Үммөттүн жана мамлекеттин биримдиги – тагдыр чечүүчү маселе

Үммөттүн жана мамлекеттин биримдиги – тагдыр чечүүчү маселе
Тагдыр чечүүчү маселе – ал аркылуу «жашоо же өлүм» чарасы кабыл алынган маселе. Башкача айтканда, аны менен жашоо же ансыз өлүмгө дуушар болгон абал. Курани Карим Ислам үммөтү адамдардын арасынан өзгөчө, үммөт экенин бекемдеген. Аллах Таала айтат:
﴿وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ﴾
«Шек-күмөнсүз (баарыңардын) диниңер – бир дин (атап айтканда Ислам). Мен болсо силердин Раббиңермин, демек, Менден гана корккула!» (Муминун: 52).
Ислам бул үммөттү бөлүп-жарууну чачыратууну харам кылды. Анын жана мамлекетинин биримдигин тагдыр чечүүчү маселе кылды. Ага карата бир гана чара бар: жашоо же өлүм. Пайгамбар ﷺ Муслим риваят кылган хадисте айтат:
«فَمَنْ أَرَادَ أَنْ يُفَرِّقَ أَمْرَ هَذِهِ الْأُمَّةِ وَهِيَ جَمِيعٌ، فَاضْرِبُوهُ بِالسَّيْفِ كَائِناً مَنْ كَانَ».
«Кимде-ким бул үммөттүн ишин, ал биримдикте турган кезде, бөлүп-жарууну кааласа ким болбосун, аны кылыч менен жазалагыла».
Бул маселе өз ордунан төмөндөтүлгөндө, каапырлар, алардын башында турган Америка айрым мусулмандардын жардамы менен Судандын Түштүгүн бөлүп чыгара алышты. Мусулмандар бул улуу күнөөгө унчукпай туруп беришти. Бүгүнкү оор күндөрдө Газанын кыйрашы жана элинин кыргынга учурашы алдында да унчукпай турушту. Адилетсиз курчоодон, бомбалоодон жана өлтүрүүлөрдөн кийин айлар өтүп, аль-Фашердин кулашы алдында да унчукпай калышты. Мындан мурда да Халифалыктын кулатылышына, Ирак менен Афганистандын басып кирилишине, Кашмирдин бөлүнүп-жыртылышына, Чеченстандын жоголушуна, Босния жана Герцеговинага, Бирмага, Чыгыш Түркстанга, мусулман аялдардын зордукталышына унчукпай келишкен. Үммөт кемчилик жана кайдыгерлик менен капталып, бул кылмыштар анын көз алдында жана кулагында өттү.
Америка Түштүк Суданды бөлүп бүткөндөн кийин, бүгүн ошол эле планды аткарууга кайтып келди, «Кандуу чек аралар» деп атаган долбоор аркылуу Дарфурду үзүп алууну көздөдү. Бул план 2006-жылдын июль айында жарыяланган, ошондой эле америкалык адистешкен аскердик журнал Armed Forces Journal жарыялаган Жакынкы Чыгыштын жаңы картасында чагылдырылган. Аны отставкадагы америкалык генерал Ральф Питерс түзүп, аймакты «сунний», «шиит», «күрд» мамлекеттерине бөлгөн. Мындан тышкары, Сауд Арабиясынан көзкарандысыз, ыйык жайларды камтыган «Ислам мамлекети», «Улуу Иордания падышалыгы» жана башка майда түзүмдөрдү сунуштаган. Бул изилдөө өткөн кылымдын 1980-жылдарынан бери «Жакынкы Чыгыштын касапчысы» деп аталган Бернард Льюис койгон бөлүп-жаруу долбоорунун өнүктүрүлгөн түрү, «жаңы Сайкс–Пико» болуп саналат.
Түштүк Суданды «жасалма тынчтык» деген жүйөлөр менен, башкаруучулардын жана козголоңчулардын колу аркылуу, айрым саясатчылар менен медиа өкүлдөрүнүн колдоосу жана аалымдардын унчукпаганы менен бөлгөн Америка, бүгүн Дарфурда сахнаны даярдап алып, аны Судандан үзүп алууга умтулууда. Бөлүнүүчүлөр бүгүн бүт Дарфурду ээлеп, Түштүк Дарфур штатындагы борбор шаар Ниялада параллел өкмөт жарыялоо менен өздөрүнүн «жасалма мамлекетин» түзүштү. Америка үч айлык тынчтык келишимин, аны тогуз айга узартууну ниеттенип жатат. Бул Ыкчам колдоо күчтөрүнө катарларын иреттеп, генерал аль-Бурхан өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна сунуштаган жол картасына ылайык мамлекет курууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн көздөлүп жатат. Ал жол картасы Судандын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Харис Идрис аркылуу 10.03.2025-ж. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерришке берилген. Ушуга таянып, «төрттүк» өлкөлөр 12.09.2025-ж. Вашингтондогу жыйында, Американын жетекчилиги астында, өз билдирүүсүн кабыл алышкан. Муну Трамптын Африка иштери боюнча өкүлү Массад Булостун дайыма кайталаган билдирүүлөрү да тастыктайт. Акыркысы 15.11.2025-ж. «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде: «Вашингтон Суданда үч айлык гуманитардык тынчтык демилгесин, «төрттүк» өнөктөштөрдүн колдоосу менен сунуштады… Демилге 12-сентябрда төрттүк иштеп чыккан деталдуу жол картасын ишке ашырууга жетүү, Суданда туруктуу тынчтыкка алып келүү максатын көздөйт».
