынчтык пайда болот?!

Мындан тышкары, эгер жогорудагы коида боюнча арамдыкка алып келчү күчтүү божомол толук калыптанбаса да, бул иш шектүү болуп эсептелет. Ал эми Тирмизи риваят кылып, «хасан сахих хадис» деп баалаган хадисте, Хасан ибн Али (р.а.) мындай дейт:

«دَعْ مَا يَرِيبُكَ إِلَى مَا لَا يَرِيبُكَ»

«Сени шекке салган нерсени ташта да, сени шекке салбаган нерсени ал».

Жыйынтык: Аялдын жумурткасын күйөөсүнүн уругу менен жатындан тышкары (пробиркада) уруктандырууга, эгер аялдын кош бойлуу болушу табигый жол менен мүмкүн болбой калса, дарылоо максатында уруксат берилет. Уруктанган жумуртка алынгандан кийин аны кайра жатынга отургузуп, түтүкчөдөгү башка уруктанган жумурткалар дароо жок кылынышы керек. Эгер Аллахтын уруксаты менен биринчи аракет ийгиликтүү болсо, жубайлар Аллахка шүгүр кылышсын. Эгер ийгиликтүү болбосо, анда кайрадан жаңыдан аракет кылышсын, башкача айтканда, биринчи тажрыйбадан калган ашыкча уруктанган жумурткаларды тоңдурбастан, кайрадан пробиркада уруктандыруу жүргүзүлсүн.

Мунун баары шариятка ылайык нике менен никеленген жубайлардын ортосунда жана күйөөсү тирүү учурда гана жүргүзүлгөн шартта жаиз. Демек, жумуртканы жатындан тышкары уруктандырып, андан кийин аны жатынга жайгаштыруу — күйөөсү тирүү маалда гана болушу керек.

Экинчиден: төрөлө турган баланын жынысын аныктоо.

Илгертен бери эле адамдар каалаган баланы тандап алууга, ал эми каалабаганын жок кылууга ар кандай жолдор менен аракет кылып келишкен. Жахилият доорунда эркек балдарды согушка жардам берет, тукумду сактайт деп артык көрүшкөн. Ал эми кыз балдарды тирүүлөй көмүп салышкан. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ ۝ بِأَيِّ ذَنْبٍ قُتِلَتْ﴾

«Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөнү суралганында…» (Таквир: 8–9).

Кийинчерээк башка ыкмалар пайда болгондо т.а. кош бойлуу аялдын ичиндегини аппарат менен көрүү мүмкүн болгондо, эгер түйүлдүк каалабаган жыныста болсо, аборт аркылуу аны эненин ичинен түшүрүү ыкмасы колдонулуп калган. Андан кийин, айрыкча түйүлдүк эненин курсагында турган чөйрөнүн шарттарын көзөмөлдөгөн жаңы, өнүккөн технологиялар пайда болгондо, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти: кычкыл (кислоталуу) чөйрө аялдык (XX) сперма клеткасына көбүрөөк ылайыктуу, ал эми щелочтуу (алкалдуу) чөйрө эркектик (XY) сперма клеткасына ылайыктуураак.

Ошондуктан, алар жыныстык катнашка чейин аялдын жатынында щелочтуу чөйрөнү күчөтүүчү ыкмаларга кайрыла башташты. Тактап айтканда, кындын (влагалище) ичин щелочтуу эритме менен жууп-тазалоо жүргүзүштү. Муну эркек балалуу болууга жардам берет деп эсептешти. Ал эми жыныстык катнашка чейин кычкыл «душ» (жуу) жүргүзүүнү кыз балага (кыз төрөөгө) жардам берет деп кабыл алышты. Андан соң алар аялдын организминде щелочтуу чөйрөнү пайда кылуучу тамак-аш режимдерин, ошондой эле кычкыл чөйрөнү пайда кылуучу тамак-аш режимдерин изилдей башташты.

