Эрдогандын яхудий түзүмү менен нормалдашууну даярдоодогу ролу

Эрдогандын яхудий түзүмү менен нормалдашууну даярдоодогу ролу
Яхудий түзүмү менен нормалдашуу эми күтүлбөгөн окуя же саясий сахнадагы өзгөчө көрүнүш болбой калды. Тескерисинче, кылдат башкарылган багытка айланды. Анда ири державалар менен аймактык мамлекеттердин ортосунда ролдор бөлүштүрүлүп, коомдук аң-сезимди кайра калыптандыруу жана ахлакый-саясий каршылыкты бузуу үчүн «жумшак» куралдар колдонулат.
Ушул абалда түрк ролу эң татаал жана баш айланткан ролдордун бири экени көрүнөт. Ал нормалдашуу долбоорунун түздөн-түз лидери болгону үчүн эмес, тескерисинче, тымызын даярдоо жана «жутуп алуу» функциясын аткарат. Эрдоган өзүнүн саясий жана медиа багытында өзүн Палестина ишин колдогон, яхудий түзүмүнүн агрессиясын четке каккан тарап катары көрсөтүп, Куддус менен Газаны коргоодо жогорку эмоционалдуу сөздөрдү колдонот. Бирок бул багыт сынчыл көз караш менен талданса, Түркиянын яхудий түзүмү менен толук дипломатиялык алакаларды сактап турганы, соода байланыштарынын тынымсыз өсүп жатканы, ошондой эле аймактык сезимтал маселелерде коопсуздук багытындагы координациясы бар экени ачыкка чыгат.
Сөз менен иштин ортосундагы бул карама-каршылыкты убактылуу эки жүздүүлүк катары гана түшүндүрүүгө болбойт. Бул — исламий элдик нааразылыкты сиңирип алуу жана аймактык-эл аралык системаларга интеграцияны сактап калууга багытталган аң-сезимдүү саясат. Мына ушул жерден түрк ролунун кооптуулугу көрүнөт. Ал пландалган нормалдашуу жана жарыясыз жасалган чегинүүнү билдирет.
Сирия түрк саясатынын таасирине эң көп дуушар болгон аймактардын бири болуп саналат. Аскерий катышуу, Сириянын түндүгүндөгү кеңири аймактарды көзөмөлдөө, куралдуу жамааттарга таасир, качкындар, экономика жана өткөрмө бекеттер боюнча файлдарды кармап туруу муну шарттайт.
Бул жагдайда Эрдоган сириялыктарды яхудий түзүмү менен түздөн-түз нормалдашууга түртпөйт. Тескерисинче, аларды узагыраак жана натыйжалуураак процесске салат. Анын негизи чарчатып-алсыратуу жана артыкчылыктарды кайра ирээттөө. Натыйжада, сириялык аң-сезим акырындап кайра калыптанып, күнүмдүк тиричилик маселелери ири маселелерден алдыга чыгып калат.
Түркия нормалдашуу процессинде өзгөчө рол ойнойт. Ал каршылык көрсөткөн элдер менен нормалдашкан режимдердин ортосунда көпүрө болуп, соккуну жумшарткан психологиялык ортомчуга айланат жана исламий аң-сезимди түз кагылышуусуз кармап туруунун куралы болуп калат. Анткени ал долбоордун башында турбайт, бирок аны эң аз саясий чыгым менен өткөрүп жиберүүгө салым кошот.
Нормалдашуунун эң кооптуу формасы — аскерий күч менен таңууланганы эмес, тескерисинче, «реализм» деген ат менен өткөрүлүп, «пайда» тилине оролуп, элдер чарчап-алсыраган соң сатылганы. Андайда элдер өзгөрүүнүн мүмкүнчүлүгүнө болгон ишенимин жоготуп коёт.
Ушул алкакта түрк ролу «тынч нормалдашуу» деп атоого боло турган көрүнүштүн үлгүсүнө айланат. Ал кабыл алууну ачык жарыялабай туруп, каршылыкты жокко чыгарган нормалдашуу.
«Реализм» деген ат менен сатылган нормалдашуу — болгону кийинкиге жылдырылган багынып берүү. Ошондуктан бул жолго унчукпай коюу бейтараптык эмес, ага көз жумуп коюу акылмандык да эмес. Тескерисинче, ишти жоюуга кыйыр катышуу жана аймакты яхудий түзүмүнүн өлчөмүнө ылайык кайра калыптандырууга кошулуу болуп саналат. Анткени яхудий түзүмү менен нормалдашуу өткөөл саясий маселе да, кызыкчылыктардын таразасына баш ийген тактикалык тандоо да эмес. Ал маңызы боюнча саясий позициядан мурда ахлакый-акыйдавий позиция. Себеби Палестина чек ара талашынын жери эмес, ал басып алынган исламий жер. Ал эми яхудий түзүмү кадимки мамлекет эмес, баскынчылыкка, агрессияга жана келишимдерди бузууга негизделген түзүм.
Нормалдашуу жолундагы эң кооптуу нерсе — аны прагматизмге баш ийген сүйлөшүү темасына айландыруу. Бул болсо адилетсиздикке жана баскынчылыкка карата позицияны «валаа» жана «бараа» түшүнүктөрүнүн бир бөлүгү кылган Исламдын туруктуу эрежелерине каршы келет. Аллах Тааланын сөзү да ушуну баяндайт:
﴿وَلا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لا تُنْصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт».
Демек, нормалдашуу жөн гана кол коюу эмес, ал акыйкат менен батылдын кайра аныкталышы. Ал эми аныктоо үчүн болгон күрөштө утулган адам, жер үчүн болгон күрөштөн мурда эле аң-сезим үчүн болгон күрөштө утулат.
Эй ислам үммөтү! Силерди курчап турган нерсе кокустук окуя эмес, силерди бутага алган саясаттар. Аң-сезим пикирий кооздук эмес, ал динди сактаган жана ар-намысты коргогон парз амал. Силерге эмне даярдалып жатканын билип алгыла, акыйкат менен батылды айырмалагыла жана адаштырган же пайдаланган адамдардын колундагы куралга айланбагыла.
Роя гезити
Устаз Мунис Хамид — Ирак вилаяты




