Макала

Эмне үчүн кошумча окуу жылы билим берүүдөгү кризисти чечпейт?

Эмне үчүн кошумча окуу жылы билим берүүдөгү кризисти чечпейт?

Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири, мектептердин жетишсиздиги болду. Делегаттардын бири бул көйгөй 12 жылдык окууга өтүүгө байланыштуубу? – деген суроо узатты. Ага жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров “12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул учурдагы талап жана кечиктирилгис зарылчылык” экенин айтты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Бул билдирүүнүн өзү эле, билим берүү тармагындагы көйгөйдүн канчалык терең экенин айкын көрсөтүп турат. Өз сөзүндө ал класстардын ашыкча толуп кетиши жана мектептердин жетишсиздиги, окутуунун жаңы моделине байланыштуу эмес экенин баса белгилеп, кырдаалды демографиялык өсүш жана ички миграция менен түшүндүрдү. Чынында эле, акыркы он жылда окуучулардын саны дээрлик жарым миллионго көбөйүп, системага олуттуу күч келүүдө. Бирок, дал ушундай шартта окуу мөөнөтүн узартуу сунушу, көйгөйдү чечүү жолу эмес, тескерисинче, сапаттык мүчүлүштүктөрдү санды көбөйтүү чаралары менен толтурууга болгон аракет сыяктуу көрүнүүдө.

Таалим тармагындагы каалаган экспертке кайрыла турган болсок, окуу мөөнөтүнө кошумча жыл кошуу билим берүүнүн сапатын автоматтык түрдө жакшырта албастыгын айтат. Убакыт, окуунун маңызын жана ага болгон умтулууну жаңырта албайт, ал эми жылдардын саны, билимдин сапаты менен тарбиянын ордун баса албайт. Класстарда 40–50дөн окуучу отуруп, мугалимге ашыкча күч келип, ал эми окуу программалары алгач формалдуу стандарттарга шайкеш келүүгө гана багытталса, анда окуу мөөнөтүн узартуу, бар көйгөйлөрдү ого бетер күчөтөт. Президенттин реформаны «дүйнөлүк стандарттар» жана «глобалдык эмгек рыногу» менен түшүндүрүүсү – билим берүү күчтүү инсанды калыптандыруу жана анын дүйнө таанымын кеңейтүү мейкиндиги катары эмес, барган сайын капиталисттик экономиканы тейлеген механизм катары каралып жатканынан кабар берет.

Президенттин сөзүндө эң негизги нерсе жөнүндө, тактап айтканда, билим берүүнүн максаттары тууралуу кеп дээрлик козголгон жок. Мектеп капитализмдин рынокторуна жана керектөөчүлүк саясатына ылайыкташа алган, «атаандаштыкка жөндөмдүү адам капиталын» даярдоочу курал катары гана сунушталууда. Бирок адам – бул келечектеги жумушчу же бизнестин кызматчысы гана эмес. Билим берүү, натыйжалуу ой жүгүртүүнү, адамдык баалуулуктарды, Кудайдын жана коомдун алдындагы жоопкерчиликти, ошондой эле өз алдынча өнүгүү жөндөмүн калыптандырууга жардам бериши керек. Бүгүнкү күндө коом дал ушул баалуулуктардын жана маанилердин тартыштыгын сезип жатат, ал эми бул боштукту окуу мөөнөтүнө жөн гана бир жылды кошуп коюу менен толтуруу мүмкүн эмес.

Бул каатчылыктын кыйыр далили катары ар кандай өнүктүрүү курстарына, жеке билим берүү демилгелерине жана окутуунун альтернативдик формаларына болгон кызыгуунун өсүшүн айтсак болот. Мындан улам балдардын, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн көңүлү, ошол жактарга ооп жатат. Себеби, адамдар ал жерден кемчиликтүү, чектелген жана капиталисттик болсо да – конкреттүү максатты, материалдык кызыкчылыкты жана керектөөчү үчүн түшүнүктүү жана сезиле турган натыйжаны көрүп жатышат. Бул жагдай, көйгөй жылдардын санында эмес, билим берүү философиясынын жоголуп кеткендигинде экенин дагы бир жолу далилдейт.

Президенттин билдирүүлөрү менен бир катар, өлкөдө динди карманган мусулмандардын балдары үчүн билим берүүнүн альтернативдик системасын өнүктүрүүгө ырааттуу түрдө бут тосулуп жатканы өзгөчө таң калычтуу болууда. Кеп, балдар жогорку умтулуу  менен окууга келген медресе принцибиндеги мектептер жөнүндө болуп жатат. Мындай балдарды окууга мажбурлоонун кереги жок, анткени алардын ата-энелери тартипке, билимге жана адеп-ахлактык тарбияга өздөрү кызыкдар.

Бирок мамлекет мектептердин жана ресурстардын жетишсиздиги тууралуу айтып жатып, эмнегедир мындай билим берүү демилгелеринин өнүгүшүнө тоскоол болгон чектөө мыйзамдарын кабыл алууда. Медреселер мыйзамдуу билим берүү аянтынан чыгарылып, таалим стандарттарынын алкагында таанылбай жатат. Ошондой эле, окутууга берилүүчү уруксат кагаздары менен лицензиялардын саны кыскартылууда. Бул фактылар мамлекеттик бюджетке таянбастан өзүнчө иш алып бара алган, билим берүү тармагындагы бардык көйгөйлөрдү чечүүгө кудуреттүү болгон системаны атайылап сүрүп чыгаруудан башкача түшүндүрүү кыйын. Каатчылык мезгилинде, каражаттарды топтоо маселесин айтпаган күндө да, исламий таалим принциптерин мамлекеттик деңгээлде кабыл алып, орнотуп коюу гана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жетиштүү болмок.

Бул үчүн мусулман жамааты, мамлекеттен өзгөчө шарттарды талап кылбайт. Алар каржылоо, имараттарды курууну же субсидияларды сурабайт. Талап өтө эле жөнөкөй – жолтоо болбоо. Ата-энелер жана жамаат окутуу, каржылоо жана мотивация маселелерин өз алдынча чечүүгө, балдардын тарбиясы жана өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр. Алардын максаты – толук кандуу инсанды пайда кылуу. Жөн гана пайданын жана компаниялар менен бизнестин кызыкчылыктарын тейлөөчү чектелген адамды даярдоо эмес.

Жыйынтыктап айтканда, ачык-айкын карама-каршылык келип чыгууда. Мамлекет бир эле учурда глобалдык талаптар, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана окуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө айтып жатып, маңызы, мотивациясы жана айкын максаты бар билим берүү мейкиндигин өзү эле жок кылууда. Мындай шартта, 12 жылдык билим берүүгө өтүү – өнүгүүгө карай ташталган кадам катары эмес, тескерисинче, андан чоң көйгөйдү жаап жашыруу аракети сыяктуу көрүнүүдө. Тактап айтканда, мамлекет мектеп эмне үчүн жана кандай инсанды калыптандырышы керек деген суроого, так жооп берүүдөн дал ушул ыкма менен качууда.

Билим берүүнүн максатын кайрадан талдап чыкмайынча, ар кандай сандык реформалар үстүрт чечим бойдон гана кала берет. Кошумча убакыт, жоголгон максатты аныктап бербейт, ал эми ар кандай стандарттар, баалуулуктарды тикелей албайт. Андыктан, мамлекет таалим системасынын мазмунун өзгөртпөстөн, анын формасын гана кеңейтүүнү уланта берсе, окуу жылдарынын саны созулганына карабастан, билим берүүдөгү кризис тереңдей берет.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button