
Рамазан рубрикасы
Ижтимаи түзүм
Үй-бүлөдөгү тарбия
Үй-бүлөдө бала тарбиялоо, бул жөн гана анын чоңоюусу эмес, бул адамдын бүткүл келечектеги жашоосу курула турган пайдубал. Мектеп да, көчө да, мамлекеттик институттар да ата-эненин эрте чакта баласына салган негизди алмаштыра албайт. Коом окутуп, бир аз түздөп, багыт бериши мүмкүн, бирок жашоонун маңызын, идеологиялык акыйданы, терең баалуулуктарды, мүнөздү жана ички дүйнөнү калыптандыруу дал ушул үй-бүлөдөн башталат.
Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деген:
«Оо, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла…» (Ат-Тахрим сүрөөсү, 66:6)
Бул аят, ата-энелердин балдарынын бул дүйнөдөгү бакубаттуулугуна гана кам көрбөстөн, аларды руханий жана адеп-ахлактык жактан коргоо керек экендигине түздөн-түз ишарат кылууда. Кеп адамды бул дүйнөдө гана эмес, акыретте да куткара турган тарбия жөнүндө болуп жатат.
Бала жашоосунун алгачкы жылдарынан баштап эң оболу ата-энесине ишенет. Эрте курактагы мезгилди изилдегендер, бул убакытта коопсуздуктун базалык сезими жана дүйнөгө болгон ишеним калыптана баштарын тастыктайт. Эгерде баланын жанында мээримдүү, жоопкерчиликтүү ата-эне болсо, бала жалгыз эмес экенин жана жөлөк-таякты сезет. Ал эмоцияларды түшүнүүгө, жакшылык менен жамандыкты айырмалоого, өзүнүн баалуулугун кабыл алууну үйрөнөт. Эгерде бул мезгилде муздак мамиле, кайдыгерлик же ата-эненин бири жок болсо, анын ичинде боштук пайда болуп, ал убакыттын өтүшү менен ишенимсиздикке, агрессияга же обочолонууга айланышы мүмкүн.
Үй-бүлөлүк тарбия менен коомдун таасиринин ортосундагы айырманы түшүнүү маанилүү. Мамлекет билим, социалдык кепилдиктерди, маданий чөйрөнү камсыздай алат. Коом жүрүм-турум нормаларын калыптандырып, ийгиликтин багыттарын белгилейт. Бирок коом жалпы эрежелер боюнча, массалык түрдө тарбиялайт. Ал эми үй-бүлө балага өзгөчө көз карашта карайт. Баланын өзгөчөлүктөрү, коркуулары, таланты жана алсыз жактары үй бүлөдө байкалат. Бала ичине бекилгенин, ага колдоо керектигин, ички карама-каршылыкты башынан кечирип жатканын ата-эне гана байкай алат. Мектеп баа коёт, бирок ал ата менен болгон кечки маектин же эне камкордугунун ордун баса албайт. Алла Таала айтат:
«Лукман уулуна насаат айтып жатып: “Оо, балакайым! Аллахка шерик кошпо, анткени ширк , чоң зулум”, – деди». (Лукман сүрөөсү, 31:13)
Ата менен эненин ролу ар башка, бирок бирдей мааниге ээ. Ата адатта балада менталдык туруктуулукту – максат коё билүүнү, жыйынтыкка умтулууну, жоопкерчилик алуу жөндөмдөрүн калыптандырат. Атасынын үлгүсүндө бала кыйынчылыктарды жеңүүнү, келечекти көрө билүүнү, ошондой эле, ийгилик аракетти талап кыларын түшүнөт. Күчтүү жана туруктуу ата, эрктүүлүктүн, исламий тартиптин жана ой жүгүртүүнүн үлгүсү болот. Жада калса кыз үчүн да атанын орду өтө чоң. Ал аркылуу анда сый-урмат жана коргоо жөнүндө түшүнүк калыптанат.
