Басма сөз

Өкмөт жана анын түзүмдөрү үммөт мененби же анын душмандары менен иштейби?!

Басма сөз баянаты

Өкмөт жана анын түзүмдөрү үммөт мененби же анын душмандары менен иштейби?!

Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты Түндүк Кордофан вилаятынын борбору болгон Эль-Убейд шаарындагы чоң мечиттин аянтында иш-чара өткөрдү. Андан кийин, Хизб ут-Тахрир мүчөсү устаз Назир Мухаммад Хусейн 16-январда, жума намазынан соң элге кайрылуу жасаган. Бул иш-чара Халифалык мамлекетинин кулатылганына ай жыл санагы менен 105 жыл толгонуна карата уюштурулуп, ал жерде Халифалык — парздардын таажысы экенин жана аны кайра тикелөө үчүн иш алып баруунун парздыгын катышуучуларга эскерткен.

Андан соң коопсуздук органдары Хизб ут-Тахрирдин төрт жигитин камакка алып, кийин аларды 18-январда, жекшемби күнү бошотушкан. Андан кийин аларды кайрадан 27-январда, шейшемби күнү чакырып, Судандын кылмыш-жаза кодексинин 69-беренеси (коомдук тынчтыкты жана жалпы коопсуздукту бузуу) боюнча иш козгошкон. Алардын адвокаты кепилдикке алып чыгаруу же ишти жабуу боюнча өтүнүч берген, бирок прокуратура жигиттер боюнча кайра тергөө жүргүзүүгө буйрук берген. Кайра тергөөдөн кийин башкы прокуратура аларга каршы дагы үч жаңы берене – 63, 67 жана 126-беренелерди кошуп, аларды он күнгө камакта калтырган.

Биз, Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты, 28-январда “Исламга чакыруу жана аны өкүм кылууга чакыруу коомдук тынчтыкты жана коопсуздукту бузуу болуп калдыбы?!” деген аталыштагы маалыматтык билдирүү чыгарган элек. Анда өкмөт жана анын түзүмдөрүнүн даъват көтөрүүчүлөрүнө карата мындай таң калычтуу жана жат жүрүм-турумун айыптаганбыз! Бирок өкмөт даъват көтөрүүчүлөрүнө каршы күрөшүүнү улантып, аларга Ислам душмандарынын өздөрү да таң кала турган айыптарды тагууда!

Анткени 63-беренеде мындай деп айтылат: “Кимде-ким зомбулук же кылмыштык күч колдонуу жолу менен мамлекеттик бийликке каршы чыгууга чакырса, аны жайылтса же үгүттөсө, ал үч жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратуу, айып пул же экөө менен тең жазаланат”.

67-беренеде мындай деп айтылат: «Беш же андан көп адам катышкан ар кандай топтолууга катышкан адам, эгерде бул топ күч көрсөтсө, же күч колдонсо, же коркутуу же зомбулук пайдаланса, жана анын негизги максаты төмөнкү максаттардын бирине жетүү болсо, башаламандык кылмышын жасаган болуп эсептелет:

а) кандайдыр бир мыйзамдын өкүмдөрүн же мыйзамдык чараны аткарууга каршылык көрсөтүү;

б) мүлктү кылмыштуу жок кылуу, кылмыштуу каршы чыгуу же башка кандайдыр бир кылмыш жасоо;

в) коомдук тынчтыкты бузууга алып келиши мүмкүн болгон ыкма менен кандайдыр бир доомат кылынган укукту ишке ашыруу;

г) кандайдыр бир адамды мыйзам милдеттендирбеген нерсени жасоого мажбурлоо же мыйзам уруксат берген нерсени жасабоого мажбурлоо».

Ал эми 126-беренеде мындай делет: «Кимде-ким бир адамдын, же бир жамааттын же адамдар тобунун өз дининен же ишениминен чыкканын жарыяласа, же ошол адамды же топту коом алдында каапыр деп жарыялап, анын канын адал деп эсептесе, он жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратуу, айып пул же экөө менен тең жазаланат».

Хизб ут-Тахрирди тааныган ар бир адам муну укканда таң калып, таңыркайт. Анткени алар бул партия мабдасы Ислам болгон саясий партия экенин, Исламий жашоону кайра баштоого, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө умтуларын билишет. Ал эч кандай материалдык аракеттерди жасабайт, тескерисинче фикрий жана саясий күрөш жүргүзөт. Бул эч кимден корккондуктан эмес, сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ  үлгү жана өрнөк болгон затка ээрчигендиктен. Ал ﷺ да мамлекет курулганга чейин эч кандай материалдык аракет жасаган эмес. Ошондуктан биз төмөнкү суроону берүүгө толук акылуубуз: бул өкмөт жана анын түзүмдөрү ким менен иштейт?  Өзүнүн тагдыр чечүүчү маселеси болгон Исламды өкүм кылууну, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалык мамлекетин тикелөөнү колдогон үммөт мененби, же Исламга жана анын даъватчыларына каршы күрөшүп жаткан үммөттүн душмандары мененби?! Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِنَّمَا يَفْتَرِى الْكَذِبَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْكَاذِبُونَ﴾

«Жалган сөздөрдү да жалаң Алланын аяттарына ыйман келтирбей турган адамдар гана ойлоп чыгарышат. Дал ошолордун өздөрү жалганчылар». (Нахл: 105).

Ибрахим Усман

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

06.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button