Өзгөртүү: иш-амал жана ага жетүү

Өзгөртүү: иш-амал жана ага жетүү
Суроо: «Өзгөртүү» адам өкүмдарлык кылган чөйрөгө киреби? Эгер ошондой болсо, анда адам өзгөртүүнүн убактысын жана ордун көзөмөлдөй алабы? Эгер узак убакыт өтүп, өзгөрүү болбой калса, аны ишке ашырууга аракет кылгандардын катачылыгын билдиреби? Же болбосо «өзгөртүү» адамдын үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөдөбү? Эгер ошондой болсо, анда төмөнкү улуу аяттын мааниси кандай:
{إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ}
«Аныгында бир коом тээ өздөрүндөгү нерсени өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт» (Раъд: 11).
Жооп: Суроодо айтылган «өзгөртүү» деген сөздөн эгер «өзгөртүү үчүн иш-аракет кылуу» көздөлсө, анда ооба, ал адам өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет. Бул жаатта шарият өкүмдөрү ачык-айкын.
Ал эми «өзгөртүү» дегенде анын ишке ашышы көздөлсө, анда бул туура эмес. Анткени өзгөртүүнүн ишке ашышы — адамдын үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет. Адам амал кылышы мүмкүн, катуу аракет кылып, тынымсыз эмгектениши мүмкүн, бирок каалаган өзгөрүү дароо эле жүзөгө ашпай калышы мүмкүн. Же болбосо ал өзгөрүү ишке ашат, бирок аз же көп убакыт өткөндөн кийин…
Адам өз иши үчүн эсепке тартылуудан мурда өзүн-өзү эсепке алышы керек: кемчиликтерди толуктап, аракетин күчөтүп, тырышып иштеп, бир услубду колдонуп, экинчисин таштап, жүрүм-турумунда кандайдыр бир бүдөмүк нерсе байкалса, аны өзгөртүп, Аллах Таала менен болгон байланышын бекемдеши керек… Мунун баары шарият өкүмүн аткаруу болуп эсептелет. Ал өкүм жамандыктан жакшылыкка, батылдан акыйкатка өзгөртүү үчүн иштөөнүн милдеттүүлүгүн талап кылат.
Ал эми бул өзгөрүүнүн так ишке ашышын, белгилүү бир убакта, мисалы, бүгүн же эртең, белгилүү бир жерде, мисалы, бул жерде же тигил жерде болот деп так кепилдөө адам өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирбейт. Тескерисинче, ал адамдын үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет.
Буга Аллахтын Элчиси ﷺдын сираты жана амалдары далил болот. Чынында эле Аллахтын Элчиси ﷺ га Меккеде пайгамбарлык берилген жана ал жерде он жылдан ашык убакыт иш алып барган. Ошого карабастан, ал жерде өзгөртүү жүзөгө ашкан эмес… Мындай учурда «Аллахтын Элчиси ﷺ өз аракетинде ката кетирди» деп айтуу эч качан мүмкүн эмес. Ошондой эле Аллахтын Элчиси ﷺ өзү уруулардан нусрат сурап, ондон ашык жолу кайрылган. Ошого карабастан, ал уруулар жооп беришкен эмес, өзгөртүү да болгон эмес. Тескерисинче, айрымдары ага жаман жооп кайтарышкан… Бул жерде да Аллахтын Элчиси ﷺ өз аракетинде ката кетирди деп айтууга эч мүмкүн эмес.
