
Эмне үчүн капитализм урап жатканда алтындын баасы өсүүдө?
Акыркы беш жылдын ичинде, алтын эки эседен ашык кымбаттап, тарыхый рекорддор жаңыланууда. Ал эми күмүштүн баасы жүз пайызга өстү. Борбордук банктар жыл сайын 1000 тоннага жакын алтын сатып алууда. Бул 2022-жылга чейинки көрсөткүчтөн эки эсе көп. Мындай көрүнүш АКШдагы пайыздык чендердин төмөндөшү, дүйнөлүк карыздын өсүшү жана Америка долларына болгон ишенимдин кескин солгундашы менен коштолууда.
Дүйнө, алтынды сатып алуу аркылуу акырындык менен «туруктуу баалуулуктарга» кайрадан кайтууда. Себеби, адамдар кагаз акчаларга, өзгөчө ондогон жылдар бою бүтүндөй капиталисттик каржы системасынын тиреги болуп келген долларга ишенбей калышты. Арийне, доллар узак жылдар бою башкы жөлөк болуп келген, а түгүл каатчылык учурларда да баары ага ишенип, андан баш тартышкан эмес. Доллар азыркыга чейин колдонулуп жатканына карабастан, мурдагыдай бекем тирек катары кабыл алынбай калды. Ал эми акча туруктуулуктун милдетин аткара албай калганда, бүтүндөй каржылык түзүмдө жарака кетип, урай баштайт.
Заманбап акчалар, эчак эле чыныгы өндүрүүдөн үзүлүп, эмгектин, ресурстардын же экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрүн чагылдырбай калды. Тескерисинче, алар экономикалык көзөмөл чечимдерин, саясий чыр-чатактарды жана өткөн каатчылыктардын тешиктерин бүтөө аракеттерин гана чагылдырууда. Алар, ар бир жаңы кризисти “акча басып чыгаруучу станок” менен айласын табууга аракет кылып жатышат. Бирок аны менен бирге, алар дүйнөлүк кризистин көлөмүн чоңойтуп, анын кесепеттерин кайтарылгыс кылышууда. Ошол эле учурда, акчанын кадыры жоголгону үчүн биз алтындын кымбаттап жатканына күбө болуудабыз. Алтынды каалагандай басып чыгарууга, аны тоңдуруп коюуга, же жокко чыгарууга, же бир мамлекеттин чечими менен анын баасын түшүрүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул себептен, ондогон жылдар бою фиаттык система ишенимдүү деп ынандырып келген ошол эле борбордук банктар, азыр кайрадан алтынды тандап жатат. Капитализм чыныгы туруктуулукту жаратпастан, “акчадан акча жасоо” деген өзүнүн спекуляциялык мүнөзүн ачык көрсөттү. Каржы сектору ушунчалык оор абалга дуушар болгондуктвн, өзүн-өзү тейлөөдөн башка айласын таппай калды. Ал эми экономика карыздын эсебинен жашап, бирок карыз жаңы карыздар менен жабыла турган жагдай пайда болду. Тактап айтканда, келечектеги каражаттар эбак эле сарпталып бүткөн.
Санкциялар, соода согуштары же чыр-чатактар сыяктуу кандай гана олуттуу мүчүлүштүктөр болбосун, алар дароо базарлардын кооптонуусун жаратууда. Бул системанын алсыздыгынын жана морттугунун белгиси.
Ал эми күмүштүн кымбатташы, “келечектин технологияларына” (жашыл энергетика, электроника, жасалма интеллект) болгон муктаждыкты көрсөтүп турат. Бирок капитализм, ресурстардын чектелүү экенин тынбай айтып жатып, ошол эле учурда чексиз өсүштү убада кылууда. Капитализм кожоюндарынын сөзүнө ылайык, кандай гана каржылык моделдер болбосун, жада калса алар да, физикалык нерселерге эле окшоп бир күнү жарылып жок болот.
Туруксуздуктун убактылуу экенин айтып жаткан сөздөр – бул жөн гана өзүн-өзү алдоо ыкмасынын бир түрү. Рыноктор азыр пайда табууну эмес, баш калкалай турган коопсуз жай издөө менен алек. Бул – чынында абал башкача өзгөрүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Ошентип, биз кадимки эле каржылык каатчылыкка эмес, системалык өзгөрүүнүн башталышына күбө болуп жатабыз. Капитализм, өзүнүн эң маанилүү болгон ишеним сыпатын жоготууда. Ал эми, ошол ишенимдин үстүнө курулган бардык түзүмдөр урай баштады.
Каржылык кризис – бул болгону чоң апааттын бир гана белгиси. Анын артында, чексиз өсүүгө, абстракттуу акчага жана башкарыла турган келечекке болгон ишенимге негизделген алда канча тереңирээк процесстин белгилери байкалууда. Мунун бардыгы, капитализмдин доору аяктап жатканынан кабар берет. Андыктан, бүгүнкү күндө алтындын чыныгы камсыздандыруу куралына айланышы – капитализм доору өзүнүн акыркы чегине жетип калгандыгынын көрсөткүчү болуп саналат.
Абду Шүкүр




