Яхудий түзүмүнүн Батыш Жээктеги элди көчүрүүгө байланыштуу жаңы чечимдери… Аны ким токтотот?!

Басма сөз баянаты
Яхудий түзүмүнүн Батыш Жээктеги элди көчүрүүгө байланыштуу жаңы чечимдери… Аны ким токтотот?!
Яхудий түзүмүнүн кичи министрлер кеңеши кабыл алган, Палестина элинин өз жериндеги жашоосуна коркунуч жараткан бир катар чечимдердин алдында: ““Израилдеги” кичи министрлер кабинети Батыш Жээктеги отурукташтырууну тездетүүгө багытталган чечимдерди жактырды. Алар палестиналыктардын мүлктөрүн израилдиктерге сатууга коюлган чектөөлөрдү алып салууну, Палестинанын көзөмөлүндөгү аймактарда үйлөрдү бузууга уруксат берүүнү, ошондой эле Хеврон шаарындагы жана Ибрахимий мечитинин айланасындагы жана Бейт-Лахмдагы пландоо ыйгарым укуктарын “Израилге” өткөрүп берүүнү камтыйт” (Al Jazeera). Бул чечимдерге карата бийлик болгону айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөрү менен эле чектелүүдө. «Бийлик бул чечимдер Палестина аймактарын аннексиялоо жана элди көчүрүү пландарынын иш жүзүндөгү аткарылышы экенин жана Палестина боштондук уюму менен “израил” ортосунда түзүлгөн келишимдерге каршы келерин белгиледи» (Al Jazeera Net).
Мына ушундайча бийлик яхудийлер өздөрүнө Палестинанын көпчүлүк бөлүгүн берип койгон келишимдерди бузуп жатканын айтса да, эч кандай пайда алып келбеген, чоң чыккынчылыкты камтыган ошол келишимдерди карманып келет. Муну менен катар жетекчилердин мурунду жарган деңгээлдеги коррупциясы кошулуп, Палестина элинин мал-мүлкүн мыйзамсыз жеп келүүдө.
Бийликтин тили менен билдирген нааразычылыгын анын иш-аракеттери төгүндөйт. Анткени яхудий түзүмүнүн аракеттерин аннексия жана көчүрүү деп атаган ушул эле бийлик салык, жыйым жана каржы боюнча чечимдер аркылуу Палестина элине кысым көрсөтүп, яхудий түзүмүнүн саясатына шайкеш иш алып барууда. Ушул эле бийлик үчүнчү жолу окуу программаларын өзгөртүп, бурмалап, яхудий түзүмү жана Европа Биримдигинин талаптарына ылайык Исламдын изин да, Исра жана Мираж жеринин атын да, мусулмандар фатх кылган жана алардын акыйдасына байланышкан жерди басып алган душман менен болгон күрөштү да калтырбоого аракет кылууда. Ошондой эле бул бийлик бүгүнкү күнгө чейин коопсуздук жаатындагы координацияны токтоткон жок, бул аны кылмышкер түзүмдүн коопсуздук колуна айландырып, жөөттөр сыяктуу эле Палестина элине зулум көрсөтүүгө кызмат кылууда. Бийликтин эң «жакшы» кылган иши да чоң жамандык болду: ал француздар жана европалыктардын көзөмөл алдында, шектүү либералдык жана феминисттик уюмдардын катышуусу менен убактылуу конституция кабыл алды. Бул «бийликтен мамлекетке өтүү» деген ат менен жүргүзүлүп жатат. Смотрич болсо күн сайын бул «мамлекетти» сөз менен эмес, иш жүзүндө жок кылып жатканын жарыялап келет.
Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы режимдерге келсек, алар Газаны Трампка сатып, анын элин яхудий түзүмүнө таштап беришти. Алардан болгону айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөрү гана чыгып, яхудий түзүмүнүн чечимдерин эл аралык укукка каршы деп мүнөздөштү. Ал эми дал ошол эл аралык укук яхудийлеге Палестинанын көпчүлүк бөлүгүн «менчик» кылып берген, чыккынчы режимдер аны кабыл алып, Мухаммад ﷺ үммөтүн Палестинаны азат кылуудан тосуп, ошол укук менен байлап койгон. Кылмышкер түзүм Палестина жеринде палестиналыктарга эч кандай укукту тааныбаса да, бул режимдер «эки мамлекет» чечимин талап кылууну улантууда, башкача айтканда, эл аралык укук жана БУУнун чечимдери негизинде Палестинанын көпчүлүк бөлүгүн ага берүүнү көздөшүүдө!
