Эпштейн аралы – өтүп кетүүчү чыр эмес, капиталисттик идеологиянын акыйкаты

Эпштейн аралы – өтүп кетүүчү чыр эмес, капиталисттик идеологиянын акыйкаты
Батыштын кылмыштары таң калычтуу эмес. Таң калычтуусу – адамдардын таң калгандай түр көрсөтүшү. Батыш эч качан кылмышкер болбогондой, анын тарыхы өлтүрүү, талап-тоноо, басып алуу жана саясий-адамдык зордук-зомбулуктун үзгүлтүксүз чынжыры болбогондой реакция кылуу. Ирактан Афганистанга чейин, Сириядан Газага чейин миллиондогон өлгөндөр, үй-жайынан ажырагандар, руханий жана физикалык жактан сынгандар болду. Бирок “эркин” дүйнөбүз дегендер козголгон жок. Ал эми таасирдүү адамдар өз кылмыштарын жашыруун жасаган кичинекей арал ашкере болгондо, медиа ызы-чуу көтөрүлдү. Чындыгында бул кылмыш капиталисттик режим үчүн жаңы эмес, ал анын тереңине сиңген. Эпштейн аралы өзгөчө көрүнүш эмес, жырткыч Батыш башкарган дүйнөнүн кичирейтилген үлгүсү.
Батылдык жердин өзүндө эмес, Эпштейн деген адамдын өзүндө гана эмес, ал тургай кылмыштын өзүндө да эмес. Ката жана бузукулук – мабдада жана эл аралык түзүмдө, адамды пайдалануучу товар катары көргөн системада. Капитализм баланы ырахат үчүн, аялды жарнама үчүн, элди талап-тоноо үчүн, мамлекетти басып алуу үчүн колдонот. Жашоо ушундай түшүнүк менен башкарылганда, Эпштейн сыяктуу аралдын болушу табигый, ал тургай качып кутулган нерсеге айланат. Маселе Эпштейндин өзүндө гана эмес, анын артында тургандарда. Көңүлдү жалгыз Эпштейнге буруу – атайылап алдоо. Ал болгону бир көрүнүш, ортомчу же таасирдин узун чынжырындагы бир шакек. Анын жанында саясий элита, ишкерлер, медиа өкүлдөрү, таасирдүү инсандар, коргоо тармактары, күзөтчүлөр жана логистикалык түзүмдөр болгон. Булар ыплас системадан сыртта тургандар эмес, дал ошол системанын өзү. Дал ошолор согуштарды жүргүзүшкөн, бомбалоону акташкан, басып алууну жайылтышкан, демократия деген ат менен өлтүрүүнү мыйзамдаштырышкан. Алар адам укуктары жөнүндө сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгыштагы балдарды урандылар астында көмүшкөн. Андай массалык кыргындарды жүргүзгөндөр обочо аралда бир балага зомбулук көрсөтүүдөн тартынып калат деп кайсы акыл-эстүү адам элестете алат?!
Батыш балдардын укугу, аялдардын укугу, медиа ахлагы жана адам эркиндиги жөнүндө сүйлөйт, бирок вакыйлык мунун баары баалуулуктар эмес, саясий куралдар экенин көрсөтөт. Бул медиа ызы-чуулар, сырты балга оролгон, ичинде уу катылган ураандар. Бул баалуулуктар элдерди алдоо үчүн көтөрүлөт, өз кызыкчылыктарына кызмат кылганда колдонулат, ал эми алардын долбоорлоруна тоскоол болгондо тебеленет. Эгер балдар укугу алар үчүн чыныгы баалуулук болгондо, Газадагы мектептер өрттөлмөк эмес эле. Эгер аялдар укугу ахлакый мабда болгондо, Ирактагы түрмөлөрдө аялдар зордукталмак эмес эле. Эгер адамдык ар-намыс ыйык болгондо, Гуантанамо жана Абу Грейб сыяктуу лагерлер түзүлмөк эмес эле. Бирок бүгүнкү ачык чындык байлык, саясат, медиа жана таасир бириксе, мыйзамдан жогору турган кол тийбестикти пайда кылат. Бул факторлор бириккенде, унчукпай коюу сатып алынат, айыптоолор багытталат, кылмышкер акталат, күнөөсүз адам шайтанга айландырылат. Ошентип мыйзамды жана ахлакты бузуу мүмкүн гана эмес, оңой ишке айланат.
