Басма сөз

Өзбек режими «Тынчтык кеңеши» шылтоосу астында кылмышка шериктикке кол койду

Басма сөз баянаты

Өзбек режими «Тынчтык кеңеши» шылтоосу астында кылмышка шериктикке кол койду

22-январда АКШ президенти Трамптын чакыруусу менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Швейцариянын Давос шаарында «Тынчтык кеңеши» уюмунун хартиясына  кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу анын кеңешчиси Абдулазиз Камилов «Өзбекстан 24» телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Тынчтык кеңешине кошулуусу, биринчи кезекте, коопсуздук факторлорунун жана демилгенин максаттары өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттары менен шайкеш келишине байланыштуу. Ал Өзбекстандын Жакынкы Чыгыш аймагында «олуттуу жана маанилүү кызыкчылыктары» бар экенин да белгиледи. Ошондой эле «Тынчтык кеңеши» демилгесин колдоого үч негизги фактор таасир эткенин айтты:

Биринчиден, анын коопсуздук тармагындагы улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келиши;

Экинчиден, кеңештин максаттары менен милдеттеринин тышкы саясат принциптерине туура келиши.

Үчүнчүдөн, Жакынкы Чыгышта маанилүү кызыкчылыктардын болушу. Анын айтымында, демилгенин күн тартибиндеги негизги багыттардын бири — Газа тилкесиндеги аскерий жана экономикалык кризисти токтотуу жана жөнгө салуу болуп саналат, ал эми Тынчтык кеңешин түзүү демилгесин АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган. Кеңешчи «маанилүү жана олуттуу кызыкчылыктарды» аймактык, дүйнөлүк жана улуттук коопсуздук менен байланыштырып, Өзбекстандын Жакынкы Чыгышка болгон кызыгуусу экстремизм коркунучунан улам да өсүп жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу биз төмөнкүлөрдү баса белгилейбиз:

Биринчиден: Камилов ыйык Палестина жеринде мусулмандарга каршы яхудий түзүмү жасап келген жана жасап жаткан агрессиялык согушту, мыкаачы геноцидди, зулумду, басмырлоону жана зордук-зомбулукту «аскерий жана экономикалык кризис» деп мүнөздөйт. Чынында болсо бул режим бүгүнкү күнгө чейин яхудий түзүмүн айыптоого да батына алган жок. Бул дагы бир ирет өзбек режими бул түзүмдүн кылмыштарын жаап-жашырып, аларга көз жумуу позициясынан баш тарта электигин далилдейт. Ошондой эле анын «кризисти жөнгө салуу» деген сөзү яхудий түзүмүнүн кылмыштарын жоюуну эмес, тескерисинче, бул кылмышкер түзүмдүн кызыкчылыктарына ылайык багыттоону билдирет.

Экинчиден: Камилов «олуттуу жана маанилүү кызыкчылыктар» деп атаган бардык факторлор өзбек режиминин коопсуздугун жана анын эл аралык аброюн жакшыртууга багытталган. Башкача айтканда, бул маселелердин Өзбекстандагы мусулмандардын кызыкчылыктарына эч кандай тиешеси жок. Анткени алар яхудий түзүмүн жек көрүшөт жана ага болгон жек көрүүсүн социалдык тармактарда болсо да, ачык билдиришет. Өзбек режими жүргүзүп жаткан тышкы саясат бул абалга такыр шайкеш келбейт. Бул болсо режим Америка тарабынан берилчү убактылуу «ишенимге» жана «таасирге» гана умтулуп жатканын билдирет.

Үчүнчүдөн: Камиловдун «аймактык, дүйнөлүк жана улуттук коопсуздук» жана «экстремизм коркунучу» деген жүйөлөр менен өзбек режиминин Жакынкы Чыгышка болгон кызыгуусу өсүп жатканы тууралуу билдирүүлөрү, бул режим мусулмандардын массалык түрдө өлтүрүлүшүнө кайдыгер экенин көрсөтөт. Ал Жакынкы Чыгышта жүрүп жаткан процесстерге, тагыраагы, исламий ойгонуунун күч алышынын жана мусулмандардын арасында Халифалык мамлекетин тикелөө — жашоо же өлүм маселеси деген үстөм пикирдин натыйжасында күтүлүп жаткан глобалдык өзгөрүүлөргө карайт. Муну өзүнүн улуттук коопсуздугуна гана эмес, бүт аймактын жана жалпы дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч катары баалайт. Жөнөкөй айтканда, ал Халифалык мамлекетинин тикелениши анын бийлигинин кулашына, аны менен кошо азыркы бузук эл аралык тартиптин кыйрашына алып келет деп өтө кооптонууда. Ушуну эске алуу менен Мирзиёев жетектеген өзбек режими учурдагы чириген эл аралык тартипти сактап калууга жана өз бийлигинин коопсуздугун камсыздоого, Трамп жетектеген Америка алып барган долбоорлорго кошулуу аркылуу аракеттенүүдө.

Жогоруда айтылгандарга таянып, биз мусулман элибизге кайрылабыз:

Өзбекстандагы мусулмандар! Силерди башкарып турган бул режим силердин кызыкчылыгыңарга жана коопсуздугуңарга эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна кызмат кылган саясатты жүргүзүп жатат. Ошондуктан ал «Тынчтык кеңеши» деп аталган жийиркеничтүү америкалык долбоорго кошулууда. Бул долбоор ыйык Палестинаны яхудийлерден тазалоону четке кагып, тескерисинче, аларды күчтөндүрүп, мусулмандарды жүзү кара кылып калтырууда. Мунун шаръий да, аклий да актоосу жок, өтө кооптуу кадам экенин аңдап түшүнүүбүз керек!

Демек, силердин милдет — өзбек режими жүргүзүп жаткан бул исламий эмес тышкы саясатты четке кагуу жана унчукпай отурбоо. Анткени Аллах Таала силерден бул үчүн сурак кылат! Себеби Газаны, Масжидул Аксаны жана бүт Палестинаны боштондукка чыгаруу Америка сыяктуу колонизаторлордун же башка каапырлардын долбоорлору аркылуу эмес, мусулмандардын армияларынын жалпы жортуулу аркылуу гана ишке ашат. Аллах Таала айтат:

﴿وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُم مِّنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾

“Аларды (Силер менен согушуп жаткандарды) тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди (кууп) чыгарган жайдан (Меккеден) аларды да кууп чыккыла!” (Бакара: 191).

Ал эми өзбек режимине айтаарыбыз: бул кеңешке кошулуу жөн гана тышкы саясаттагы бир кадам эмес, тескерисинче, Газада геноцид азабын тартып жаткан бир туугандарыбызга жана жалпы Ислам үммөтүнө каршы багытталган кастык планга катышуу болуп саналат. Бул — оор кылмышка шерик болуу. Биз Мирзиёев жетектеген бул режимди дагы бир ирет эскертебиз: ыйык Палестинаны жоготуу сыяктуу кылмыштын кесепети бул дүйнөдө да, акыретте да кордуктан башка нерсе болбойт! Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ﴾

“Күнөө жана чектен ашуу жолунда көмөктөш болбогула! Алладан корккула, Албетте Алланын азабы​ катуу!” (Маида: 2).

Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү

26.01.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button