Алар тамак-аш түйүлдүктүн жынысын аныктоого эки жактан таасир этерин байкашкан.

Биринчи жагы: тамак-аш жатын моюнчасындагы жана кындагы чөйрөнүн кычкыл же щелочтуу болушун өзгөртөт. Калий жана натрий чөйрөнү щелочтуу кылат, ошондуктан эркек бала төрөө мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Магний жана кальций чөйрөнү кычкыл кылат, ошондуктан кыз төрөө мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт.

Экинчи жагы: тамак-аш жумуртканын кабыгында өзгөрүү жаратып, жумуртканын эркектик же аялдык сперма клеткасын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Ошентип, алар жубайларга, айрыкча эркек бала каалаган аялга, щелочтуу чөйрөнү күчөткөн азыктар менен тамактанууну сунушташкан. Мисалы: туздуу тамак-аш режими, тузу көп эт азыктары, сүт жыпар жыттуу заттарды (пряности) көбөйтүү, жемиштерди жеш, калий камтыган дарыларды ичүү ж.б. Мунун баары организмде щелочтуу түзүлүштү пайда кылууга жардам берген азыктар катары айтылган.

Ал эми кыз балага келсек, алар организмде кычкыл чөйрөнү пайда кылуучу азыктарды сунушташкан. Мисалы: сүт жана анын азыктарын ичүү, тузду азайтуу, эт азыктарын, айрыкча туздалган эттерди жебөө, жемиштерден алыс болуу, жыпар жыттуу заттардан алыс болуу, кальций камтыган дарыларды ичүү ж.б. Мунун баары организмде кычкыл түзүлүштү пайда кылууга жардам берет деп эсептелген.

Андан кийин алар дагы бир ыкманы байкашкан. Эгер аялдын жумурткасы бөлүнүп чыккан соң, башкача айтканда, жумуртка бар болгондон кийин эркек уругу (сперма) келсе жана уруктануу болсо, анда эркек балага мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот экен. Ал эми эгер эркек уругу жумуртка бөлүнүп чыкканга чейин келип, жумуртка андан кийин келсе жана уруктануу болсо, анда кыз балага мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот экен деп байкашкан. Мисалы, эгер жыныстык катнаш овуляция болгондон кийин дароо жасалса, анда тараза эркек баланын пайдасына оойт. Тескерисинче болсо, кыз баланын пайдасына болот. Ошентип, эгер жыныстык катнаш жумуртка бар болгон маалда (жумуртканын жумурткалыктан чыккан күнү) болсо, анда артыкчылык эркек балага берилет. Ал эми жыныстык катнаш жумуртка чыкканга чейин бир топ убакыт мурда болсо, анда артыкчылык кыз бала тарапка өтөт. Ушуга жараша, каалабаган жыныстын пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар күндөрдө азл (эркек урукту жатындан сырткары чыгаруусу) колдонулат, ал эми кааланган жыныс үстөмдүк кылган мезгилде азлдан баш тартылат. Ушундайча азл түйүлдүктүн жынысын таразалоочу (басымдуулук кылуучу) каражат болуп эсептелет. Бул болсо аялда овуляциянын убактысын так көзөмөлдөөнү талап кылат. Эгер эркек бала күтүлсө, анда овуляцияга чейин жыныстык катнашка барбоо керек, анткени сперма түшүп, жумуртка андан кийин чыкса, эркек балага мүмкүнчүлүк азаят. Ошондуктан ошол күндөрү азл колдонулат. Ал эми овуляция учурунда эркек адам жыныстык катнашка шашылышы керек, ошондо сперма түшкөндө жумуртка бар болуп, эркек балага мүмкүнчүлүк көбөйөт.

Эгер каалоокыз бала болсо, андажумурткачыкканданкийинжыныстыккатнашкабарбоо керек. Булучурда овуляция мезгилиндеазлколдонулуп, жыныстыккатнашжумурткачыгаэлекте эле жасалат. Анткениэгержыныстыккатнашжумурткачыгаэлектеөтөэртеболсо, сперма жумурткачыккангачейинөлүпкалышымүмкүн.