Ошентип, Батыш Жээктеги Палестина эли да Газа эли кандай ташталган болсо, ошондой ташталууда. 1948-жылы басылып алынган аймактардагы Палестина эли да ташталган эле. Мунун баары Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык укук көлөкөсүндө ишке ашууда. Бул экөө яхудий түзүмү үчүн «мыйзамдуу» жабуу болуп кызмат кылды. Ал эми Палестина эли болсо өздөрүнүн жерлеринде айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр коштоосунда өлтүрүлүүдө. Анткени дал ушул режимдер ыйык жерге каршы кутум уюштургандардын алгачкылары болуп, Ислам үммөтүнүн ал жакка барып яхудий түзүмүн жок кылуусуна жана анын ишин бир күндүн ичинде бүтүрүүсүнө тоскоол болуп жатышат.
Яхудий түзүмү кабыл алган бул чечимдер өтө кооптуу. Анткени алар отурукташкандарды Палестина элинин жамааттары четинде гана эмес, түздөн-түз ортосунда жайгаштырууга алып келет. Мындай чечимдер ишке ашырылганда кан төгүлгөн кагылышуулар сөзсүз болот, отурукташкандардын кол салуулары дагы да күчөйт жана азыр болуп жаткан окуялардан да көп эсе көбөйөт. Мунун максаты Палестина элинин жашоосун чыдагыс тозокко айлантуу, алардын баарын өзүнө жана үй-бүлөсүнө коопсуздук сезбеген абалга жеткирүү жана аларды мажбурлап көчүп кетүүгө түртүү.
Палестина эли туш болуп жаткан кысым, аларды өз жеринен тамыры менен жулуп чыгаруу аракети, баскынчы түзүмдүн алардын дем алуусуна, үйлөрүнө жана жерлерине толук үстөмдүк кылуусу — мунун баарына алгачкы күндөн тартып анын кучагына кирип, аны коргоп келген бийлик көмөктөшүп жатат. Ошондой эле өзүнүн жашоосун анын жашоосу менен байланыштырган режимдер аны колдоп келишет. Мунун баары үммөт алдында аракетке өтүүдөн башка жол калтырбайт. Анткени Палестина элинин туруктуулугуна гана таянуу — курмандыктын өз касапчысына каршы турушуна таянгандай эле нерсе.
Кудуреттүү, Улуу Аллахтан болгон биздин үмүтүбүз: Ал үммөт ичиндеги күч жана кубат ээлеринин көкүрөгүн ачып, жалпы үммөттүн абалын өзгөртүүнү насип кылсын. Алар үстөлдү оодаргандай абалды өзгөртүп, яхудий түзүмүн коргогондорду ал түзүмдүн өзүнөн мурда кулатсын. Эгер алар Аллахка болгон иштеринде чынчыл болушса, бир гана Палестинанын эмес, дүйнөнүн жалпы көрүнүшүн да толугу менен өзгөртүүгө кудуреттүү. Анткени чөлдүн түпкүрүнөн чыгып, андан соң Персия менен Румду багындырган, кийин дүйнө өзү баш ийген үммөт Палестинаны азат кылууга жана тарых барактарын кайрадан жазууга алсыз эмес. Акыры жер жүзү толугу менен Аллахтын динине баш ийип, Аллахтын Элчиси ﷺ берген сүйүнчүсү ишке ашат:
«إِنَّ اللهَ زَوَى لِي الْأَرْضَ، فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مُلْكُهَا مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»
«Аллах мага жерди жыйнап көрсөттү. Мен анын чыгыштары менен батыштарын көрдүм. Менин үммөтүмдүн бийлиги мага көрсөтүлгөн аймактарга чейин жетет». (Муслим риваяты).
Хизб ут-Тахрирдин берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү
10.02.26




