Комментарий

Яхудий түзүмү аймактык ири күчкө айландыбы?!

Яхудий түзүмү аймактык ири күчкө айландыбы?!

Жаңылык:

Яхудий түзүмүнүн өкмөт башчысы Нетаньяху бейшемби күнү кечинде өткөн маалымат жыйынында (сөз сүйлөп жаткан учурда ракеталык соккулар болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам жер астындагы бекемделген кабатта өткөрүлгөн жыйында) Иран Тель-Авив менен Вашингтон ага каршы жүргүзүп жаткан 20 күндүк согуштан кийин уран байытуу жана баллистикалык ракеталарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жоготконун билдирди. Ал: «Биздин үч максатыбыз бар: ирандык өзөктүк программаны жок кылуу, баллистикалык коркунучту жоюу жана иран элине эркиндик берүү», – деп айтты. Аскерий кампания толугу менен Ирандын ракета жана өзөктүк программасын жок кылууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле: «Биз Жакынкы Чыгышты өзгөрттүк жана (израиль) аймактык күчкө айланды», – деп баса белгиледи. (Сама жаңылыктар агенттиги)

Комментарий:

Шексиз, Нетаньяху жана анын башкаруучу коалициясынын кыялдары эң бийик баскычка жетти. Алар Нилден Евфратка чейинки «улуу (израиль)» жөнүндө, Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылуу, аймактык мамлекет болуу тууралуу сүйлөп келишсе, эми «улуу держава» тууралуу айтууда. Мында алар диний кыялдарды саясий амбициялар менен аралаштырып жатышат.

Ошондой эле яхудийлердин текеберлиги жана мусулмандарга карата агрессиясы өтө ырайымсыз деңгээлге жеткени талашсыз. Бул биз мурда эле билип, ал тургай анын болооруна ыйман келтиргенбиз:

﴿وَقَضَيْنَا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ فِي الْكِتَابِ لَتُفْسِدُنَّ فِي الأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوّاً كَبِيراً﴾

«Ошондой эле, биз бани Исраилге ал Китепте: «Силер албетте (Шам) жергесинде эки ирээт бузукулук кыласыңар жана чоң менменсинүүгө берилесиңер», деп кабар бердик». (Исра: 4).

Алар Газанын толук кыйрашы, Газа, Батыш жээк, Йемен, Сирия жана Ливанда мусулмандардын канын төгүү менен өтө ырайымсыздык жана текеберлик көрсөтүшкөндөн кийин, азыр да агрессия жана текеберлик жолун улантып, Иран жана Ливанга каршы чабуулдарын улантууда. Алар өлтүрүп, бомбалап, кыйратып жатышат.

Бирок Нетаньяху анын түзүмү кылган жана жасап жаткан иштердин баары Америка, Европа жана көптөгөн каапыр мамлекеттердин, ошондой эле мусулман башкаруучуларынын колдоосу менен болуп жаткандыгын адамдардын аң-сезиминен жашырууга аракет кылууда. Бул анын өзүнүн да эсинен кетпейт. Мусулмандарды жана алардын жерлерин бомбалап жаткан учактар – америкалык учактар. Атылып жаткан снаряддар, ракеталар жана тонналаган жарылуучу заттар – америкалык жана европалык куралдар. Согуштун чыгымдарын жана жоготууларын жабууга кеткен каражаттар – биздин каражаттар, Америка тарабынан талап-тонолуп, яхудий түзүмүнө марттык менен берилүүдө. Басып алынган Палестинада жана аймакта жайгашкан абадан коргонуу жана эрте эскертүү системаларынын көпчүлүгү – Америка менен Батыштыкы. Мисалы, яхудийлердин аба мейкиндигин коргогондор Америка, Британия, Франция жана алардын жанындагы мусулман башкаруучулар. Мындан башка дагы чабуулда да, коргонууда да көптөгөн жагдайлар бар, булардын баары яхудийлер өз күчтөрүн өзүлөрү камсыз кыла албай турганын далилдейт. Алар Аллах менен болгон байланыштан ажырагандан кийин күчүн башкадан алышууда, тагыраагы аларды үммөттүн жүрөгүнө т.а. Палестинага кагып киргизген тараптардан алышууда. Эгер ошолордун жиби жана алар менен бирге мусулмандардын кыянатчы башкаруучулары болбогондо, анда алардын тагдыры кордук, алсыздык жана маскаралык болмок. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө ылайык:

﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُواْ إِلاَّ بِحَبْلٍ مِّنَ اللّهِ وَحَبْلٍ مِّنَ النَّاسِ وَبَآؤُوا بِغَضَبٍ مِّنَ اللّهِ وَضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الْمَسْكَنَةُ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانُواْ يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللّهِ وَيَقْتُلُونَ الأَنبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ ذَلِكَ بِمَا عَصَوا وَّكَانُواْ يَعْتَدُونَ﴾

«Эгер алар Алланын жана адамдардын (мусулмандардын) коргоосунда болушпаса, албетте аларга каерде болушпасын, кор-зарлык жазылып коюлду. Алар Алланын каар-азабы менен кетишти жана аларга бечаралык жазылып коюлду. Буга себеп алардын Алланын аяттарын тангандыктары жана пайгамбарларды жазыксыз өлтүргөндүктөрү. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен чыгуулары». (Али Имран: 112).

Андай болсо, бир нече жума согушка да чыдай албаган, америкалык аба көпүрөсүсүз курал-жарак жана камсыздоо ала албаган, Америка, Британия, Франция сыяктуу державалардын коргоосу жана алардын жанындагы бардык агент башкаруучулардын колдоосу болбосо туруштук бере албаган «улуу» же «аймактык» мамлекеттин кандай мааниси бар?!

Андан тышкары, бардык чек арадан ашкан коргонуу системаларына карабастан, өз башкаруучусу маалымат жыйынын жер астындагы бекемделген бөлмөдө гана өткөрө алган мындай «улуу мамлекет» кандай мамлекет?!

Ооба, яхудий түзүмү алсыз, бош түзүм. Эгер Америка, Батыш жана мусулман башкаруучулары аны колдобосо, мусулмандардын эң кичине армиясынын алдында да бир саатка да туруштук бере албайт эле. Нетаньяху болсо өзүн чоң сезип, арстандын чабуулун туураган мышыктай боло берет, бирок анын түзүмүнүн чыныгы абалы баягы эле кордук жана бечаралык бойдон калат.

Биз күбө болуп жатабыз: элдер жана Батыштагы, Америкадагы көптөгөн саясатчылар яхудий түзүмүн утулуп жаткан ат катары көрө башташты, ага коюм (ставка) коюуга болбой турганын түшүнүштү. Бул – жакын арада, Аллахтын уруксаты менен, андан жүз бурулушун билдирет. Алар тууралуу Аллах Таала айткандай:

﴿تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ﴾

«Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү (ички дүйнөсү) ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери». (Хашр: 14).

Ал эми мусулман башкаруучуларына келсек, үммөттүн аскерлеринен бир топ ыкластуу адамдар чыгып, алардын тактыларын кулатып, аларды зындандарга ыргыткан кезде, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана үммөткө кылган кыянаттары үчүн азабын тартканда, аларга эч кандай жардамчы да, орун да калбайт.

Халил Абдурахман

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button