Эне өз учурунда инсандын эмоционалдык негизин түзөт. Энелик камкордук аркылуу сүйүү, кабыл алуу жана психологиялык коопсуздук сезими калыптанат. Эне баланын психикасына, анын боорукердик жөндөмүнө, ден соолугуна, режимине жана тамактануусуна көңүл буруу аркылуу таасир этет. Эненин жылуу сөзү балага болгон ишенимди башкалардын мактоосунан да күчтүүрөөк бекемдей алат. Дал ушул идеялык жана эмоционалдык эки башаттын тең салмактуулугу менен, мусулмандын бүтүн жана күчтүү шахсиясы тикеленет.
Секуляризм жана динсиздик менен бузулган заманбап жашоо жана ата-эненин баланын жашоосуна толук кандуу катышуусунун жетишсиздиги, эмнеге алып келерин көптөгөн мисалдар тастыктоодо. Толук эмес үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү, ата-эненин бири жок өскөн балдардын санынын өсүшү, коомдун түзүлүшүнө таасир этүүдө. Өспүрүмдөрдүн агрессиясы, тең-туштардын куугунтуктоосу, эмоционалдык туруксуздук, социалдык тармактарга жана виртуалдык жашоодо өзүн таанытуу – мунун баары көбүнчө үй-бүлөдөгү көңүл буруунун жана колдоонун жетишсиздигине байланыштуу. Үйдөн жылуулук таппаган бала, аны көчөдөн же интернеттен издейт.
Жетимдерге жана толук эмес үй-бүлөдө өскөн балдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чындыгында, ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыраган бала, формалдуу түрдө үй-бүлөсү болсо да, жетимдикке жакын абалда болот. Мындай балага, коом тараптан көбүрөөк чыдамкайлык, түшүнүү жана колдоо керек. Жетишпеген мээримдин ордун толтурбай туруп, мындай баладан жогорку жыйынтыктарды талап кылууга болбойт. Балдар үйлөрү үй-бүлө жылуулугун алмаштыра албайт. Мындай мекемелердин бүтүрүүчүлөрү көбүнчө, жетилген курактагы турмушка көнүүдө, ишеним жана мамиле курууда кыйынчылыктарга туш болушат. Бул алардын күнөөсү эмес, бул өтө эрте болгон эмоционалдык жаракаттын кесепети. Бирок баса белгилей кетчү нерсе, ата-эненин жөн эле бар болгону жетишсиз. Ата-эне болуу, бул жөн гана материалдык шарттарды камсыздоо деген сөз эмес. Кийим же оюнчук сатып берип, ийримдерге жана престиждүү мектепке акча төлөп берип, бирок ошол эле учурда баарлашууга, биргелешкен иштерге, турмуштук принциптерди түшүндүрүүгө убакыт бөлбөй коюу мүмкүн. Чыныгы тарбия. бул күнүмдүк эмгек. Бул исламга берилгендиктин, жоопкерчиликтин, адамдарга болгон сый-урматтын жеке үлгүсү. Бала сөздү эмес, жүрүм-турумду кабыл алат. Эгерде ата-эне жакшылык жөнүндө айтып, бирок агрессия көрсөтсө, эмгек жөнүндө айтып, бирок аракеттен качса, балада ички карама-каршылык пайда болот.
Мындан сырткары, тарбия ата-эненин жеке көз караштарына гана эмес, акыл негизиндеги баалуулуктар системасына таянышы керек. Тарых көрсөткөндөй, үй-бүлө туруктуу идеологиялык негизди, жашоонун маңызын жана максатын, ошондой эле моралдык принциптерди, улууну сыйлоо, эмгекчилдик, милдет сезимин өткөрүп берген коомдор чоң максаттарга жеткен лидерлердин муунун тарбиялашкан. Мындай балдар демилгелүү, өзү үчүн гана эмес, башкалар үчүн да жоопкерчилик ала билген инсан болуп чоңоюшат. Алар көчөдө, мектепте, кесиптик чөйрөдө, коомдук турмушта лидер болуп, мамлекеттик ишмерлерге айланышат.