Андан кийин ошол бир топ адамдар Меккеге келишти… биринчи жана экинчи Акаба антташуусу болду… Жана Мусъаб رضي الله عنه Мединада бир жыл ичинде жасаган өзгөртүү, Аллахтын Элчиси ﷺ Меккеде жасаган өзгөртүүдөн да ашып түштү. Бирок, Мусъабдын аракети эч качан Аллахтын Элчиси ﷺдын аракети менен салыштырылбайт… Андан соң мамлекет Мединада тикеленип, Меккеде тикеленген жок…
Демек, өзгөртүү үчүн аракет кылуу — ишти мыкты аткаруу, аны кемчиликсиз кылуу, услубдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу, бир нече жерде иш алып баруу — мунун баары адам өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет. Бул үчүн адам жоопкерчилик тартат жана муну олуттуу, тырышчаактык менен аткарышы шарт. Жол узун болобу же кыска болобу, жолдун оордугу анын кайратын кетирбеши керек. Балээ-кыйынчылыктар анын рухун сындырбашы керек, тоскоолдуктар анын чечкиндүүлүгүн алсыратпашы керек. Тескерисинче, ал тик турган бийик тоо сыяктуу, түз жана бекем бойдон калат, акыйкатта тамыр жайган тоолор сыяктуу туруктуу болот. Күнү-түнү ишинин сапаты жана аны мыкты аткаруусу үчүн өзүн-өзү эсепке алып, Аллахка таянып, түн ичинде да, күндүз да Ага дуба кылат. Нусратты тездетүүсүн жана Өз ырайымы менен сыйлашын тилейт…
Ал эми өзгөртүүнүн ишке ашышы биздин үстүбүздөн өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет. Биз аны бүгүн же эртең, бул жерде же тигил жерде ишке ашыра албайбыз. Ошондуктан жол узарып, кыйынчылыктар топтолсо да, үмүтсүздүккө же көңүл чөгүүгө жол берилбеши керек. Тескерисинче, ишти улантабыз, чынчылдыкты, ихласты, олуттуулукту жана тырышчаактыкты карманабыз, услубдарды жакшыртып, кайра-кайра карап чыгабыз… Ал эми Аллах салих пенделерине Өзү камкор болот.
Ошондой эле жолдун узакка созулушу адамдын өзгөртүү үчүн кылган иши сөзсүз түрдө ийгиликсиз же ката дегенди билдирбейт. Анткени Аллахтын Элчиси ﷺ Меккеде өзгөртүү үчүн иш алып барган, бирок аны четке кагышкан. Ал бир нече жолу нусрат сураган, бирок алар да аны кайтарышкан. А түгүл кээ бир кайтаруулары кан төгүү менен коштолгон… Андан соң нусрат Аллахтын Элчиси ﷺ жиберилген Меккеде эмес, Мединада болду… Мындай учурда эч кимге Аллахтын Элчиси ﷺ ийгиликсиз болгон же ката кетирген, же болбосо Мусъаб رضي الله عنه нун ишин андан да мыкты аткарган деген ой келбейт!
Ал эми улуу аят:
{إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ}
«Аныгында бир коом тээ өздөрүндөгү нерсени өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раъд: 11).
— бул шарият өкүмүнө байланыштуу. Анын мааниси: ким көздөгөн өзгөрүүнү кааласа, ал чын дилден, олуттуу, тырышчаактык жана ихлас менен амал кылышы керек. Анткени Аллах Таала өзгөрүүнү жалкоолорго, уктап жаткандарга эмес, чын ихлас, чынчылдык жана тырышчаактык менен иштегендерге гана насип кылат…
Жыйынтык:
- Көздөлгөн өзгөрүү үчүн амал кылуу — фарз жана ал адам өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет.
- Өзгөртүүнүн бүгүн же эртең, бул жерде же тигил жерде ишке ашышы — адамдын үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөгө кирет. Ошондуктан убада кылынган нусрат кечиксе, үмүтсүздүккө түшүүгө же ишти таштоого болбойт.
- Жолдун узакка созулушу сөзсүз түрдө иш алып баргандардын катачылыгын билдирбейт. Тескерисинче, Аллах Таала айткандай:
{إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا}
«Албетте Алла өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон (тактап айтканда, турмушта көрүнө турган ар-бир жакшы-жаман окуя же кубулуш Жалгыз Алла каалаган-белгилеген убакыт жана өлчөөдө пайда болот)». (Талак: 3).
- Аллах Таала өзгөртүүнү жалкоолорго жана уктап жаткандарга эмес, чын ихластуу, чынчыл адамдарга гана берет.
Тавфик берүүчү Жалгыз Аллах Субханаху уа Таала.
6-Рабиул Авваль 1430-х.
2.03.2009-м.




