Роя гезити

Эрдогандын Саудияга жана Мисирге болгон сапарынын маңызы

Эрдогандын Саудияга жана Мисирге болгон сапарынын маңызы

Эрдогандын кесиптештери Ибн Салман жана Сиси менен жолугушуусуна эң оболу алардын ири державалар, айрыкча дүйнөдөгү биринчи мамлекет менен болгон байланышын, ошондой эле ушул учурда ал мамлекет алардан эмнени каалап жатканын карап чыгуу зарыл. Анткени ири державалар эл аралык абалды көзөмөлдөп, башка мамлекеттердин багытына жана алардын өз ара мамилелерине таасир этет.

Бул сапар жана анын жыйынтыктары, ошондой эле алардын мурдагы иш-аракеттери аркылуу Эрдоган, Ибн Салман жана Сисинин дүйнөдөгү биринчи мамлекет болгон Америкага байланышы тастыкталат. Ошондой эле бул учурда Америка алардан белгилүү бир нерсени талап кылып жатканы айкын болот.

Эрдогандын Ибн Салман менен жолугушуусунда алар аймактагы бардык маселелерде Американын пландарына ылайык макулдашканын жарыялашты. Алар Трамптын Газада ок атууну токтотуу планын колдошту. Буга чейин алар Сиси жана ал сыяктуулар менен бирге Трамптан бул планды жарыялоону суранышкан. Анткени Американын буйругуна ылайык Газа элин таштап койгондугу үчүн өз элдеринин алдында ыңгайсыз абалга түшүп калышкан эле. Мунун баары «согуштун аймагын кеңейтпөө» деген шылтоо менен жасалды, башкача айтканда, яхудий түзүмү өлтүрүп, талкалап жатса да кийлигишпегиле дегенди билдирет.

Алар Трамп түзүп, өзү жетектеген Газаны башкаруу үчүн түзүлгөн «тынчтык кеңешине» катышуу менен ага болгон берилгендигин да ырасташты. Ошентип, замандын фараону аларды жеңил көрүп, алар ага баш ийишти. Бул болсо аны ого бетер шыктандырды. Ал бул кеңешти башка ири державалар да катышып, вето укугу аркылуу америкалык долбоорлорго тоскоол кыла ала турган Коопсуздук кеңешинин ордуна, дүйнөдөгү бардык маселелерди өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына чечкен глобалдык кеңешке айлантууну кааларын жарыялады.

Сиси менен жолугушуусунда да Эрдоган бардык маселелерде, айрыкча Газадагы маселе боюнча Американын планына ылайык толук макул экенин ырастады. Алар мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирүүгө макулдашышты.

Эки сапарда тең элге пайдалуу кызматташтык өңүтүн берүү үчүн кеңири экономикалык келишимдер түзүлдү. Бул аркылуу элди экономикалык абалыңар жакшырат деп үмүттөндүрүп, чыныгы саясий максаттарды жаап-жашырууга аракет кылышууда.

Ал эми бул жолугушуулардын атмосферасын жана ушул учурда бардык саясий тармактарда тараптардын макулдашуусун талдап көрсөк, алардын байланышын жана кыянатчыл позицияларын, айрыкча Газа маселесине басым жасашканын эске алуу менен, мунун баары Американын яхудий түзүмүнө болгон басымдары менен байланыштуу экенин көрөбүз. Анткени ал түзүм Трамптын планын, мисалы Газадан чыгуу сыяктуу талаптарды аткарууда экиленип жатат. Айрыкча пландын экинчи этабы башталгандан кийин да ал Газага каршы агрессиясын улантып, кээде бир күндө ондогон адамдарды өлтүрүп, үйлөрдү талкалоону жана элди көчүрүүнү улантууда. Ал гуманитардык жардамдын киришин, дарбазалардын ачылышын, адамдардын чыгып кетип кайра кайтып келбешин манипуляция кылууда. Ошондой эле Трамптын башкаруусу алдында Газада Түркиянын ролу болушун каалабайт.

Мындан тышкары Иран маселеси бар. Яхудий түзүмү Американын Иранга кыйратуучу сокку уруп, режимди кулатышын талап кылууда. Бирок ал өзү Американын айлампасында айланып жүрөт. Түркия, Мисир жана Саудия болсо буга каршы чыгып, Иран менен өзөктүк программа боюнча келишим түзүүнү колдошууда. Бул 2015-жылкы (5+1) деп аталган келишимди жокко чыгарып, Америка аны жалгыз өзү жүргүзүп, калган беш тарапты четтетип, (-5+1) абалга айландырууга багытталган. Ошентип, Трамп эркелетилген яхудий түзүмүнө: Америка үчүн Түркия, Мисир жана Саудия сыяктуу башка да маанилүү мамлекеттер бар, алар да яхудий түзүмүнүн ролунан кем эмес, бирок жумшак ыкма менен рол аткарат деген билдирүү жөнөтүүнү каалайт.

