Роя гезити

Эмне үчүн Батыш Дарфурду бөлүп алгысы келет?!

Эмне үчүн Батыш Дарфурду бөлүп алгысы келет?!

Батышты Дарфур аймагын Судандан бөлүп алууга түрткөн үч себеп бар:

Биринчиси – саясий себеп. Ири колонизатор өлкөлөр, айрыкча Америка менен Британия, ошондой эле коңшу өлкөлөр Чад жана Борбордук Африка Республикасынын өзгөчөлүктөрүнөн улам Франция да Дарфурду бөлүү жана Суданды майдалоо стратегиялык максат деп эсептешет. Бул Судандын чоң аймакка, мол байлыкка ээ күчтүү мамлекет катары кайра көтөрүлүүсүнө жол бербөө үчүн керек. Анткени мындай мамлекет алардын бүтүндөй аймактагы кызыкчылыктарына жана таасирине коркунуч жаратат. Ошондуктан биз өлкөнүн бардык ишине, айрыкча Америка жана Британия тараптан тынымсыз кийлигишүүнү көрүп турабыз. Алар ар бир майда-чүйдө ишке чейин аралашып, ички агенттерин жарандар арасындагы согуш менен фитнаны тутантууга түртүшөт.

Британия колонизаторлугу учурунда, 1922-жылы “жабык аймактар саясатын” колдонуп, түштүк аймакты түндүктөгү мусулман элдерден бөлүп салышкан. А түгүл исламий символу бар деп, түндүктөн келген такийя баш кийимин түштүк базарларына киргизүүгө тыюу салышкан! Ошол сыяктуу эле Нуба тоолорунун аймагында да ушундай саясат жүргүзүшкөн. Жакынкы мезгилде болсо, “кылдат мамиле көрбөдү” деген шылтоолор менен Дарфурдагы мамлекеттик түзүлүшкө каршы көтөрүлүштү козгоп, бөлүнүүнү ураан кылышты. Бул аракет 1963-жылы Ахмад Ибрахим Дрейждин “Дарфур ойгонуу кыймылы” менен башталган.

Экинчи себеп – экономикалык. Аймак өтө ири байлыктарга ээ: ири көлөмдөгү алтын, уран, кобальт, жез, ошондой эле мунай жана жер астындагы суулардын чоң корлору бар. Ар түрдүү климаттык шарттары айыл чарба өндүрүшүн да бай кылган, алардын ичинде эң башкысы дары-дармек жана азык-түлүк өнөр жайы үчүн маанилүү болгон араб маңызы  (арабская камедь) бар. Дүйнөдөгү араб маңызынын 80%ын Судан берет. Мындан тышкары аймакта дүйнөлүк деңгээлдеги ири мал чарба ресурсу бар, бул Суданды дүйнөдө алтынчы орунга чыгарган. Ушул байлыктардын бардыгы аймакты бөлүп, ресурстарын талап-тоноого оңой болгон алсыз чакан мамлекет түзүүгө кызыккан ар кандай сырттан келген талапкерлердин шилекейин агызат.

Үчүнчү себеп – диний себеп. Батыш колонизатор дүйнөсү Суданга өткөн кылымдан да мурда көңүл бурган. 1843-жылдан тартып ири колонизатор державалар – Португалия, Австрия, Британия, Франция жана Рим Египет хедивисинин колдоосу менен уюшкан түрдө миссионерликке жана насронийликке үгүттөө иштерин башташкан. Максат Исламдын Африканын жүрөгүнө чейин жайылышын токтотуу болчу. Ислам Судан аркылуу Африканын өзөгүнө кирген “дарбаза”, ал дарбазаны жабуу зарыл деп эсептешкен.

Батышта Судан аркылуу Африкага ачылган Исламдын эшигин секуляризмди, улутчулукту жайылтуу жана крест орнотуу аркылуу жабуу керек деген мазмунда көптөгөн жазмалар тараган. Мындай багыттагы иш 1978-жылы 15-октябрда өткөн Колорадо конференциясында чегине жеткен. Ал жерде дүйнөдөгү эң ири 150 миссионер чогулуп, мусулмандарды христиандаштыруу боюнча изилдөө жана даярдоо борборун түзүү чечимин чыгарышкан. Бул борбор миссионерлик иштеринде “нерв системасы” сыяктуу, ар бир зарыл кырдаалды көзөмөлдөп, сигнал берип туруучу түзүлүш катары каралган.

Ушул максат менен Калифорнияда Самуэл Зуэмер атындагы институт түзүлгөн. Ал Палестинада жана берекелүү Шам диярында миссионерлик долбоорду баштаган Зуэмердин атынан коюлган.

Кресттүүлөрдүн жана яхудий түзүмүнүн Суданды бөлүү, Дарфурду ажыратуу аракети токтобой уланып келген. 1987-жылы Ломеде (Того) Африка чиркөөлөрүнүн конференциясы өткөрүлүп, ал жерде Судан чиркөөлөрү “Суданды куткаруу” деген аталыштагы кагаз менен чыгышып, анда Судандан арабдарды жана мусулмандарды Андалусиядан сүрүлгөндөй сүрүп чыгарууга чакырышкан.

СубханАллах! 1989-жылы АКШнын аскерлери жана айлакер түлкү Жимми Картердин пландоосу менен “Куткаруу революциясы” деген ат менен аскерий төңкөрүш болуп өттү. Бул – Занзибарда мусулмандарды кыргынга учураткан жана өзү да дал ошол сөздү айткан Судан Элдик-азаттык кыймылынын лидери Жон Гарангдын сөзү. Анын көтөрүлүшү түштүк Судандын бөлүнүшүнө алып келди жана бул Башир менен аскерий жетекчилердин макулдугу астында жасалган иш эле.

Бүгүн болсо АКШнын аскердик чөйрөсү дал ошол жол менен бара жатат. Судандагы согушту тутантып, Дарфурду бөлүү үчүн жол ачып жатат. Дарфурдун чоң шаарларынан аскер күчтөрүнүн артка чегинип, Ньяла, Женейна жана акырында Фашер шаарларын Ыкчам колдоо күчтөрүнүн кылмышкер тобуна тапшырышы бул күчтөрдүн аймактагы беш штаттын баарын көзөмөлгө алышына жол ачты. Алардын өз өкмөтүн түзө башташы аймакты бөлүү ниетинин ачык көрсөткүчү.

Ошол эле учурда Америка, анын төрттүгү жана Европа Биримдиги “армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда тынчтык келишимине келүү” деген шылтоо менен сүйлөшүүлөрдү талап кылып жатат. Мындай келишим бөлүнүүгө же болбосо бүт Суданды майдалап таштоого алып барган жолдон башка эч нерсеге алып келбейт.

Аягында айтаарым: Аллага, Анын Элчисине ﷺ  жана үммөткө ихлас менен берилген, жигиттери күнү-түнү эмгектенип, кафир колонизатордун пландарын ашкерелеп, динди орнотуучу, мусулмандарды коргогон, үммөттүн байлыгына көз арткан баскынчылардын колун кескен, ошондой эле бул баскынчы мамлекеттерге эки эсе жооп кайтаруучу Халифалыкты тикелөөгө умтулган мабдаий бир партиянын болушу үммөт үчүн коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат.

Аллах Таала бизге Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелетип, урмат-сый насип кылсын. Чындыгында Ал акыйкат ээси жана ага кудуреттүү Зат.

Устаз Насир Рида

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button