Күнүмдүк жашоодо ата-энесинин толук көңүл буруусуна ээ болгон балдардын көбүрөөк ишенимдүү жана ички туруктуулукка ээ экенин байкоого болот. Алар ийгиликсиздикти жеңилирээк көтөрүшөт, анткени үйдө аларды колдой турганын билишет. Алардын ички өзөгү бар болгондуктан, айлана-чөйрөнүн терс таасирлерине аз кабылышат. Бул алардын жашоосу кыйынчылыксыз болот дегенди билдирбейт, бирок алар кыйынчылыктарга башкача мамиле кылышат, аларды өз дини үчүн өзүнүн баалуулугун түшүнүү менен жана Жаратканга тобокел кылуу менен жеңишет.
Үй-бүлө, бул жашоонун алгачкы мектеби. Дал ушул жерде бала Пайгамбарыбызды (с.а.в.) сүйүүгө, улууларга ишенүүгө, алсыздарды кечирүүгө, максат коюуга жана өз жөндөмүн өстүрүү менен аларга жетүүгө үйрөнөт. Коом жана мамлекет баланы түздөп, багыт бериши мүмкүн, бирок бекем үй-бүлөлүк негиз болбосо, алардын аракеттери көбүнчө үстүртөн болуп калат. Бул өзгөчө эгоисттик жана пайдапарастык система басым кылган чөйрөдө ачык байкалат. Ошондуктан, балдарга алардын алгачкы жылдарынан баштап көңүл буруу, ата-эненин аң-сезимдүү катышуусу, идеологиялык тарбия жана туура баалуулуктарды өткөрүп берүү, бул жөн гана үй-бүлөнүн жеке иши эмес. Бул жалпы ислам коомунун келечегине кошулган маанилүү жана өз убагындагы салым.
Исламий тарбиянын үлгүсү өзүнчө көңүл бурууга татыктуу. Исламда, үй-бүлө инсанды калыптандырууда негизинен борбордук ролду ойнойт. Ислам идеологиясында бала аманат катары каралат. Ал, Аллах тарабынан ишенип берилген жакшылык, ал үчүн ата-эне бул дүйнөдө гана эмес, Жараткандын алдында да жооп берет. Ошондуктан тарбия ден соолукка жана тиричиликке кам көрүү менен эле чектелбестен, компетенттүүлүктү тереңдетүү жана өзгөчө инсандын руханий калыптанышын камтыйт.
«Билгиле, силердин мал-мүлкүңөр жана балдарыңар – сыноо, ал эми улуу сыйлык Аллахта». (Аль-Анфал сүрөөсү, 8:28).
Мунун ачык тарыхый мисалы – даңазалуу Сулайман Мехмед (Сулайман Кануни). Анын доору Осмон Халифалыгынын гүлдөгөн, мыйзамдуулук, илим жана маданият бекемделген мезгили болгон. Бирок бул жетишкендикке анын жеке зээндүүлүгү эле эмес, бала кезинен баштап максаттуу берилген тарбиясы да себеп болгон.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) Константинополдун алынышы тууралуу мындай деген: «Чындыгында, Константинопол сөзсүз фатх кылынат. Аны фатх кылган амир кандай гана сонун амир, ал эми ал кошуун кандай гана сонун кошуун!».
Бул хадис кылымдар бою мусулман башкаруучуларын шыктандырып келген. Ал жогорку кесипкөйлүк жана руханий деңгээлге умтулган көптөгөн муундар үчүн багыт болуп калды. Кийинчерээк Константинопол Султан Мехмед II (Фатих) тарабынан ачылган, бирок башкаруучуларды ушул пайгамбарлыктын духунда максаттуу тарбиялоо салты, исламий билим берүү системасына терең сиңип, кийинки муундарга, анын ичинде Сулайманга да таасирин тийгизген.
