Үммөттүн өз башкаруучуларына унчукпай койгон күнөөлөрү үчүн тообо кылуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Үммөттүн өз башкаруучуларына унчукпай койгон күнөөлөрү үчүн тообо кылуусу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: قال الله تبارك وتعالى: “يا ابن آدم إنك ما دعوتني ورجوتني غفرت لك على ما كان فيك ولا أبالي، يا ابن آدم لو بلغت ذنوبك عنان السماء ثم استغفرتني غفرت لك ولا أبالي، يا ابن آدم إنك لو أتيتني بقراب الأرض خطايا ثم لقيتني لا تشرك بي شيئا لأتيتك بقرابها مغفرة”، رواه الترمذي وصححه ابن القيم وحسنه الألباني
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деп айтканын уктум: Улук Аллах Таала айтты: “Оо, Адам баласы, эгер сен Мага дуба кылып, Менден үмүт кылсаң, мен эч нерсеге карабастан сенде болгон нерсени кечирем. Оо, Адам баласы , эгер сенин күнөөң асмандагы булуттарга жетип, анан Менден кечирим сурасаң, мен эч нерсеге карабастан кечирем. Оо, Адам баласы, эгер сен Мага жер жүзүнчөлүк чоң күнөөлөр менен келсең, анан Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер жүзүнчөлүк чоң кечирим менен келем”. Ат-Тирмизи риваят кылган, Ибн аль-Кайим сахих деген. Альбани хасан деген.
Урматтуу бир туугандар:
Бул хадис улуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа салламдын) эң үмүттү артырган хадистердин бири, анткени анда Алла Тааладан жакшылыкты үмүт кылууга жана мол кечиримдүүлүккө чакыруу бар. Күнөөкөрлөр күнөөлөрдүн жана чектен чыгуулардын көптүгүнөн үмүт үзбөшү, бейишти сурап жана тозоктон кутулууну издөөдө кайдыгерлик кылбашы керектигине чакыруу бар.
قال عليه الصلاة والسلام: “حولها ندندن“
Ал (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Биз анын (бейишти сурап тозоктон кутуулунун) айланасында ызылдайбыз”.
Тактап айтканда, бейишке кирүүнү жана тозоктон кутулууну Аллах Тааладан сурап ызылдайбыз. Кимдин күнөөлөрү көп болсо анын сан санагын билбесе, көп кечирим сурасын.
Айша (радыяллаху анха) айтты: “طوبى لمن وجد في صحيفته استغفارا كثيرا” “Кимде-ким өз китебинен көп истигфар тапкан болсо, ага Туба бейиши”.
Эй мусулмандар:
Бул күндөрдө канчалаган күнөөлөр бар?! Аллахтан кечирим сурап, Анын ыраазылыгын суроого адамдардын канчалык муктаждыгы бар? Бүгүнкү күндө мусулман коомчулугунда саат сайын, ал тургай, мүнөт сайын канча жамандыктар жасалууда?! Кылмышкер акимдери жана акы төлөнүүчү аалымдарынан жапа чеккен бул үммөт үчүн көчөлөрдө жана базарларда, коомдук жана жеке жашоодо, сүткорлук банктарда жана мамлекеттик мекемелерде, кеңселерде, мектептерде, университеттер менен институттарда жана бардык жерде арам иш кылынбаган бир күн да жок. Үммөт башына түшкөн бул жамандыктар негизги маселеден келип чыккан. Ал негизги маселе бул үммөттү китеп жана сүннөт менен башкарган камкор акимдин жоктугу. Жамандыктын бар болушу эң чоң жамандыктын бар болушу менен байланышкан. Ал эң чоң жамандык бул куфр жана анын конституциялары менен башкарган аким. Бул Халифалык кыйратылгандан кийин болгон, анын коргоосу астында мусулмандар он төрт кылым жашап, Куран жана таза сүннөт менен башкарылган. Үммөт бүгүн акылына келип, башкаруучуларына унчукпай койгон күнөөсү үчүн Раббисинен кечирим суроодон башка аргасы жок. Бул кечирим суроо, динди адамдар арасында өкүмдар катары калыбына келтирүү үчүн чын ыкластуу амал кылуучулар менен бирге иш-аракетке өтүшү керек. Аллах Кечиримдүү жана Мээримдүү.
Оо, Аллахым, бизге бытыранды мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн халифат курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 27-жумаади саани.
2025-ж, 18-декабрь.