Маалыматтардын ачыкка чыгышын эл аралык же аймактык окуяларга байланыштырып түшүндүргөн убакыт теориялары – мунун баары экинчи даражадагы маселелер. Эң маанилүүсү Батыш элдеринин өз алдында, динди турмуштан ажыратуу акыйдасына ишенгендердин алдында жана Батыш цивилизациясынын жалтыраган көркүнө алданган өз элибиздин алдында жалбырак жаап турган парда түшүп калды.
Баалуулуктар менен эмес, кызыкчылыктар менен башкарылган, ахлак менен эмес, күч менен жөнгө салынган, адамды коргобогон, тескерисинче аны пайдаланган системанын чыныгы жүзү ачылды. Бул кылмыштар жеке адамдардын четтөөсүнүн натыйжасы эмес, динди жашоодон ажыраткан акыйданын натыйжасы. Ал акыйда вахийди саясаттан бөлөт, Жаратуучунун шариятын башкаруудан четтетет жана адамды өзүнө мыйзам чыгаруучу кылат. Ал эми адам өзү үчүн мыйзам чыгарганда, аны өз кумарына ылайык чыгарат. Өзүнө пайдалуу нерсени адал кылат, кызыкчылыгына зыян келтирген нерсени арам кылат. Андай системадан адамды коргоону кантип күтсөк болот?
Жыйынтыктап айтканда, Эпштейн аралы кокустан чыккан чыр-чатак эмес, бул системанын ахлакый жактан ийгиликсиз экенин, адамдык жактан кулаганын, баалуулуктар жагынан банкрот болгонун, тарыхый жактан кылмышкер экенин жана адамзат үчүн бар болуу жагынан кооптуу экенин ачык моюнга алуу болуп саналат. Муну бүгүн көрбөгөн адам же катуу пропаганданын таасирине кабылган, же кылмыштан пайда көргөн, же чындыктан корккон адам. Ушул себептен бул система, бул башкаруучу бузук түзүм жана табиятынан бузук цивилизацияны ичинен оңдоо мүмкүн эмес. Тескерисинче, аны түп-тамырынан өзгөртүү зарыл, бузукулуктун негизин жулуп, четтөөнүн пайдубалын жок кылып, анын жашап калышына же оңдолушуна мүмкүнчүлүк калтырбоо керек. Анткени батыл батыл менен оңолбойт, бузукулук бузукулуктун куралдары менен дарыланбайт. Ал акыйкат менен гана оңолот, жахилиятты четтетип, Исламды өкүм жүргүзүүгө алып келүү үчүн, зулумдук адилеттик менен гана жоюлат.
Бул жерде Ислам үммөтү өзүнүн чыныгы ролуна жана көптөн бери артта калтырган өзгөрүү чакырыгын бүткүл дүйнөгө жеткирүү тарыхый вазыйпасына кайтышы шарт. Бул жөн гана ахлакый ураандар катары эмес, жашоо, саясат, экономика, коом жана эл аралык мамилелер үчүн толук система катары жүргүзүлөт. Мусулмандар обочолонгон диний топ гана эмес, алар адамдарды караңгылыктан нурга, пенделерге кулчулуктан пенделердин Раббисине кулчулукка, диндердин зулумунан Исламдын адилетине, дүйнөнүн тардыгынан дүйнө жана акырет кеңдигине чыгаруу үчүн адамзаттын мырзасы Мухаммад ﷺ аркылуу жиберилген ааламдык рисалаттын көтөрүүчүлөрү.
Бул өзгөрүү жарым-жартылай оңдоо аркылуу да, саясий жамап-жасалмалоо аркылуу да, бузук системалар менен келишимдер аркылуу да ишке ашпайт. Ал Исламды жашоонун жалгыз негизи катары кайра орнотуу, үммөттүн дүйнөдөгү жетекчилик ролун кайтаруу жана материя, ырахат жана таасир цивилизациясынын шартында жоголгон адамдык ар-намысты кайра кайтаруу үчүн, мабдаий, уюшкан фикрий-саясий аракет аркылуу ишке ашат. Бул – аң-сезимдин күрөшү, тагдырдын күрөшү, үммөттүн бузук дүйнөлүк система менен болгон күрөшү. Ал система оңолбойт жана жашап калууга татыктуу эмес.
Роя гезити
Устаз Ахмад Закария ад-Далаа




