Роя гезити

ЮНАМИ миссиясы Иракка эмне берди? Аны кандай абалда калтырды?!

ЮНАМИ миссиясы Иракка эмне берди? Аны кандай абалда калтырды?!

АКШ 2003-жылы Иракты басып алгандан кийин, 2003-жылдын 14-августунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1500-резолюциясы кабыл алынып, Иракка жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясын (ЮНАМИ) түзүү каралган. Ал кезде бул миссия Ирактын өтүнүчү менен түзүлгөн эмес. Анын максаты Иракка саясий жана экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө, эл аралык коомчулук менен оң өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү деп жарыяланган. Бул өкмөт деңгээлинде, ошондой эле жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык деңгээлдерде пайда болушу мүмкүн болгон көйгөйлөрдү чечүүдө Ирак өкмөтүнө кеңеш берүү, колдоо жана жардам көрсөтүү аркылуу ишке ашырылары айтылган.

Бул миссиянын биринчи өкүлү Жио Виера де Мелло болгон. Ал кызматка киришкенден беш күн өткөндөн кийин, 2003-жылдын 19-августунда Багдаддагы «Канал» мейманканасында болгон жардырууда каза тапкан. Андан кийин бул миссияны бир катар өкүлдөр жетектеп, алардын ичинен эң белгилүүлөрүнүн бири Жанин Плашхарт болуп, акыркысы доктор Мухаммад ал-Хассан эле.

Бул миссиянын иштеп жатканына жыйырма жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 2025-жылдын 13-декабрында, ишемби күнү, анын иши расмий түрдө токтотулары жарыяланды. Бул жарыя Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриштин Багдадга болгон сапары менен дал келип, Ирактын ыйгарым укуктарын аяктаган премьер-министри Мухаммад Шиа ас-Суданий 2024-жылдын 21-майында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерришке расмий түрдө жолдогон өтүнүчүнүн негизинде жасалды.

Бул миссия 22 жыл ичинде Иракка эмне берди?!

Анын өзү доомат кылган эң негизги иштеринин бири — ортомчу жана байкоочу ролду аткаруу болуп саналат. Айрыкча өткөөл мезгилдерде конституцияны жазуу, инклюзивдүү саясий диалогду бекемдөө, улуттук жарашуу, шайлоолорду уюштуруу жана коопсуздук секторун реформалоо сыяктуу ролду ойногонун айтат. Бул миссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ашкере кооз сүрөттөлгөн абалды анын өкүлү Мухаммад ал-Хассан коштошуу сөзүндө жыйынтыктаган. Бирок ал сөз Ирактын чыныгы абалынан таптакыр алыс эле. Ал Иракты бейиштей, «көйгөйсүз үлгүлүү өлкө», «саясий жактан толук жетилип, эми өзүн өзү башкара ала турган абалга жетти» деп сүрөттөдү. Ошондой эле «Ирак мындан ары Бириккен Улуттар Уюмунун ата-энелик көзөмөлүнө муктаж эмес, анткени жаңы Иракты курууга дал ушул уюм өзү жетекчилик кылды», «эл парламентке өз өкүлдөрүн шайлоо урналары аркылуу тандап алууга жөндөмдүү болду» деген сыяктуу мактоо сөздөрдү жаадырды. Мындай мактоолорго чын эле ийилсе болот!

Бул жерде мыйзам ченемдүү суроо жаралат: Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы (ЮНАМИ) жыйырма жылдан ашык убакыт Иракта иштеп, өзү доомат кылган ушунча «жетишкендиктерден» кийин, Иракты кандай абалда калтырды?!

Ал Ирактан эң оор абалда чыгып кетти: суверенитетинен ажыраган, карызга белчесинен баткан, коррупцияга чөгүп кеткен, коопсуздугу жана тынчтыгы жок, анда курал менен кылмыштуу топтор сүйлөгөн абал.

