Үй-бүлөлүк зомбулук Ислам менен гана жоюлат

Рамазан рубрикасы
Ижтимаи түзүм
Үй-бүлөлүк зомбулук Ислам менен гана жоюлат
Учурда зомбулук ар кандай келишпестиктерди чечүүнүн ыкмасына айланып бара жатат. Эксперттердин айтымында, зомбулук жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруунун каражаты катары гана эмес, а түгүл жүрүм-турумдун кадыресе нормасына айланган көрүнүш катары каралып калды. Бул жагдай зомбулук маселесин ого бетер күчөтүп, бүтүндөй коомго таасир этиши мүмкүн.
Ушул зомбулук жаатында эң көңгөйлүү маселе бул үй-бүлөдөгү зомбулук болуп эсептелет. Себеби, бул маселедеги абал үрөй учурган таризде курчуп бара жатат. Ошондуктан, бул көйгөйдү чечүү үчүн изилдөөчүлөр тартылып, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп келет. Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдар кабыл алынып, күчөтүлүүдө, кризистик борборлор ачылган. Бирок көрүлүп жаткан чараларга карабастан, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Бул бүгүнкү күндө капитализм өкүм сүргөн коомдордогу эң оор кырсык болуп калды. Өнүккөн мамлекеттерде да, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде да көйгөй окшош.
Дүйнөлүк масштабда алып караганда, маалыматтар көрсөтүп тургандай, дээрлик ар бир үчүнчү аял (дүйнө жүзү боюнча 840 миллион аял) өз өмүрүндө жолдошу же бирге жашаган адамы тарабынан зомбулукка кабылган же сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчётуна ылайык, дүйнөдө ар бир 10 мүнөт сайын бирге жашаган адамы же үй-бүлө мүчөсүнүн колунан бир аял каза болот.
Ал эми, аял жана балдардын укугун жар салып жаткан өнүккөн мамлекеттерде да үй-бүлөлүк зомбулук маселеси оор бойдон калууда. Статистикалык маалыматтар бул маселенин орчундуулугун ачыктап турат. АКШда ар бир 9 секунд сайын бир америкалык аял үй-бүлөсүндө ур-токмокко дуушар болот, ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан күнүнө дээрлик 3 аял каза табат. (БУУ). Францияда ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. (Le Journal du Dimanche). Германияда ар бир 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулуктарга учурайт. (DW).
Бул көйгөй Кыргызстанда да өтө курч бойдон калууда. Алып барылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, оор зомбулук кылмыштарынын 30–40 пайызы дал үй-бүлөлүк шартта жасалат. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын курмандыктары жалпы кылмыштардан жабыркагандардын жана каза болгондордун ичинен эң көп бөлүгүн түзөт. Бул көрсөткүчтөр үй-бүлөлүк зомбулук коом үчүн олуттуу маселе экенин айкын көрсөтүүдө.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 20 миңге жакын (19 995) фактысы катталган. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 15 675 учур катталган. Ошентип, бир жылдын ичинде мындай фактылардын саны 4 320га көбөйүп, өсүш 27,5 %ды түзгөн. 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 519 кылмыш иши козголуп, алардын 31 учуру өлүм менен аяктаган.
Эксперттер үй-бүлөлүк зомбулуктун негизи факторлору катары ушуларды көрсөтөт: зөөкүрдүк, кызганыч, коомдон же үй-бүлөдөгү абалдан таасирленген тарбия, алкоголдук ичимдик, финансылык кыйынчылыктар.
Зөөкүрдүк же агрессивдүү мүнөз үй-бүлөлүк зомбулуктун эң негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Айрым адамдар ачуусун көзөмөлдөй албай, көйгөйлөрдү күч колдонуу менен чечүүгө аракет кылышат. Мындай жүрүм-турум үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда кооптуу жана чыңалган чөйрөнү пайда кылат.
Кызганыч да зомбулукка алып келүүчү факторлордун бири. Ишенбестик сыяктуу көрүнүштөр акырындап орой зомбулукка айланышы мүмкүн. Мунун артынан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат.