Балким ушул акыркы ыкмага Сүннөт ишара кылып жаткандыр. Анткени Расулуллах ﷺ Бухари риваят кылган хадисте мындай деген:

«وَأَمَّا الْوَلَدُ فَإِذَا سَبَقَ مَاءُ الرَّجُلِ مَاءَ الْمَرْأَةِ نَزَعَ الْوَلَدَ، وَإِذَا سَبَقَ مَاءُ الْمَرْأَةِ مَاءَ الرَّجُلِ نَزَعَتْ الْوَلَدَ»

«Ал эмибалагакелсек: эгерэркектинсуусуаялдынсуусунанмурдакелсе, бала (эркекке) тартат; ал эмиаялдынсуусуэркектинсуусунанмурдакелсе, бала (аялга) тартат».

Муну Муслим өзүнүн «Сахих» китебинде Расулуллах дын кызматчысы Саубан аркылуу риваят кылган узун хадис да түшүндүрөт. Ал хадисте яхудий аалымдарынын бири Пайгамбар ﷺдан бала тууралуу сураганда, Расулуллах ﷺ мындай деп жооп берген:

«فَإِذَا اجْتَمَعَا، أَيْ مَاءُ الرَّجُلِ وَمَاءُ الْمَرْأَةِ، فَعَلَا مَنِيُّ الرَّجُلِ مَنِيَّ الْمَرْأَةِ أَذْكَرَا بِإِذْنِ اللَّهِ، وَإِذَا عَلَا مَنِيُّ الْمَرْأَةِ مَنِيَّ الرَّجُلِ آنَثَا بِإِذْنِ اللَّهِ»

«Эгер экөө (эркектин суусу менен аялдын суусу) бириксе жана эркектин суусу аялдын суусунан үстөм чыкса, Аллахтын уруксаты менен эркек бала болот; ал эми аялдын суусу эркектин суусунан үстөм чыкса, Аллахтын уруксаты менен кыз бала болот».

Табигый түрдө, эркектин суусу аялдын суусунан “үстөм чыгышы” — эркектин суусу аялдын суусунан кийин келүүсүн билдирет. Анткенимурда бар болбогоннерсенинүстүнөэчнерсекелбейт. БулучурдаАллахтынуруксатыменен, эркекбалагамүмкүнчүлүккөбүрөөк болот. Тескерисинче, аялдынсуусуэркектинсуусунанүстөмчыкса, башкачаайтканда, анынсуусуэркектинсуусунанкийинкелсе, андаАллахтынуруксатымененкызбалагамүмкүнчүлүккөбүрөөк болот.

Андан кийин алар илимий жактан дагы өнүккөн деп аташкан ыкмага келишти. Бул ыкманы «нутфаларды тандалма уруктандыруу» деп аташты. Бул ыкмада сперма клеткаларына тажрыйбалар жүргүзүлүп, жыныстык хромосомалар — аялдык (X) менен эркектик (Y) — лабараториялык түтүкчөдө, башкача айтканда, организмден тышкары ар кандай ыкмалар менен ажыратылат. Бул болсо жогорку деңгээлдеги медициналык-техникалык кийлигишүүнү талап кылат. Бул ыкманын негизги түшүнүгү төмөнкүчө: алар сперма клеткасындагы хромосомалар YX экенин аныкташкан (мында Y — эркектик бөлүк, X — аялдык бөлүк). Ал эми жумуртканын хромосомалары XX, башкача айтканда, экөө тең аялдык экенин байкашкан. Эгер спермадагы Y бөлүк жумуртканы уруктандырса, натыйжада YX пайда болуп, эркек түйүлдүк жаралат. Ал эми спермадагы X бөлүк жумуртканы уруктандырса, XX пайда болуп, аял түйүлдүк жаралат. Ошого ылайык, алар спермадагы эркектик Y бөлүгүн аялдык X бөлүгүнөн ажыратуу боюнча тажрыйбалар жүргүзүп, эгер эркек түйүлдүк каалашса, жумуртканы пробиркада Y бөлүк менен, ал эми аял түйүлдүк каалашса, X бөлүк менен уруктандырышкан.

