Эпштейн файлдары жана Батыш цивилизациясынын кулашы

Эпштейн файлдары жана Батыш цивилизациясынын кулашы
АКШ Конгрессинин америкалык өкмөттү мажбурлап, Адилет министрлигин Эпштейнге байланыштуу айрым файлдарды жарыялоого аргасыз кылды. Бул жыйырма биринчи кылымда Батыш мамлекеттери башынан өткөргөн эң ири «цивилизациялык» чуулгандуу окуялардын бири болуп эсептелет. Бул жөн гана президентке, лидерге же жооптуу кызматкерге тиешелүү жеке саясий чыр эмес. Мисалы «Уотергейт» же «Иран–Контра» сыяктуу окуялардай эмес. Тескерисинче, бул — коомдук, саясий, ахлакый жана баалуулуктарга байланышкан жалпы чуулгандуу окуя. Адам укуктарын, аял укуктарын жана балдар укуктарын коргойбуз деп көптөн бери жалган айтып келген Батыштын чыныгы жүзү ушул катуу чыр аркылуу ачылды. Бул окуя алардын адамга карата цивилизациялык көз карашы канчалык деңгээлде айбанчалык жана төмөн экенин көрсөттү.
Батыш адамды сезимдерден жана ахлакый сапаттардан ажыратылган жансыз материал катары гана карайт. Алар айрым бузуку, адашкан жана садист топтордун кызыкчылыгы үчүн адамга жаныбарлардай эксперименттерди жүргүзүшөт. Аялды болсо арзан товар катары карашат. Ал кара базарларда жана жыныстык бузукулук жайларында сатылып-сатып алынуучу нерсе катары бааланат. Ал эми жаш балдарды кыйноодон «ырахат алуу» объектиси катары көрүшөт. Аны ырайымсыздык менен кыйнап, андан «адренохром» аттуу затты алуу максатын көздөшөт. Алардын ырастоосунда, бул зат карылыкка жеткен денелерге түбөлүк жаштык энергиясын берип, дүйнөлүк өлбөстүккө жакындатуучу «жашоонун белгиси» имиш.
Бул жалпы чырга Трамп жана Клинтон сыяктуу президенттер, Британия, Швеция жана Норвегиядан ханзадалар, Билл Гейтс жана Илон Маск сыяктуу миллиардерлер, Стивен Хокинг сыяктуу окумуштуулар, ошондой эле ар кайсы тармактагы саясатчылар, актёрлор, ырчылар, илимпоздор, ишкерлер жана атактуулар катышканы айтылууда. Мына ушулар батыштагы «элитанын» өкүлдөрү. Алар кумарларына жана адашууларына жетеленип, Жеффри Эпштейндин «шайтан аралына» шашылыш барышкан. Ошентип, алар адамгерчилигин жана табигый тазалыгын сатып, анын ордуна өздөрү «жыргалчылык жана бакыт» деп ойлогон нерсени тандашкан. Натыйжада алар бузукулуктарды жасап, оор күнөөлөргө жана кылмыштарга барган.
Бул чыр-чатак жалаң гана абийирди тебелөөгө, жашы жете элек кыздарды сатууга, балдарды кыйноого жана өлтүрүүгө, алардын тазалыгын жок кылууга гана чектелбестен, адилеттүүлүктү жана сот системасын кулатууга, сотторду жана мыйзамдарды бузууга, ошондой эле бул кылмыштарды айла-амал жана күмөндүү укуктук келишимдер аркылуу чейрек кылымдан ашык убакыт бою жаап-жашырууга да жеткен.
АКШ мамлекети бардык органдары жана партиялары менен бул жийиркеничтүү кылмыштарга байланыштуу ачык-айкын чындыкты жашырууга аракет кылды жана дагы деле аракет кылууда. Алар ага аралашкандарды ар кандай жолдор менен актоого умтулушту. Бул чыр жана анын натыйжасындагы кылмыштар 2005-жылы эле аныкталган. Бирок ошол убактан бери Жеффри Эпштейн менен күмөндүү укуктук келишимдер аркылуу иш «жыйналган». Акыры ал 2019-жылы биринчи жолу кайра жарылып, Эпштейн камакка алынган, андан соң түрмө ичинде өлтүрүлгөн. Мунун максаты — анын өлүмү менен чырды биротоло жабуу эле. Бирок анын чынжырлуу кесепеттеринен улам иш кайрадан күчөдү. Коомдук пикирдин басымы астында өкмөт алты миллион документтен турган материалдардын бир бөлүгүн жарыялоого аргасыз болду. Азыркыга чейин үч миллион документ массалык маалымат каражаттарында жарыяланды. Бирок жарыялоого уруксат берилген ошол үч миллиондун ичинен чейрек миллион документ коопсуздукка байланыштуу алсыз жана негизсиз жүйөлөр менен чыныгы кылмышкерлерди калкалоо үчүн жашырылды.