Адамдын бала кезинде алган тарбиясы анын келечектеги жүрүм-турумуна чоң таасир этет. Үй-бүлөдө зөөкүрдүк мамиле кадыресе көрүнүш болсо, бала чоңойгондо бул мамилени көчүрүп алып, өзү да ошондой мамиле кылышы мүмкүн. Андан тышкары, учурдагы коомдо өкүм сүрүп жаткан зомбулук чөйрө да өсүп келе жаткан муунга терс таасирин тийгизип, зомбулукту табигый көрүнүшкө айлантат.
Ал эми, алкоголдук ичимдиктерди колдонгон адам өзүн-өзү көзөмөлдөй албай калат. Мас абалында адам агрессивдүү болуп, майда конфликттер да чоң чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн. Адамдын өмүрүн алган кылмыштардын көбү арактын кесепетинен болот.
Материалдык жетишпестик, жумушсуздук же карыздар үй-бүлө ичинде чыңалуу жаратып, уруш-талаштардын көбөйүшүнө алып келет. Айрым учурларда бул чыңалуу зомбулукка чейин жетиши мүмкүн. Бул фактор да бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун негизин түзүп жатат. Себеби капитализм өкүм сүрүп жаткан азыркы коомубузда материалдык жетишкендик ийгиликтин белгиси катары көрсөтүлүп жатат. Кайда барба, жашоонун маңызы материалдык ийгиликке жетишүү, андыктан материалдык жактан төмөндүк ийгиликсиздиктин белгиси деп таңууланып жатат. Бул сокур идея өзгөчө көп жаш үй-бүлөлөрдүн бузулушуна, алардын ортосунда чыр-чатак чыгып зомбулук орун алышына себеп болууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар жана факторлор капитализм үй-бүлөлүк зомбулук маселелерин чече албагандыгын көрсөтөт. Кала берсе, алар капитализмдин түздөн-түз натыйжалары экендигин ырастоодо. Себеби, динди коомдон бөлгөн бул светтик система инсанды акыреттен коркпоого, а түгүл ага ишенбөөгө алып келет. Арийне, акыретте Кудайдын жазасына кабыларын аңдабаган инсан – материалдык кызыкчылык болобу, же үстөмдүк кылуу каалоосу болобу, же кызганыч болобу, же жөн эле кызуулукка алдырган болобу – ар кандай зомбулуктарга барышы мүмкүн, ал тургай адамдын өмүрүн кыюудан да кайра тартпайт. Ошондуктан, динди коомдон бөлүү кырсыктуу натыйжаларга алып келди. Капитализмдин ийгилик жөнүндөгү түшүнүгү көптөгөн адамдарды тобокелчиликке барууга мажбурлап, ал тургай кылмыштарды жасоого түртүп жатат.
Исламда үй-бүлө ичиндеги мамилелер дин эрежелери, баалуулуктары жана өкүмдөрү аркылуу жөнгө салынат. Алардын негизги максаты — адамдын кадыр-баркын сактоо, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана үй-бүлөдө бакубат жашоону камсыздоо болуп саналат. Исламдагы үй-бүлөгө болгон көз караштын негизинде жубайлардын ортосунда урмат-сый, боорукердик жана жоопкерчилик болушу керек деген талап жатат. Куранда аялга жакшы мамиле кылуунун зарылдыгы бир нече жолу баса белгиленген. Маселен, Аллах Таала айтат:
وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ
«Алар менен жакшы жана татыктуу мамиледе жашагыла». (4:19)
Аллах Субханаху дагы мындай дейт:
ô`ÏBur} ÿ¾ÏmÏG»t#uä ÷br& t,n=y{ /ä3s9 ô`ÏiB öNä3Å¡àÿRr& %[`ºurør& (#þqãZä3ó¡tFÏj9 $ygøs9Î) @yèy_ur Nà6uZ÷t/ Zo¨uq¨B ºpyJômuur 4 ¨bÎ) Îû y7Ï9ºs ;M»tUy 5Qöqs)Ïj9 {tbrã©3xÿtGt
«Ал силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы да – Анын аят-белгилеринен. Албетте мында пикирлеген коом үчүн аят-белгилер бар». (30:21).