Мындан бир аз гана айырмаланган дагы бир ыкма бар. Бул ыкмада адегенде жумурткалар пробиркада уруктандырылат, андан соң текшерүүдөн өткөрүлөт. XX хромосомасы бар уруктанган жумуртка кыз, ал эми XY хромосомасы бар уруктанган жумуртка эркек болуп эсептелет. Эркек бала каалаган аялдын жатынына XY болгон уруктанган жумуртка отургузулат, ал эми кыз бала каалагандын жатынына XX болгон уруктанган жумуртка отургузулат.

Эки ыкма тең максаты жагынан окшош. Айырмасы — биринчисинде уруктандыруудан мурда сперма текшерилип, анын эркектик бөлүгү аялдык бөлүгүнөн ажыратылат; экинчисинде болсо уруктанган жумурткалар (эмбриондор) текшерилип, андан кийин эркек эмбриондор аял эмбриондордон бөлүнөт.

Ушунун баары байыркы замандардан бүгүнкү күнгө чейин адамдардын төрөлө турган баланын жынысын тандоо үчүн жасаган аракеттеринин жалпы жыйынтыгы. Вакыйлык аныкталгандан кийин (тахкик ал-манат), шарияттагы өкүм төмөнкүчө баяндалат:

а) Каалабаган ымыркайды өлтүрүү.

Бул арам, анткени ал кастык менен атайылап адам өлтүрүү болуп эсептелет. Анын акыреттеги жазасы тозок жана ал жерде түбөлүк калуу:

﴿وَمَنْ يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُتَعَمِّدًا فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيمًا﴾

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Алланын азабына жана каргышына дуушар болот. Алла ал үчүн чоң азапты даярдап койгон». (Ниса: 93).

Дүйнөдөгү жазасы кысас (өч алып өлтүрүү), бул эгер өлгөндүн мураскору кечирбесе, эгер кечирсе, анда кандын акысы (дия) төлөнөт.

б) Эненин курсагындагы түйүлдүктү өлтүрүү.

Эгер ата-энеси түйүлдүк каалабаган жыныста экенин билип (мисалы, кыз болуп, атасы эркек кааласа) аны түшүрсө — бул да арам жана жазасы бар.

Бухари жана Муслим Абу Хурайра (р.а.) аркылуу риваят кылышкан (сөзү Бухариники):

«اقْتَتَلَتِ امْرَأَتَانِ مِنْ هُذَيْلٍ فَرَمَتْ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَى بِحَجَرٍ فَقَتَلَتْهَا وَمَا فِي بَطْنِهَا، فَاخْتَصَمُوا إِلَى رَسُولِ اللَّهِ ﷺ، فَقَضَى رَسُولُ اللَّهِ ﷺ أَنَّ دِيَةَ جَنِينِهَا غُرَّةٌ عَبْدٌ أَوْ وَلِيدَةٌ…»

«Хузайлдан болгон эки аял урушуп, алардын бири экинчисин таш менен уруп, аны жана ичиндеги түйүлдүгүн өлтүрүп койду. Алар Расулуллах ﷺга кайрылышты. Анда Расулуллах ﷺ түйүлдүктүн диясы — кул же кул кыз (гурра) деп өкүм чыгарды…».

в) Азл жана башка табигый ыкмалар.