Сулаймандын атасы Султан Селим I, улуу башкаруучуну калыптандыруу үчүн сарайдагы ыңгайлуу турмуш жетишсиз экенин түшүнгөн. Ал уулунун материалдык камсыздоосуна гана эмес, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө да кам көргөн. Сулайман жаш кезинен баштап өз заманынын эң мыкты аалымдарынан билим алган: фикх (шарият), тарых, аскердик иш, мамлекеттик башкаруу жана чет тилдерин үйрөнгөн. Ал тартип, жоопкерчилик жана такыбалык чөйрөсүндө тарбияланган.
Өзгөчө анын идеологиялык негизине өзгөчө көңүл бурулган. Болочок султанга шарият илими, анын адилеттүүлүгү, эл алдындагы жана Аллахтын алдындагы жоопкерчилиги сиңирилген. Дал ушул терең идеологиялык тарбия, ага адилеттүү башкаруучу болууга жардам берген. Ал бийликти артыкчылык катары эмес, аманат катары, Улуу Аллахтын алдындагы жоопкерчилик катары кабыл алган. Ошондуктан анын чечимдери биринчи кезекте шариат мыйзамдарына негизделген. Дал ушул себептен ал тарыхта бекеринен «Кануни» (Мыйзам орнотуучу) деп аталып калган эмес. Анын башкаруусу аскердик жеңиштер менен гана эмес, мыйзамдарды системага салуу, сот системасын өнүктүрүү жана мамлекеттеги тартипке кам көрүү менен байланыштуу. Адилеттүүлүк ал үчүн саясий курал эмес, бала кезинде салынган адеп-ахлактык милдет болгон.
Бул мисал, исламий тарбиянын маанилүү болгон бир принцибин тастыктоодо: ата-эне баласын тамак-аш, кийим жана статус менен гана чектебейт. Алар балага дүйнө карашты калыптандырышат, баалуулуктарды өткөрүп беришет, компетенттүү устаттардан билим алууну уюштурушат. Ата стратегиялык ролду өзүнө алат – лидерлик сыпаттарды, жоопкерчиликти, билимге умтулууну калыптандырат. Эне болсо, өз кезегинде, адеп-ахлактык тазалыкты, жүрөктүн жумшактыгын, сый-урматты жана боорукердикти салат.
Султан Сулаймандын тарыхы далилдегендей: улуу инсандар кокусунан пайда болбойт. Алардын артында ата-эненин терең ойлонулган стратегиясы, эрте билим берүү, билимдүү адамдардын жана устаттардын чөйрөсү, эң башкысы, терең идеологиялык жана баалуулук негизи турат. Дал ушул негиз, Сулайман Кануниге башкаруучунун күчүн, адилеттүүлүктү жана жоопкерчилик сезимди бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай мамиле, заманбап тилдей айтканда “ийгиликтүү адамды” гана эмес, бүтүн шахсияны жана үлгү катары, чечимдери ислам үммөтүнүн тагдырын аныктай турган башкаруучуну тарбиялоого жол ачат.
«Эгер өздөрү жаш, алсыз перзенттерин калтырып көз жумуп кетишсе алардан кабатыр болгондой эле коркушсун. Алар Алладан коркуп акыйкат сөздү айтышсын. (Ан-Ниса сүрөөсү, 4:9).
Дал ушул себептен исламий тарбия, үй-бүлөгө мамлекеттин пайдубалы катары карайт. Күчтүү үй-бүлө – бул күчтүү коом жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна дааватты жеткире алган күчтүү мамлекет. Жоопкерчиликтүү ата-энелер өздөрүн же коомду гана башкарбастан, исламды жаюуда жана адилеттүүлүк мыйзамын орнотууда Жаратканга кызмат кыла алган лидерлерди калыптандырышат. Демек, үй-бүлөдөгү тарбия жана кам көрүү – бул Ислам цивилизациясынын келечегине кам көрүү болуп саналат.
Бурана