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үй-бүлөлүк жашоодо жумшактык жана адилеттүүлүк маанилүү экенин баса белгилеген. Исламда эркектердин эң жакшысы — аялдарына эң жакшы мамиле кылгандары делет.
Расулуллах (с.а.в.) айтат:
أَكْمَلُ الْمُؤْمِنينَ إِيمَاناً أَحْسَنُهُمْ خُلُقاً وَخِيَارُكُمْ خِيَارُكمْ لِنِسَائِهِمْ
«Момундардын ичинен ыйманы эң жетиги — адеп-ахлагы эң жакшысы. А силердин эң жакшыңар – өз аялына эң жакшы мамиле кылганыңар». (Ахмад, Тирмизи).
Бул өкүмдөр жана насааттар үй-бүлөдө ырайымдуулук жана урмат-сый үстөм болушун талап кылат, ал эми зомбулук жана кемсинтүү кабыл алынгыс көрүнүш катары каралат. Андыктан акыретин ойлогон мусулман пенде аялы ага аманат экендигин, ал үчүн жооп берерин аңдап жашайт. Аялын коргоо, камсыздоо эркектин жоопкерчилигинде.
Ошол эле маалда, Ислам аялга жолдошунун жароокери, досу болууну, ага итаат кылууну буйруйт. Аллах Таала айтат:
فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِّلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ
«Демек, таат-ибадаттуу жана жолдоштору жокто Алланын сактоосу менен (эрлеринин мал-мүлктөрүн жана өз абийирлерин) сактоочу аялдар – солих аялдар». (4:34)
Абу Хурайрадан (р.а.) риваят кылынат: Пайгамбарыбыздан (с.а.в.): «Кандай аял эң жакшы?», – сурашты. Ал айтты:
الَّتِي تَسُرُّهُ إِذَا نَظَرَ، وَتُطِيعُهُ إِذَا أَمَرَ، وَلَا تُخَالِفُهُ فِي نَفْسِهَا وَمَالِهَا بِمَا يَكْرَهُ
«Ал (жолдошу) аны караганда көзү кубанган, ал буйрук бергенде баш ийген жана өзү тууралуу да, мал-мүлкү тууралуу да ага каршы чыкпаган аял».
Бирок, Ислам үй-бүлөдөгү шайкештикти, гармонияны мусулмандын таквасына гана таштап койгон жок. Бул маселени комплекстүү чечти. Тагырак айтканда, үй-бүлөдө чырдын чыгышын алдын алган өкүмдөрдү белгиледи, ар кандай бузукулуктарга жана күмөндөргө жол ачкан абалдарга тыюу салды. Маселен, аялдын жат эркектер менен – зарылдык жок болсо – сүйлөшүүсүнө, жат адамдар менен жалгыз калуусуна тыюу салды. Бул жана мындан башка өкүмдөр бар, алар кызганыч жана кандайдыр бир күмөндөрдүн жаралышын, жат адамдар менен жакын мамиле түзүүнүн алдын алат. Ошондой эле, Ислам адамдын акылын адаштырган арак, баңгизат сыяктуу анын мээсин уулаган нерселерге тыюу салган. Бул өз кезегинде, адам өлүмү менен коштулуп жаткан кылмыштарды болтурбоого өбөлгө түзөт.
Андан тышкары, Ислам коомдун пикир жана туйгуларын туура тарапка багыттап турат. Исламда бакыт – бул Аллах Талаанын ыраазылыгына жетүү, ал эми таква, уят, абийир материалдык пайдадан жогору турат. Бирок, мусулмандар жашаган коомдо бул пикир жана туйгулар менен кошо мыйзамдар да Исламий болушу шарт. Себеби пикир жана туйгулардын турмушта ишке ашуусун мыйзамдар камсыздайт. Ошондо гана Исламий коом түзүлүп ар кандай зомбулукка жол берилбейт.
Харун Абдулхак