Ошентип, Эрдогандын Ибн Салман жана Сиси менен жолугушуулары артында Америка турганы айкын болот. Кечээ эле ал экөөнү өзүнүн душмандары катары көрсөтүп, Мурсиге каршы төңкөрүштөн кийин жана саудиялык журналист Хашогжи өлтүрүлгөн соң алар менен эч качан жолукпай турганын жарыялаган эле. Бирок кийин алар менен жарашууга өзү демилге көтөрүп, адатынча өзүнө ишенгендерди таштап кетип, «Ихван» маселесин жана Хашогжи ишин сатты. Ошентип, Америка берген көрсөтмөлөргө ылайык аларды колдоо жана аймакта маанилүү иштерди аткаруу үчүн бул эки режим менен жаңы барак ачты.

Яхудий түзүмү Мисир менен болгон мамилесин тобокелге сала албайт. Анткени ал Мисир менен мамилеси жакшы болушуна кызыкдар, Камп-Дэвид келишимине берилген бойдон калып, аны согуштан чыгарып, түштүк чек арасында коопсуз буфер аймагын камсыз кылган. Газа согушу муну дагы бир жолу тастыктады. Эки жыл бою геноцидге туш болуп жаткан Газа элине жардам берүү үчүн мисир режими кыймылга келген жок, тескерисинче, Мисир элинин өз бир туугандарын колдоо аракеттерин да токтотту.

Ошондой эле яхудий түзүмү Саудия менен нормалдашууга кызыкдар. Ал Саудиянын Газадагы геноцидге карата көрүүчү позициясына ыраазы. Саудия да, айрыкча Палестинага жакын Ислам өлкөлөрүндөгү башка режимдер сыяктуу эле, Американын буйруктарына баш ийди. Демек, Мисир, Саудия жана Түркиянын мамилелерди чыңдоону жана бардык маселелерде, айрыкча Газа темасында макулдашууну, ошондой эле Трамптын планын ишке ашырууга умтулууну баса белгилеши яхудий түзүмүн ыңгайсыз абалга калтырып, аны бул планды аткарууга мажбурлайт жана анын Америка алдында эркелигин азайтат. Бул болсо ага басым жасоо сыяктуу көрүнөт.

Трамп 2025-жылдын 8-апрелинде Ак үйдө Нетаньяхунун алдында Эрдоганга болгон ишенимин жана «сүйүүсүн» ачык билдирип: «Менин Эрдоган менен сонун мамилем бар, мен аны жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт. Эгер сенин аны менен көйгөйүң болсо, аны өзүң чеч, ага карата акыл-эстүү мамиле кыл», – деген. Ал ошондой эле Эрдогандын Америка кызыкчылыгы үчүн башкаларды алдоо жөндөмүнө ишенимин билдирген. Бул айрыкча 14 жыл бою Сирияда жасаган аракеттеринде көрүнгөн. Трамп жана анын атайын өкүлү Барак муну Америка үчүн чоң иш катары баалашкан. Ал Америка үчүн ортомчу ролун ойноп, Жуланийди арзан баага «сатып алып», аны Америкага агент кылып берүүгө жетишкен. Натыйжада, ал Сирияда Исламдын бийликке кайтып келишин четке кагып, аны орнотууга чакыргандарды куугунтуктап, айрымдарын 10 жылга чейин абак жазасына өкүм кылган.

Ошондой эле ал яхудий түзүмү менен «тынчтык» жана нормалдашуу келишимин кааларын жарыялап, аны менен согушууну каалабай турганын билдирген. Муну иш жүзүндө да далилдеди. Анын көп сандаган кол салууларына жана Сириянын түштүгүн басып алуусуна бир да жолу жооп кайтарган жок. Тескерисинче, ал жакта аны менен биргелешкен коопсуздук уячасын түзүп, бул багытта ыкчам кадамдарды жасай баштады. Мындан тышкары, Америка башында турган «эл аралык коалицияга» кошулуп, Исламга каршы күрөшкө кирди.

Ушундайча Сириядагы революциянын максаттары азырынча муунтулду. Ал революция Исламды колдонууга, Голан дөңсөөсүн жана Палестинаны бошотуу үчүн жихад жарыялоого, ошондой эле мурда Башар Асад режими аркылуу ишке ашкан Америка таасирин кулатууга багытталган эле. Бирок анын ордуна Америка үчүн андан да пайдалуураак адам келди. Анткени ал өзүнүн динчил көрүнүшү аркылуу устаты Эрдоган жана Фидан сыяктуу адамдарды алдай алат.

Бул Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоону автоматтык түрдө оң баалап, колдоо керек дегенди билдирбейт. Анткени бул аракеттердин артында куу максаттар бар, алар таза эмес. Бул аймактагы Америка таасирине кызмат кылуу жана анын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жасалууда. Муну менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы ажырым сакталууда, бузук режимдер жана кафирлерге берилген башкаруучулар ордунда калууда.

Ал эми Ислам талап кылган нерсе, Америка менен болгон байланыштарды үзүү, Аллахтын жибине бекем жармашуу, бул жана башка Ислам өлкөлөрүн бир мамлекетке бириктирип, Исламды колдонгон, басып алынган жерлерди бошотуу үчүн жихад жарыялаган, кысымга алынган мусулмандарды куткарган, өлкөлөрдү көтөргөн жана алардын байлыктарын өз элине бөлүштүргөн мамлекетти куруу. Байлыктарды Америкага берүү эмес.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button