Бул миссиянын дооматтары менен өлкө жашап жаткан чыныгы реалдуулуктун ортосундагы мындай карама-каршылык жана калптар таң калычтуу эмес. Анткени бул уюмдар адамзатка кызмат кылуу үчүн түзүлгөн эмес жана эч качан андай болбойт. Тескерисинче, алар колонизатордун күн тартибин ишке ашырган уюмдар. Алар ууну балдын арасында сунуштайт. Ирак калкы миссиянын өкүлү Жанин Плашхарттын 2019-жылдан 2024-жылга чейин Иракта иштеп жүрүп жасаган ыплас аракеттерине күбө болду. Ал өзүн ири медиа аурасы менен курчоого жетишти: телеканалдарга, социалдык тармактарга байма-бай чыгып, Ирактын саясатчылары өкмөт башчысы, парламент төрагасы, мамлекет башчысы, а түгүл куралдуу топтордун жетекчилери менен жолугушууларын, ошондой эле Систани менен эки ирет жолукканын кеңири жайылтты. Бирок мунун баарына карабастан, ал өлкөдөгү абалдын начарлап бара жатканына, мамлекеттин жоголуп баратканынa күбө болуп туруп, бул азапты жеңилдетүү үчүн эч кандай жардам көрсөткөн жок. Мунун себеби, жогоруда айтылгандай, ал өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн эмес, тескерисинче, аны жаңы көйгөйлөргө түртүү үчүн келген. Ошол эле учурда бул миссиядагы болжол менен 648 кызматкерге төлөнгөн айлык акыларды жана артыкчылыктарды алып турган.

Бул чечимдин эл аралык деңгээлдеги жыйынтыгына келсек, Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын ишин токтотуу чечимин Кытай, Орусия, Британия жана Франция колдоду. Ал эми Америка бул чечимге этият мамиле жасап, миссиянын шайлоолорду уюштурууга колдоо көрсөтүү, адам укуктарын бекемдөө сыяктуу көптөгөн маанилүү саясий маселелердеги негизги ролун баса белгиледи. Ушул америкалык позицияга ылайык, жакынкы күндөрү Ирак жаңы окуяларга күбө болушу мүмкүн жана ал жаңы сценарийдин алдында турат. Же «улуттук суверенитет» деп аталган нерсени бекемдөө, америкалык көз караштагы саясий процессти колдоо жана Иракты «өз алдынча чечим кабыл ала алган өлкө» катары көрсөтүү, айрыкча куралдуу фракциялар маселеси боюнча саясий макулдашуулардан кийин, америкалык инвестициялардын үстөмдүгү. Дал ушул жагдай Суданийдин бул чечимге канааттанганын көрсөттү. Же болбосо, башаламандык, коопсуздуктун бузулушу, саясий эсептешүүлөрдүн күчөшү жана Ирактын азыркы абалынан да караңгыраак туннелге кирип кетиши мүмкүн.

Ирак калкынын азап-тозогу тууралуу жыйынтыктап айтсак, бул миссия 2003-жылы Иракка киргенде ал басып алынган, абалы начар өлкө эле. Ал эми чыгып кеткенде, аны андан да оор абалда калтырды. Саясий, коомдук, коопсуздук жана ахлакый кризистерге белчесинен баткан, баңгизаттар кеңири жайылган, жакырчылык, муктаждык жана жумушсуздук күч алган, курал-жарак көзөмөлсүз абалда, коррупция тамыр жайган, үрөй учурган көлөмдөгү каражаттар уурдалган, тышкы жана ички карызга баткан өлкө болуп калды… Анда бул миссия кандай «реформатордук» рол аткарды жана анын бар болушу жок болушунан артыкпы?!

Ошондуктан биз мындай дейбиз: абалды оңдоо жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн душмандарыбыздан жардам тилөөгө болбойт. Тескерисинче, демилгени өзүбүз колго алып, тикендерибизди өз колубуз менен жулуп салууга тийишпиз. Бул болсо исламий иденттүүлүгүбүздү жандандыруу, өз хазарий долбоорубузду бекем кармануу, бийликти Аллахка таандык кылып, Анын шарияты менен өкүм жүргүзүү жана буйругуна түз жүрүү аркылуу гана ишке ашат. Ошондо гана мурунку даңкыбыз, жоголгон улуулугубуз кайра кайтып келет жана биз Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан «гарибдерден» болобуз:

«بَدَأَ الْإِسْلَامُ غَرِيباً ثُمَّ يَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ. قِيلَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ وَمَنْ الْغُرَبَاءُ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُصْلِحُونَ إِذَا فَسَدَ النَّاسُ».

«Ислам гариб болуп башталды жана гариб болуп кайтат. Гарибдерге Тууба жаннаты (же сүйүнүч) болсун!». «Эй, Аллахтын Элчиси , гарибдер кимдер?» – деп суралды. «Адамдар бузулуп кеткенде оңдой тургандар» – деди.

Дал ушул гана дарылоо ыкмасы — куфрду тамыры менен жулуп салуучу, баскынчылыкты жана анын уюмдарын жок кылуучу, анын саясий, экономикалык, коомдук жана сакофий колдорун кесүүчү жол. Оору айкын, дабаа белгилүү жана Исламдан башка дабаа жок.

Роя гезити

Устаз Ахмад ат-Таи – Ирак вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button