Азлды колдонуу — белгилүү күндөрү убактылуу жыныстык катнашка барбоо же жыныстык катнаш болуп, тышкарыга төгүү; ошондой эле айрым азыктар менен тамактануу, кынга щелочтуу же кычкыл “душ” жасоо — жаиз, мында шариатка каршы эч нерсе жок. Азлга далил:

Бухари Абу Саид ал-Худрий (р.а.) аркылуу риваят кылат:

«… فَأَرَدْنَا أَنْ نَعْزِلَ، وَرَسُولُ اللَّهِ ﷺ بَيْنَ أَظْهُرِنَا، فَسَأَلْنَاهُ، فَقَالَ: مَا عَلَيْكُمْ أَنْ لَا تَفْعَلُوا، مَا مِنْ نَسَمَةٍ كَائِنَةٍ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ إِلَّا وَهِيَ كَائِنَةٌ»

«…Бизазлдыкааладык. Расулуллахﷺ арабызда эле, андансурадык. Ал айтты: “Аны кылбасаңар да айыпэмес. Кыяматкачейинболотурган ар биржансөзсүз болот».Муслим да ушугаокшошриваяткылган.

Ал эми тамак-аш тандоо жана жуунуу (душ) маселесине келсек, булар жеп-ичүү жана жуунуу тууралуу жалпы далилдерге киргендиктен, адал болот.

г) Эркектик бөлүктү аялдык бөлүктөн ажыратуу жана эмбриондорду тандоо.

Ал эми спермадагы эркектик (Y) бөлүктү аялдык (X) бөлүктөн ажыратып, эркек бала каалашса жумуртканы эркектик бөлүк менен, кыз каалашса аялдык бөлүк менен уруктандыруу; же болбосо эркек эмбриондорду аял эмбриондордон ажыратып, каалаганын жатынга отургузуу — бул иштерге уруксат жок. Анткени булар дары эмес, башкача айтканда, табигый жол менен кош бойлуу боло албаган аялды дарылоо максатын көздөбөйт. Тактап айтканда, бул иштер аял табигый жол менен кош бойлуу боло албагандыктан, дарылоо катары пробиркада уруктандырууга кайрылуу эмес. Тескерисинче, бул — спермадагы эркектик жана аялдык бөлүктөрдү ажыратуу, же эмбриондорду бөлүү маселеси. Демек, бул кош бойлуулуктун мүмкүн эместигин дарылоочу дары эмес.

Мындан тышкары, бул иштер авратты ачуу менен гана ишке ашат. Анткени жумуртканы алуу жана кайра жатынга отургузуу авратты ачпай мүмкүн эмес. Ал эми авратты ачуу арам жана бул арам ишке дары зарыл болгондо гана уруксат берилет. Бул иштер дары болбогондуктан, арам жана жол берилбейт.

Акырында, акыйдага түздөн-түз байланышкан, башкача айтканда, адамдын Исламына тиешелүү болгон өтө маанилүү акыйкатты эскерүү зарыл. Бул акыйкат — ушул иштердин жана жол-жоболордун баары адам жарата алат дегенди билдирбейт. Адам болгону Аллах Таала жараткан эркектик жана аялдык касиеттерди, уруктануунун өзгөчөлүктөрүн байкайт, аларды талдайт, байкагандарына тажрыйба жүргүзөт. Айрым азыктарды колдонот, белгилүү чөйрөлөрдү түзөт, эркектик бөлүктү аялдык бөлүктөн ажыратат, уруктандырып кайра жатынга отургузат ж.б. Бирок мунун баары жаратуу эмес. Жаратуу — Жаратуучу Аллахтын кудуретине гана муктаж. Эгер Аллах Таала андан тирүү жаратууну кааласа, тирүү болот. Эгер өлүк жаратууну кааласа, өлүк болот. Эгер Аллах Таала такыр жаратууну каалабаса, кандай гана тажрыйба болбосун, эч нерсе болбойт. Аллах Таала жаратууну каалаган нерсе болот, ал эми каалабаган нерсе болбойт. Бул акыйкат т.а. Аллах Таала жалгыз Жаратуучу экендиги жана эркекти да, аялды да жалгыз Аллах жаратары катъий далилдер менен бекитилген. Алардын ичинде:

﴿ذَلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ فَاعْبُدُوهُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ﴾

«Мына ошол Алла Раббиңер. Андан башка кудай жок. Бирок анын Өзү гана бар! Ал бардык нерсени жаратуучу. Демек ага гана пенделик кылгыла! Ал бардык нерсенин үстүндөгү Өкүл-Сактоочу!» (Анъам: 102).

