Кабар

Эрдоган «Израилдин» энергетикалык коопсуздугун кантип камсыздап жатат?

Эрдоган «Израилдин» энергетикалык коопсуздугун кантип камсыздап жатат?

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган баскынчы «Израил» менен соода жана кызматташтык толугу менен токтотулганын бир нече жолу билдирип, Түркияны мындай кадамга барган жалгыз өлкө катары көрсөтүп келет. Бирок бул билдирүүлөр фактыларга дал келбейт.

“Kpler” аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, 2025-жылы Азербайжан нефтисин Түркиянын Жейхан порту аркылуу «Израилге» жеткирүү мурунку жылга салыштырмалуу 31%га өскөн жана суткасына 94 миң баррелге жеткен. Бул көрсөткүч Эрдоган 2024-жылдын ноябрында «Израил» менен соода алакарына тыюу салынганын расмий жарыялагандан кийин катталган.

Андан тышкары, Түркиянын аймагы аркылуу өткөн мунай «Израилдин» энергетикалык муктаждыктарынын 46,4%ын камсыздаган. Бул жагдай Түркия «Израилдин» энергетикалык тутумунда негизги транзиттик бөлүк болуп жатканын көрсөтөт.

Жеткирүү схемасы өзгөрүүсүз калууда. Мунай Азербайжандан Түркиянын Жейхан портуна жеткирилет, андан ары танкерлер аркылуу «Израилдин» Ашкелон портуна жөнөтүлөт.

Демек, «байланыштарды үздүк» деген катуу чакырыктын артында Түркия кызматташтыкты токтотпостон, тескерисинче, «Израилдин» экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ ресурсту жеткирүүнү көбөйткөнү көрүнүп турат. Эрдогандын кескин билдирүүлөрү менен реалдуу амалынын ортосундагы ажырым барган сайын даана байкалууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button