Чырдын көлөмү канчалык чоң болгонуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин айыпталуучулар жок. Себеби ага аралашкандар дагы эле кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Алар мыйзамдарды айланып өтө алышат, өздөрүн айыптаган документтердин жарыяланышына тоскоол болушат жана элди алаксытып, чыныгы фактыларга жеткирбөө үчүн документтердин чоң көлөмүн атайылап чыгарышат. Чынында бул экинчи чыр. Ал АКШдагы соттордун, адилет системасынын, медианын жана өкмөттүн бузукулугун тастыктап, «соттун көз карандысыздыгы» жана «бийликтердин бөлүнүшү» деген түшүнүктөрдүн жалган экенин көрсөтөт.
Трамп болсо эгер Эпштейндин файлдары боюнча айыптала турган болсо, саясатчылардын, соттордун жана журналисттердин эски чырларын ачыкка чыгарам деп коркуткан. Ал Кеннединин, Мартин Лютердин өлүмүнө жана 11-сентябрь окуяларына байланыштуу сырларды ачууга даяр экенин билдирген. Башкача айтканда, «мен куласам, баарыңар менен кошо кулаймын» деген ишарат жасаган. Натыйжада алар коркуп, аны менен келишүүгө барышкан. Ошентип, миллиондогон документтер жарыяланганына карабастан, бул ишке аралашкандар камакка алынбай турганы көрүнүп турат. Анткени алар чыныгы бийлик ээлери жана мамлекеттеги таасирдүү күчтөр.
Бул чырда арабдарга жана мусулмандарга тиешелүү бөлүгү маңдай тердеткен жагдай. Айрыкча, БАЭде жашаган саудиялык ишкер айым Азиза аль-Ахмадийдин Жеффри Эпштейнге Каабанын кисвасынан үч бөлүктү «белек» кылганы жийиркеничтүү. Ал бөлүктөр Британиянын учактары аркылуу Саудиядан АКШнын Флорида штатындагы Эпштейндин үйүнө жеткирилгени айтылат.
Бул аял жасаган иш өтө жийиркеничтүү, айыптоого татыктуу жана кабыл алынгыс иш болгонуна карабастан, Саудия да, БАЭ да ага такыр көңүл бурган жок. Алар бул боюнча комментарий да беришпеди, териштирүү да жүргүзүшкөн жок. Тескерисинче, бул окуяны кадимки, уруксат берилген нерседей кабыл алышты. Бул иш миллиондогон мусулмандардын нааразылыгын жараткан болсо да, аталган мамлекеттер үчүн мусулмандардын сезими же ыйык нерселери мааниге ээ эмес. Анткени алар, чындыгында, Исламга жана мусулмандарга душман мамлекеттер катары мүнөздөлөт.
Эпштейн файлдарындагы дагы бир кошумча чыр – чалгын кызматтарына байланыштуу маселе. Айтылгандай, бул кылмыштардын баары видео, сүрөт жана басма материалдар аркылуу катталып турган. Жалпысы 200 миң видео, 180 миң сүрөт жана миллиондогон басма документтер болгон. Бул фактылар, кылмыштар тиешелүү мамлекеттердин чалгын кызматтарынын кабары менен жасалганын көрсөтөт деген ой айтылат. Алардын негизги максаты кылмыштарды токтотуу же кылмышкерлерди кармоо эмес, тескерисинче, ага аралашкан таасирдүү адамдарды шантаж кылуу болгон. Мындай ыкма көп учурда мусулман өлкөлөрүндөгү саясатчыларга карата да колдонулуп, белгилүү саясий күн тартипти өткөрүү үчүн басым куралы катары пайдаланылган. Каттоо, сүрөткө тартуу жана тыңчылык батыш чалгын кызматтары үчүн кадимки ыкмалар. Алар чет элдик саясатчыларды шантаж кылып, батыш мамлекеттеринин жалданма агенттерине айландыруу үчүн колдонулат.
Жыйырма биринчи кылымдын алгачкы чейрегинде Эпштейндин файлдары аркылуу ачылган бул катуу цивилизациялык кулоо Батыш цивилизациясы алсыраганын ачык сүрөттөйт. Мындай көрүнүш батыш цивилизациясынын жакын арада жоголушуна ишара кылып, анын ордуна адамдын фитратына жана табиятына шайкеш баалуулуктарды сунуштай ала турган Ислам цивилизациясынын кайтып келишине жол ачат.
Роя гезити
Абу Хамза аль-Хатвани