﴿إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ﴾

«Албетте, Раббиң Өзү гана жаратуучу, билүүчү». (Хижр: 86).

﴿أَفَمَنْ يَخْلُقُ كَمَنْ لَا يَخْلُقُ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ﴾

«(Эй мушриктер), акыры (бардык мавжудатты – бар нерсенин баарын) Жаратуучу Зат – Алла менен (эч нерсе) жарата албай турган (бут-санамдарыңар) теңби?!» (Нахль: 17).

﴿هَذَا خَلْقُ اللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ بَلِ الظَّالِمُونَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ﴾

«Булар Алла жараткан нерселер. Эми, (эй мушриктер), силер мага Андан өзгө «кудайлар» эмнелерди жаратканын көрсөткүлөчү! Жок, (алар бир да нерсени көрсөтө алышпайт, демек) ал заалим кишилер ачык адашууда». (Лукман: 11).

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ ۚ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ ۖ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ۚ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ﴾

«Эй инсандар, бир мисал айтылган, анда, ага кулак салгыла! Акыйкатта, силер Алладан башка, жалбарып жаткан буттарыңар эгер бардыгы биригишкенде да бир чымынды жарата алышпайт, эгер чымын алардан бирээр нерсени тартып алса, аны (ошол чымындан да) куткарып ала алышпайт. (Демек, ошол буттардан муктаждыгын ишке ашырууну) суроочу (мушрик) да, суратуучу (буттар) да алсыз». (Хаж: 73).

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِنَ الْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِنْ مُضْغَةٍ مُخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِنُبَيِّنَ لَكُمْ ۚ وَنُقِرُّ فِي الْأَرْحَامِ مَا نَشَاءُ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا أَشُدَّكُمْ ۖ وَمِنْكُمْ مَنْ يُتَوَفَّىٰ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنْ بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا ۚ وَتَرَى الْأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنْزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَاءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنْبَتَتْ مِنْ كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ﴾

«Эй инсандар, эгер силер кайра тирилүүдөн күмөндө болсоңор, анда (карагыла), Биз силерге (Алланын кудуретин) баян кылуу үчүн силердин (атаңар Адамды) топурактан, кийин (бардык жандууну алгач) нутфа – бел суудан, кийин уюган кандан, кийин жаралып бүткөн – бүтпөгөн (инсан келбетине келип бүткөн-бүтпөгөн) бир кесим эттен жараттык. Биз (силерди) Өзүбүз каалаганыбызча – белгилүү мөөнөткө чейин (энеңердин) курсагында калтырып, кийин наристе абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарабыз, кийин бойго жеткениңерге чейин (да Өзүбүз тарбия кылабыз). Силерден (наристелик, жаштык жылдарында эле) көз жума турган кишилер да болот, дагы силерден (көп нерсе – билимдерди үйрөнүп) билгенинен кийин эч нерсени билбей калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карып-мөгдөп калууга) кайтарыла турган кишилер да болот. (Кайра тирилүүнүн чын экендигине дагы бир далил мына ушул) – силер бул жерди кургак – өлүк абалында көрөсүңөр. Анан качан, Биз анын үстүнөн суу-жамгыр жаадырсак, ал аракетке келип көпшүйт жана түрлүү – түмөн көркөм (өсүмдүк) жуптарын өндүрөт». (Хаж: 5).

