Ямама согушу

Ямама согушу
Суроо: «Халифалык мамлекетинин жихазы» китебинин 119-бетинде мындай деп айтылган: «Абу Хузайфанын мавласы (азат кылынган кулу) Салим биздин Яардын кызы Салма деген аялдын мавласы болуп, аны жахилият доорунда назр кылып азат кылган эле. Ал Ямама согушунда курман болгондон кийин, анын мурасы Умар ибн Хаттабдын (р.а) алдына алынып келди…». Белгилүү болгондой, Ямама согушу халифа Абу Бакрдын (р.а) доорунда болгон. Ал эми бул жерде Умар ибн аль-Хаттаб (р.а) айтылып жатат. Муну кантип түшүндүрөбүз?
Жооп:
- Ооба, «Халифалык мамлекетинин жихазы» китебинин ошол бетинде төмөнкүдөй риваят келтирилген: “Шафиий «Умм»да келтирген жана ибн Хажар сахих деген риваятта Абдулла ибн Вадиа мындай дейт: «Абу Хузайфанын мавласы (азат кылынган кулу) Салим биздин Яардын кызы Салма деген аялдын мавласы болуп, аны жахилият доорунда назр кылып азат кылган эле. Ал Ямама согушунда курман болгондон кийин, анын мурасы Умар ибн Хаттабдын (р.а) алдына алынып келди. Ошондо ал Вадиа ибн Хузамды чакырып: «Мына бул мавлаңардын мурасы, буга силер акылуусуңар» дегенде, ал: «Эй амирул муъминин, Алла бизди ага муктаж кылбаган, аны сахибабыз назр кылып азат кылган, ушул себептен улам, анын бирер нерсесинен пайдаланмакчы эмеспиз», – деди. Ошондо Умар мурасты байтулмалга койду”.
- Тексттен көрүнүп тургандай, анын мурасы Умардын халифалык доорунда келген. Бирок Абу Хузайфанын азат кылынган кулу Салим Ямама согушунда шахид болгон, ал болсо Абу Бакрдын халифалыгы учурунда болгон.
- Мунун түшүндүрмөсү: Ямама согушу муртаддарга каршы согуштардын акыркы мезгилинде болгон. Анын так датасы боюнча кайчы пикир бар. Ибн аль-Асир «аль-Камил» китебинде мындай дейт: «Мусулмандардын бул муртаддарга каршы согушунун датасы боюнча пикирлер ар башка. Ибн Исхак: “Ямаманын, Йемендин жана Бахрейндин фатх болушу жана Шамга аскер жөнөтүү он экинчи жылы болгон”,- деген. Ал эми Абу Маъшар, Язид ибн Ияд ибн Жаъдаба жана Абу Убайда ибн Мухаммад ибн Аммар ибн Ясир: “ридда согуштарынын бардык жеңиштери, Халид жана башкалар тарабынан, он биринчи жылы болгон, Рабиъа ибн Бужайрдын ишинен башкасы, ал он үчүнчү жылы болгон”, — дешкен.
Күчтүү пикир боюнча бул Шамга аскер жөнөтүлүшүнүн алдында, башкача айтканда он үчүнчү жылы болгон. Демек, Ямама согушу он экинчи жылдын акырында же он үчүнчү жылдын башында болушу мүмкүн. Эгер Умардын халифалыгы он үчүнчү жылдын жумада ас-сани айынын акырында башталганын эске алсак, анда Абу Хузайфанын азат кылынган кулу Салимдин мурасы эсептелип бүткөн убакта Абу Бакр (разияллаху анху) дүйнөдөн өтүп, Умар (разияллаху анхуга) байъат берилген. Ошондуктан бул иш Умар (разияллаху анху)га көтөрүлгөн.
23.04.2010.