Андай болсо, Судан мусулмандары кантип Американын өз өлкөлөрүндө диндерине каршы согуш ачып, байлыктарын талап-тоноп, өлкөсүн тытып-жыртуусуна жол беришет??! Өлкө элинин акылмандары, даанышмандары кайда? Орозо кармап, түнү менен ибадат кылгандар, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаргандар кайда?! Куралдуу күчтөрдүн ичинде динди, жерди жана намысты коргоого Аллахка убада берген, ихластуу офицерлер кайда?! Пайгамбарлардын мураскери болгон улуу аалымдар кайда?! Судандын ардактуу эли кайда?! Алар 1885-жылдын 26-январында англичандарга каршы туруп, аларды жеңип, алардын командачысын, ошол кездеги биринчи держава Британия армиясынын офицеринин уулу болгон генерал Чарльз Жорж Гордондун өзүн өлтүргөн ата-бабалардын урпактары эмеспи?! Анын атасы да британ армиясында генерал болгон, өзү Сомерсеттеги Таунтон шаарындагы Фоуландс мектебинде жана Падышалык аскер академиясында билим алган. Анын өлтүрүлүшү ошол мезгилдеги «Улуу Англиянын» тарыхында таң каларлык окуя болгон. Анткени дал ошол эр азаматтар Хартумду англиялык колонизатордон бошотуп, анын мизин кайтарып, элди кыргынга салып, англиялык колонияларды кеңейтүүгө аракет кылган генералдын дооруна чекит коюшкан. Бул англичандарды катуу оорутуп, Суданды кайрадан басып алууну ойлонууга түрткөн.
Бүгүн душман Американын планын бузуп-талкалоо, бул айла-амалдын ишке ашуусуна жол бербөө мүмкүнчүлүгү дагы эле бар. Бул болсо Судан элинин Аллах Таалага болгон ишенимине жана жеңишти Андан гана тилөөгө байланыштуу. Бул алардын ыйманы, үммөт жана мамлекет биримдигинин зарылдыгын аңдашы, үммөттү бөлүп-жаруунун жана өлкөнү тытып-жыртуунун харам экенин түшүнүшү менен ишке ашат. Бул — жандарды да, күч-кубатты да арнаган тагдыр чечүүчү маселе.
Түпкү, негизги даба Ислам мамлекетин орнотуу: ыйман жана шариат мамлекети, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети. Ал гана үммөттү сактайт, анын биримдигин коргойт жана Раббисинин шариятын орнотот. Бүгүн бул эң милдеттүү вазыйпалардын бири. Ошондо Пайгамбар ﷺ Муслим риваят кылган Арфажа хадисиндеги сөз ишке ашат:
«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ، يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ، أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ، فَاقْتُلُوهُ».
«Иш-жагдайыңар бир адамдын колунда бириккен кезде, силердин биримдигиңерди бузуп, жамаатыңарды бөлүүнү каалаган адам келсе аны өлтүргүлө».
Ошондой эле Аллах Тааланын жер жүзүндө мураскор кылуу, динди бекемдөө жана коркунучтан кийин амандыкка алмаштыруу тууралуу убадасы ишке ашат. Ал Раббибиз, Илахыбыз жана Жаратуучубуз. Анын убадасы чын, Аллах убадасынан кайтпайт:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾.
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).
Эй Судан мусулмандары! Биз Аллах Тааланын убадасына жана сүйүктүүбүз Мухаммад ﷺ айткан сүйүнчүсүнө ишенебизби?
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Же болбосо Америкага, анын агенттерине жана пландарына моюн сунабызыбы?
Биз, Хизб ут-Тахрирде, Аллах Таала менен бирге болууну, Ага жардам берүүнү, Ага ыйман келтирүүнү жана Пайгамбарынын ﷺ сүйүнчүсү болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин орнотууну тандадык. Андыктан, биз менен бирге болгула! Аллах бизге сөзсүз жардам берет. Аллах Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат. Эй ыйман келтиргендер!» (Мухаммад: 7).
Устаз Мухаммад Жами (Абу Айман)
Роя гезити




