Роя гезити

Яхудий түзүмүнүн Батыш жээкти толук көзөмөлгө алышы – системалуу көчүрүү саясаты

Яхудий түзүмүнүн Батыш жээкти толук көзөмөлгө алышы – системалуу көчүрүү саясаты

Батыш жээктеги жерлер эми жашыруун түрдө эмес, ачык-айкын түрдө талап-тонолуп жатат. Бул кылмыш дүйнөнүн көз алдында, өзүн өзү союуга эмес, адамдарга күбө болушу керек болгон үммөттүн оор жымжырттыгы алдында болуп жатат.

Бүгүн яхудий түзүмү Батыш жээктин элине болгон кысымды барган сайын күчөтүп, алардын үйлөрүн кыйратып, жерлерин тартып алып, өздүгүн жок кылып, шаар-кыштактарын курчоого алып, аларды муунтуп жатат. Бул көрүнүш күтүлбөгөн нерсе эмес, тескерисинче, Палестина элин өз жеринен түп-тамыры менен ажыратуу, жердин рухун жок кылуу жана тарыхты урандыларга айлантуунун узакка созулган процессинин жаңы баскычы. Ошондуктан яхудий түзүмүнүн бүгүн жасап жаткан иштери убактылуу коопсуздук чараларынын күчөшү эмес, тескерисинче Батыш жээктин элин көчүрүү долбоорунун (укуктук-административдик) баскычына өтүү болуп саналат.

Яхудий түзүмүндөгү кичи министрлер кеңешинин Батыш жээкте отурукташтырууну тездеткен чечимдерди бекитиши, палестиналык мүлктөрдү яхудийлерге сатууга коюлган чектөөлөрдү алып салышы, Палестина бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарда үйлөрдү бузууга уруксат бериши зулумдуктун жаңы баскычка өтүшү болуп саналат. Хеврондогу жана Ибрахимий мечитинин айланасындагы, ошондой эле Бейт-Лахмдагы пландоо боюнча ыйгарым укуктарды яхудий түзүмүнө өткөрүп бериши — Палестина бийлигин суверенитети жок административдик боштукка айлантууну жана жаңы демографиялык абалды таңуулоого даярдык көрүүнү билдирет.

Бул чечимдер жерди гана эмес, анын ээсин да бутага жана кысымга алып, көчүп кетүүгө мажбурлоону көздөйт. Анткени анын үйү бузулганда, жери тартып алынганда, пландоо жана курулушта кысымга дуушар болуп, экономикалык жактан да курчоого алынганда, жашап калуу өзү оор жүккө айланат. Мына ушул жерде көчүрүү түздөн-түз кууп чыгуу эмес, бара-бара муунтуу саясатына айланат.

Хеврондо, Ибрахимий мечити жайгашкан жерде, яхудий түзүмү пландоо, курулуш жана отурукташтыруу аркылуу өз көзөмөлүн бекемдеп жатат. Бул жерди жөн гана тартипке салуу чарасы эмес, тескерисинче аймак үчүн күрөштүн маңызын жана аны тартып алууну камтыган эгемендик кадамы болуп саналат.

Ал эми Бейт-Лахмда яхудий түзүмү аны отурукташуу пункттары катары тосмолор менен курчап, аны өз айланасынан ажыратуу саясатын улантып, табигый өнүгүүсү жана жашоосу жок аймакка айландырууда.

Батыш жээктин капталдарындагы айылдарда болсо, яхудий түзүмү жолдорду жаап, элдин жүрөгүн коркууга салып, алар дем алууга кандай көнгөн болсо, зомбулукка да ошондой эле көндүрүүнү көздөйт.

Демек, яхудий түзүмүнүн жасап жатканы жөн гана административдик чечимдер же коопсуздук чаралары эмес, тескерисинче, бул — толук кандуу тамыры менен жок кылуу долбоору. Жерди жок кылуу, эс тутумду жок кылуу, укукту жок кылуу, үмүттү жок кылуу. Бул долбоор Палестина элине же кеткиле, же өз жериңерде жат адамдай көлөкөсүз, чатырысыз, келечексиз жашагыла, деп айтууну көздөйт.

Бул кооптуу долбоордун алкагында Палестина эли баскынчылыкка гана туш болуп жаткан жок, алар ички жактан да кысымга алынууда. Себеби Палестина маселесин өз өкүлдөрүнүн банк эсептерин толтуруучу инвестициялык долбоор катары гана көргөн бийлик бар. Акыркы эки жыл ичинде Газа тилкесине каршы согуш жана Батыш жээкке болгон кысымга карабастан, бул бийлик чыныгы эгемендик же коргоо мүмкүнчүлүгү жок шартта элден акча, салык жыйноо менен аларды кыйнап, алардын жашоосун оорлотуп, отурукташтыруу долбооруна каршы турууну ойлоп да койбойт.

Ушундайча Палестина элине болгон басым эки тараптуу басымга айланууда. Бир жагынан алардын жерин жана ыйыктыктарын талап-тоногон баскынчылык, экинчи жагынан бажы төлөмдөрү, салыктар, паралар жана мыйзамсыз жыйымдар аркылуу алардын мал-мүлкүн талап-тоногон бийлик.

Мына ушундайча жалпы көрүнүш айкын болууда. Биз калкты системалуу түрдө азайтуу саясатынын алдында турабыз. Бул саясат танк менен гана эмес, пландоо жана экономикалвк басым аркылуу жүргүзүлүүдө. Максат Батыш жээкти башкаруу эмес, анын адамдык жүзүн өзгөртүү, жергиликтүү элинен бошотуу жана аларды көчүп кетүүгө же келечеги жок, муунткан обочолонгон аймактарда камалууга мажбурлоо болуп саналат.

Акырында, яхудий түзүмүнүн Батыш жээкте жасап жаткан иштери жергиликтүү, обочо окуя эмес, тескерисинче мусулман жерлеринин эсебинен, ал тургай биринчи кыбыласын жана Пайгамбарыбыздын ﷺ Исра түнүндөгү сапарын өзүнө камтыган куттуу жерде жүрүп жаткан басып алуу жана кеңейүү долбоорунун узакка созулган чынжырынын бир бөлүгү. Бул долбоорго каршы туруу куру сөз менен жооп кайтаруу аркылуу эмес, анын табиятын так түшүнүү жана үммөттүн аң-сезимин кайра калыптандыруу аркылуу болот. Үммөт бул күрөш бул жерде бир үй же тигил жерде бир жол үчүн эмес, топурагына улуу сахабалардын каны сиңген жана Куранда баяндалган жер үчүн экенин түшүнгөндө, анда баскынчылык да, отурукташтыруу да калбайт. Ошондо жер азат болуп, Ислам диярлары үчүн борборго айланат.

Роя гезити

Устаз Абдулла ан-Набали.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button