Өнүгүү стратегиясыбы же жеке кызыкчылык стратегиясыбы?

Өнүгүү стратегиясыбы же жеке кызыкчылык стратегиясыбы?
2025-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун каржылоого багытталган насыялык келишимге кол коюлду. Бул салтанаттуу аземге, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев катышты. Келишим үч мамлекет тарабынан түзүлгөн «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсы менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Эксимбанк кирген Кытай Эл Республикасынын банктар синдикатынын ортосунда түзүлдү.
Долбоордун жалпы наркы 4,7 млрд АКШ долларына бааланууда. Анын болжол менен жарымы (2,3 млрд доллар) Кытай тарабынан 35 жылдык мөөнөткө насыя катары берилет. Насыяны төлөө милдети биргелешкен долбоордук компанияга жүктөлөт. Калган каражаттар мамлекеттер тарабынан компаниянын уставдык капиталына киргизилет: Кытай 51%, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан үлүшкө ээ болушат.
Долбоор стратегиялык, техникалык жактан татаал жана эл аралык мааниге ээ иш катары сүрөттөлүүдө. Кыргызстан аймагында темир жолдун узундугу 304 чакырымды түзүп, анын болжол менен 40%ы тоннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөт. Курулушка расмий түрдө 2024-жылдын 27-декабрында үч өлкөнүн президенттери тарабынан старт берилген.
Долбоордун саясий мааниси
Долбоор эң башынан эле аймактык интеграциянын жана Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктүн саясий символу катары калыптанган. Үч мамлекеттин башчыларынын катышуусу, «тарыхый маанилүүлүккө» басым жасоо жана эл аралык масштабды тынымсыз белгилөө, долбоордун саясий салмагын өтө жогорку деңгээлге чыгарууда.
Мындай жагдайда, инфраструктуралык объект экономикалык же инженердик мүнөздөн тышкары, бийликтин тышкы саясий позициясын бекемдөөнүн бир бөлүгүнө айланат. Демек, коомдук талкуулар, шарттарды сын көз караш менен талдоо жана долбоорду ишке ашыруунун альтернативдүү жолдорун карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрү объективдүү түрдө чектелет.
Эң ишенимсиз тарабы – каржылык бөлүк
Долбоордун өзгөчөлүгү – анын каржылык архитектурасы. Каражаттар түздөн-түз мамлекет тарабынан эмес, формалдуу түрдө коммерциялык субъект болуп саналган биргелешкен долбоордук компания аркылуу топтолуп, андан соң сарпталууда. Ошол эле учурда, жогорудагы компания мамлекеттик төгүмдөрдү башкарып, миллиарддаган долларлык кредитти тейлөөдө. Эгер кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, анын кесепеттери сөзсүз түрдө катышуучу мамлекеттерге, андан ары карапайым калктын мойнуна жүктөлөт.
Мындай түзүлүш аркылуу парламенттик жана бюджеттик көзөмөлсүз негизги акча агымдарын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Жоопкерчилик катышуучулардын арасында күңүрт болуп, чечим кабыл алуу жараяндары компаниянын башкаруу чөйрөсүндөгү белгилүү адамдардын колунда гана болот. Коомчулуктун жана көз карандысыз институттардын аралашуусу дээрлик мүмкүн эмес болот.
Башкаруу кимде
51% акциядан турган көзөмөл пакет, Кытай тарапка таандык. Бул долбоордук компаниядагы негизги башкаруу чечимдери бир гана катышуучунун үстөмдүгү менен кабыл алынарын билдирет. Кытай бир эле учурда насыя берүүчү, каржылоочу жана подряддык көйгөйлөрдүн негизги камсыздоочусу катары чыгууда. Демек, кабыл алынып жаткан чечимдердин олуттуу бөлүгүн, тышкы милдеттенмелер жана өнөктөштүктүн шарттары менен актоого мүмкүн. Муну менен бирге, мамлекеттеги кызмат адамдардын отчеттуулугун оорлойт жана натыйжасыз иш алып барууларда жеке жоопкерчиликти аныктоо дээрлик оор болот.
Жыйынтык
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоору ири геосаясий инфраструктуралык демилгелерге мүнөздүү болгон факторлордун бирикмесин жана адаттагы ыкмасын көрсөтүүдө. Тактап айтканда, стратегиялык риторика, татаал каржылык модель, жогорку техникалык күңүрттүк жана башкаруунун чектелген ачыктыгы.
Далилденген мыйзам бузуулар жок болгон учурда да, долбоордун түзүмү өзү олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди жаратууда жана эсеп-кысап деңгээлин төмөндөтүүдө. Андыктан, “бул долбоордо коррупцияга жол берилеби же жокпу” – деген суроо орунсуз болот. Туурасы, “бул долбоордун түзүмү канчалык деңгээлде коррупцияны жашырууга жана жоопко тартылбоого шарт түзүп берет”. Мындай схема, дагы бир жолу мамилелерди түзүүдөгү капиталисттик ыкманын чоң мисалын көрсөтүүдө. Тактап айтканда, “жеке пайда табуу кыялы” аймактын келечегин күрөөгө коюуга барабар жол аркылуу камсыздалууда. Андыктан, саналуу пайдапарас топтордун байышы, кийин бүтүндөй элдин мойнуна жүктөлө турган кутулгус карызга жана тобокелдикке себеп болот.
Латыфул Расых