﴿وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ سُلَالَةٍ مِنْ طِينٍ ۝ ثُمَّ جَعَلْنَاهُ نُطْفَةً فِي قَرَارٍ مَكِينٍ ۝ ثُمَّ خَلَقْنَا النُّطْفَةَ عَلَقَةً فَخَلَقْنَا الْعَلَقَةَ مُضْغَةً فَخَلَقْنَا الْمُضْغَةَ عِظَامًا فَكَسَوْنَا الْعِظَامَ لَحْمًا ثُمَّ أَنْشَأْنَاهُ خَلْقًا آخَرَ ۚ فَتَبَارَكَ اللَّهُ أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ﴾

«(Ант болсун) Биз инсанды (Адам алайхис-саламды) ылайдын маңызынан жараттык. (Түшүндүрмө: «Ылайдын маңызы» дегени: ылай (жер) жынысындагы бардык заттар. Арийне, азыркы замандын медицинасы да инсан организминде жер жынсынын бардык заттары бар экенин далилдешүүдө). Андан соң аны (бардык адамзатты) алгач бекем жайдагы (жатындагы) нутфа-бел суу кылдык. Андан соң бул нутфадан койуу канды жаратып, койуу кандан бир кесим этти жаратып, бир кесим эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан соң (ага жан киргизип, алгачкы бир тамчы суу-нутфадан бутүндөй) башка бир жандуу абалында пайда кылдык. Эң көркөм жаратуучу (жоктон бар кылуучу болгон) Алла берекеттүү – улук». (Муминун: 12–14).

﴿لِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ يَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ إِنَاثًا وَيَهَبُ لِمَنْ يَشَاءُ الذُّكُورَ ۝ أَوْ يُزَوِّجُهُمْ ذُكْرَانًا وَإِنَاثًا ۖ وَيَجْعَلُ مَنْ يَشَاءُ عَقِيمًا ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ قَدِيرٌ﴾

«Асмандар жана Жер Алланын мүлкү. Ал Өзү каалаган нерсени жаратат. Ал Өзү каалаган кишиге кыз балдарды тартуу кылат жана Өзү каалаган кишиге уул балдарды тартуу кылат. Же аларды (уул менен кызды) эгиз кылып жаратат жана Өзү каалаган кишини туубас (уруксуз) кылып койот. Албетте, Ал (бардык нерсени) Билүүчү жана (Өзү каалаган нерсени жаратууга) кудуреттүү». (Шура: 49–50).

﴿يَا أَيُّهَا الْإِنْسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ ۝ الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ ۝ فِي أَيِّ صُورَةٍ مَا شَاءَ رَكَّبَكَ﴾

«Эй инсан, эмне сени улуу Раббиң тууралуу (Ага ибадат кылбасаң да боло берет, деп) алдап койду?! Ал сени жаратып, анан (бардык мүчөлөрүңдү) тикелеп – тууралап, андан кийин (боюңду да) тик-туура кылып койгон Зат ко! Ал Сени Өзү кай сыпатты каалаган болсо (ошол сыпатта – калыпта) түзүп – жаратты го!» (Инфитар: 6–8).

﴿هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ﴾

«Ал силерге (энелериңердин) курсагында болгон убагыңарда Өзү каалаган өң-түстү берген Зат. Эч кандай теңир жок, Анын Өзү гана бар. Ал кудуреттүү даанышман». (Али Имран: 6).

Ошондуктан бул акыйкатты абдан жакшы аңдап түшүнүү зарыл, болбосо, Аллах сактасын, мусулман адашып же туура жолдон тайып кетиши мүмкүн. Аллах Таала бул ааламга илимдерди жайгаштырды, момундардын ыйманы артсын деп адамга мурда билбеген нерселерди үйрөттү. Ал эми каапырлар дүйнөдө кор болуп, акыретте катуу азапка туш болушсун деп адамга акыл, ой жүгүртүү жана тафаккур касиетин берди .

Акыркы дубабыз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо болсун.

11.07.2009-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button